Өзбек жараны АКШнын санкциялык тизмесине киргизилди

Өзбек жараны АКШнын санкциялык тизмесине киргизилди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Өзбекстандык Азизжон Мамашоев жана анын Бириккен Араб Эмираттарына катталган Advanced SecuritySolution компаниясы АКШнын санкциялар боюнча жаңыртылган тизмесине илинди. Бул тууралуу Кошмо штаттарынын Каржы министрлигинин сайтында айтылат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Мамашоев жана анын үч орус өнөктөшү АКШнын коргоонуу тармагы үчүн гана колдонулчу эксплойтторду (программалык курал) мыйзамсыз сатууга тийиштиги бар деп шектелип жатат.

Эксплойт бул - IT термини, аны программалык камсыздоосу начар корголгон электрондук каражаттардан маалыматты уруксаты жок алууга, уурдоого колдонушат.

Өзбек жараны үч орус өнөктөшү менен (Сергей Зеленюк, Олег Кучеров жана Марина Васанович) америкалык "zero-day" эксплойтторун уурдоого жана мыйзамсыз сатууга аралашканы айтылууда. АКШ бийлигинин маалыматы боюнча бул кибер куралдар башка жактарга соодаланып, Кошмо Штаттарынын улуттук коопсуздук жана экономикалык кызыкчылыктарына кооптулук жараткан.

Санкцияларга Азизжон Мамашоевге тийиштүү Advanced SecuritySolution компаниясынан тышкары эки орус компаниясы - Орусияда катталган Matrix жана БАЭде катталган Special Technology Services да илинди.

АКШнын кезектеги санкциялык тизмесинде Кыргызстандын жарандары же компаниялары аталган жок.