Сулаймановдун ордуна Дүйшөнбиев, Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна Нышанов депутаттык мандат алды

Райимберди Дүйшөнбиев (солдо) жана Жайлообай Нышанов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Райимберди Дүйшөнбиев (солдо) жана Жайлообай Нышанов
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-февралда Райимберди Дүйшөнбиевди №14 шайлоо округунан, ал эми Жайлообай Нышановду №15 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.

Бул округдардагы мандаттар эл өкүлдөрү Кундузбек Сулайманов менен Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоолору менен парламенттен кетүү тууралуу арыз жазып бергенден кийин бошогон.

Кундузбек Сулаймановдун ордуна мандат алган Райимберди Дүйшөнбиев аскер адамы катары белгилүү. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы кызматтарын аркалаган. Ал эми Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна келген Жайлообай Нышанов – ишкер, 2022-жылы "Манас" ачык акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси болгон? 2024-жылы Жалал-Абад аэропортунун башчысы болуп иштеген.

Кундузбек Сулайманов ушул жумада , ал эми Нурланбек Тургунбек уулу өткөн жумада каалоолору менен депутаттыктан кетип жатканын жарыялашкан. Сулайманов мандатын тапшырганы тууралуу 23-февралда Фейсбуктагы жеке баракчасында түшүндүрмө берди.

"Акыркы күндөрү, өзгөчө ыйык Орозо айында, социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, эки жаат болуп талаш-тартыштар жаралганын көрдүм. Мен үчүн эң башкысы - элдин ынтымагы жана мамлекеттин тынчтыгы. Мандат менин абийиримден, беделимден жана элдин биримдигинен жогору турбайт. Коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотууну туура көрдүм", - делет ал билдирүүдө.

22-февралда интернетте Кундузбек Сулайманов менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Курсантбек Өмүрбековдун сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Кундузбек Сулаймановдун мандат маселеси өткөн жумада эле талкууга түшкөн. Бирок ал 18-февралда Би-Би-Сиге берген маегинде депутаттыктан кетүү ниети жоктугун кескин билдирген.

Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын 19-февралда өзүнүн Фейсбукка жазган кайрылуусунда билдирген.

Анда ал акыркы күндөрү саясий чөйрөдө өзүнүн дарегине айтылып жаткан маалыматтарга токтолуп, айыптоолорду четке какты:

"Касиеттүү Орозонун күнүндө жана Кудай алдында ачык айтайын, мен эч бир интригаларга, айрыкча, жетимиш беш ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашкан эмесмин! Коомдо терс пикир жараткан кат Түркияга сапар тартып жаткан чагымда ММКларга жарыяланды. Тагыраагы, мен ошондо билдим", - деп белгиледи ал.

Мандатты тапшыруунун башкы себеби катары мурдагы төрага ден соолугуна байланыштуу маселелерди атады. Ал мындан ары саясаттан алыстап, дарылануу жана жеке иштери менен алектенүү ниетин билдирди.

Кундузбек Сулайманов менен Нурланбек Тургунбек уулуна чейин депутат Элдар Сулайманов да мандаты тапшырган.