Министрлик кызматка Акунбеков менен Осмоновдун талапкерлиги жактырылды

Сүрөттүн булагы, Screenshot
25-февралдагы пленардык жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу Эрлист Акунбековдун жана Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамирбек Осмоновдун талапкерлигин карап, бир добуштан макулдугун берди.
Буга чейин Акунбеков менен Осмоновдун талапкерликтери профилдик эки - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, колдоо тапкан.
43 жаштагы Эрлист Акунбеков коомчулукта агрардык тармактын өкүлү катары белгилүү. 2011-жылдан тарта "Ремстроймост" жана "ATS-Group" компанияларында аткаруучу директору кызматын аркалаган. "Кыргызстандын жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясынын" төрагасы катары да белгилүү.
44 жаштагы Дамирбек Осмонов дарыгер-кардиолог, Түркиянын Анкара шаарындагы Хажеттепе университетинин медицина факультетин аяктаган. Ачык булактарда эмгек жолун Стамбулдагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы госпиталында баштаганы айтылат. 2016-жылдан бери "Бикард" кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери.
Кыргызстанда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кеткенинен кийин башталган кадрдык алмашуулар уланууда. Февралда кыргыз өкмөтүндө жана парламентинде жыйырмадан ашык кызматынан чегинип же бошотулду.




























