"Шылуундарга алданып, эки бөлмөлүү батиримди саттым"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
60 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Назгүл Барпиева (аты өзгөртүлдү) шылуундарга алданып, шаардын чок ортосундагы эки бөлмөлүү батирин арзан баага сатып жиберген. Ал телефондо балдары менен жазышып отурганда, ага өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерибиз деп, тааныштырып чалган адамдар анын жоопко тартылып калуусу мүмкүн экенин айтып, тузакка илишкен.
"Мен тергөөчүмүн. Сен чет өлкөгө бир жолу 230 миң, бир жолу 300 миң которуптурсуң. УКМК сени айыптап жатат. Террористтик топту акча менен камсыздаптырсың. Сен 3-4 статья менен күнөөлүү болуп жатасың" деп айтышты. Ошондо мен коркуп, эмне кыларымды билбей калдым. Мага бир кагазды көрсөтүштү, эмне кылам деп, келмем оозуман түшүп калды".
Назгүл айтылып жаткан акчалар кызы чет жакка окууга кетер алдында визага тапшыруу үчүн анын эсебине салынган каражаттар болгонун айтты.
"Буга чейин кызым чет өлкөгө окууга өтүп, анан ошонун визасына документ даярдап жүргөнбүз. Анан менин эсебиме төрт жолу чоң өлчөмдөгү акчалар которулган. Бир банк кызматкеринен да акча алып, ал жакка күрөөгө паспортумду таштагам. Кийин УКМКдан деп жазып жаткандар менин паспортумдагы маалыматтарды салып жатышкан."
Андан соң шылуундар Назгүлдү кызматташууга чакырып, ага жардам берерин айтышкан. Кылмыш жоопкерчилигине тартылып калуудан корккон Назгүл баарына макул болуп, алардын эч кимге айтпа деген буйругун да так аткарган.
"Баш-аягы 5-6 киши вотсаптан чалып-жазып жатышты. Анан: "Сага жардам беребиз. Уюшкан кылмыштуу топтор ушинтип жай тургундардан акча алып жатышат. Аларды кармаганга сен бизге жардамдаш" деп айтышты. Анан мен өзүмдүн күнөөлүү болуп жатканымды ойлоп, аргасыз макул болдум. "Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул тууралуу эч кимге айтпа, туугандарга, балдарга, эч кимге үн катпа дешти".
"УКМКга барганда, алданганымды түшүндүм"
Телефон шылуундары ошентип Назгүл менен он күн бою байланышта болуп, акыры үйүн саттырууга көндүрүшкөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Макул болуп, айтканы боюнча риелтор келди. Үйдү сатып ала турган кишини да ээрчитип келиптир. Мамлекеттик каттоого барып, шылуундарды кармайт го деп отурсам, эч нерсе болгон жок. Үйдү саттым, сатып алган киши үйгө жеткирип койду. Анан ал кетери менен тигилер чалып, акчаны "Азия Моллго" алып барып, банктагы кутучага сал дешти. Анан мен барып, карасам эле телефонум үйдө калып калыптыр. Күтүп турдум, тигил аял келген жок. 100 миң долларды сомго алмаштырып, ячейкага салмакпыз. Анан үйгө кете берейин дедим. Аялдамада турсам, маңдайымда УКМКнын имараты туруптур. Мен дароо барып, "Замира Кулматова деген аял барбы, мен ага жолугат элем" деп сурадым. Кызматкер жакта андай адам иштебесин айтып, "Эмне кылат элеңер" дегенде "Менде үйдү саткандагы акча бар, ошону ячейкага салмакпыз" десем, ал дароо эле "Сиз эмнеге өзүңүздүн үйдүн акчасын бироого салганы жатасыз. Сизди алдашыптыр, арыз калтырыңыз, акчаны бекитиңиз, эч кимге бербеңиз" деди".
Ошентип, Назгүлдү үйдө калып калган телефонун сактап, акчаны шылуундарга бербей, колунда калды. Алдамчылар ага кайра кайра телефон чалып, "сенин артыңдан адамдар аңдып жүрүшөт. Өзүң бербесең, алып кетебиз" деп коркутушкан. Ошондо гана Назгүл туугандарына айтып, жардам сураган.
"Анан мен коркуп, инилеримди, эжелеримди чакырттым. Алар келип, милицияга чалдык. Милициянын балдары келип, арызымды алышты. Ал күнү түнөгөн жокпуз үйгө, корктук. Анан тергөө башталды. Бирок, акча колумда калды. Мен УКМКга баргандан кийин алданганымды түшүндүм".
"145 миң долларлык үйдү 100 миң долларга сатып жибердим"
Назгүлдүн айтуусунда, базар баасы боюнча 145 миң доллар турган үйдү 100 миң долларга гана сатып жиберген. Ал эми үйдү кайтарып алыш үчүн сатып алган адамга абалды түшүндүрүп, 100 миң доллардын үстүнө дагы акча кошуп беришкен экен.
"Эч кимге айтпа десе, эч кимге айта алган жокмун. Балдарым менен телефондо сүйлөшөм, айтпадым, курбуларым менен сүйлөштүм, ага да айтпадым. Булар мени гипноз кылып алгандай болду да. Кызыма да айталган жокмун. Себеби алар мени коркутушкан да, "телефонун тыңшоодо турат, эч кимге айтпа" дешкен. Тигилер мени ушунчалык ишендиришкен. Борбор шаардын чок ортосундагы эки бөлмөлүү батирдин базар баасы 145 миң доллар экен, мен 100 миңге саттым. Мен өзүмдү психикалык жактан өтө жаман сезип жаттым. Бирок балдар уйду сатып алган киши менен сүйлөшүп, ал киши да силердин көз жашынарды агызып коюп бякта жашай албайм деди. Милиция болсо өзүңөр чечишип алгыла деди. Анан балдарым тиги киши менен сүйлөшүп, үстүнө акча кошуп берип, үйүбүздү кайтарып алдык. "
Назгүл өзүнүн ишенчээктигинен, жеке маалыматтарды чоочун адамдарга бергендигинен ушул окуяга туш болдум эсептейт.
"Мен өзүмдүн мүнөзүмөн көрөм. Ичимде кирим жок эле баарын өзүмдөй көрүп, ишене берем. Өзүм жөнүндөгү маалыматтарды да айтып койдумбу дейм да. Үйдө ким бар, жанында ким бар, эч кимге айтпа, балдар кайда десе, кызым сабакка кетти, үйдө эч ким жок деп баарын айтып бергем да. Ошол, элдин баарына эле ишене бербеш керек экен. Мен ошону түшүндүм".
Ички иштер министрлиги өзүн УКМК, ИИМ же банк кызматкеримин деп тааныштырган телефон чалгандардан сак болууга, жеке маалыматтарды бербөөгө чакырып келет.
2024-жылы өлкөдө IT- технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 796сынын гана бети ачылган.
ИИМ 2024-жылы шылуундар телефон аркылуу эле кишилердин 904 миллион сомго жакын акчасын тоноп кетишкенин кабарлаган.
































