Киберкылмыш: банктар шылуундар уурдаган акчаны кардарга кайтарып берүүгө милдеттендирилет
Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улуттук банк коммерциялык банктарды антифрод системасын орнотууга милдеттендирет. Бул система күмөндүү акча которууларга бөгөт коюуга жардам берет. Тишелүү токтом долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, эгер банктар киберкылмыштан коргоонуу саясатын иштеп чыкпаса, анда алар шылуундар уурдап кеткен каражатты кардарларга кайтарып берүүгө мажбур болот.
Кыргызстанда дагы барган сайын киберкылмыштар көбөйүп, миллиондогон каражатынан, үй-жайынан ажырап калгандар четтен чыгууда. Укук коргоо кызматкерлери кылмыштуу топтордун уюштуруучулары өлкө тышында иш алып барышарын, аларды кармоо кыйын деп келишет.
Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы Мээрим Ташыбекова былтыр шылуундардын тузагына илинип, 800 миң сомдон ашуун чыгым тартканын жарыялаган.
Журналисттин окуясы коомчулук арасында талкуу жараткандан кийин аны алдап кетти деген шылуундардын бири кармалган. Бирок ал Мээрим Ташыбекованын чыгымдарын толук төлөп берген жок.
"Баланын ата-энеси менен дагы, өзү менен дагы жолуктум. Ал жигит өзү дагы башка шылуундарга алданып калганын айтып жатат. Жалпысынан 500 миң сом төлөп берерин айткан. Алган насыяларымдын үстөгү өсүп жаткандыктан, ага тосмо арыз жазып берип, ал үй камагына чыкты. Себеби жакындары "ал өзү камактан чыкпаса акчаны төлөп бере албайбыз" деп айтышты. Биринчи 150 миң сомдук насыямды жаап берди. Андан соң 100 миң сом которду. Азыр калган насыяларымды төлөө үчүн ай сайын 10 миң сомдон берип жатат. Ошол күндөн бери үч насыямды жаптым. Бирин элдин: кесиптештерим, классташтарым, группалаштарым, анан жөн эле интернеттен окуп жардам бергендердин жардамы менен төлөдүм. Жалпысынан 100 миңдей акча чогулган. Азыр эки банкка карызмын. Ошол акчаны төлөп жатам", – дейт Мээрим Ташыбекова.
Мээрим Ташыбекованын айтымында, аны трансулуттук киберкылмыштуу топ алдап кеткен.
"Кармалган шектүүгө Москвадагы шылуундар кайрылган экен. Мурдагы эски тааныштары окшойт. "Сен эсеп ача ала турган киши таап берсең, банктагы ар бир эсеп үчүн 100 доллардан төлөп беребиз" деп азгырышкан экен. Ал эки баланын атынан эсеп ачтырган. Мен жалпысынан төрт балага акча которгом. Берки эки эсепти ачтырган киши табылбай жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мага шылуундар Москвадан чалышыптыр. Мени алдап кеткендер жалаң мугалимдерди бутага алчу экен. Мен мугалимдердин арасына кантип кирип калганымды билбейм. Тергөөчүлөр Москвага өтүнүч жөнөттүк деп жатышат. Бирок азыркыга чейин башкы уюштуруучулар кармала элек".
Технологиянын өнүгүшү менен интернет шылуундардын ишмердиги бир эле Кыргызстанда эмес, бардык өлкөдө кулач жаюуда.
Маселен, Орусияда былтыр 765 миң IT-кылмыш катталган, анын жарымы – алдамчылык. Ар бир төртүнчү жабырлануучу – пенсионер.
Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев Союздук мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин биргелешкен коллегиясы учурунда билдирди.
Ал киберкылмыштуулук көбөйүп жатканын жана IT-шылуундук менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын маанилүү экенин айтты.
"Жалпы аракеттин негизинде кылмыштуу топтордун 70тен ашык мүчөсү, анын ичинде уюштуруучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Алар Орусия, Беларус жана Кыргызстандын аймактарында жасалган 140тай кылмышка катышканы далилденди", – деген Орусиянын ИИМ башчысы Владимир Колокольцев.
Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин алдында киберкылмыштуулукка каршы атайын бөлүм ачылган. Интернет шылуундардын саны кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу кызматкерлеринин саны көбөйтүлүп, былтыр ал башкармалык болуп кайра түзүлгөн.
"Жыл башынан бери киберкылмыштуулукка шектелген алты топ кармалды. Ар бир топтун ондон кем эмес мүчөсү бар. Негизинен бул топтордун уюштуруучулары чет мамлекеттерде, бизде аткаруучулар гана бар. Вирталдуу казино, вирталдуу оюн-зоок, дропперлик (уурдалган каражатты шылуундарга сыйакы үчүн нак түрдө чыгарып берүүгө көмөктөшкөн адам –ред.) үчүн кармалгандар бар. Азыр кылмыштын мүнөзү өзгөрдү. Мурда "балаңды унаа сүзүп кетти, ооруканага жатып калды, тез акча котор" деп алдап, акча алышса, азыр өзүн күч түзүм кызматкерлери катары тааныштырып, элдин акчасын коркутуп-үркүтүү жолу менен алып жатышат", – деди ИИМдин киберкылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери Руслан Сатыбалдиев.
Милициянынын полковниги интернет шылуундарды колго түшүрүү кыйын экенин мойнуна алат.
Ал киберкылмыштуулукка каршы күрөштө алдын алуу иштерине артыкчылык берилип жатканын белгилейт. Айтымында, элдин сабаттуулугун арттыруу үчүн мамлекеттик-мекеме ишканалардын кызматкерлери үчүн лекцияларды өтүшүп, шылуундардын торуна илинип калбоо үчүн кеп-кеңештерин беришүүдө.
Башкармалык апрель айында cybertor.kg деген аталыштагы Инстаграм баракча да ачкан. Ушул тапта колдонуучулары 13 миңден ашты. Бул баракча аркылуу да элге маалымат таратып жатышат.
Бул арада Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Банк жана интернет чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыкты.
Документ 26-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде каралды. Медер Алиев Кыргызстандагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири киберкылмыштуулук болуп жатканын, ошондуктан министрлер кабинети менен Улуттук банк кырдаалды көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи:
"Токтомдо банк чөйрөсүндө кылмыштарга ырааттуу түрдө талдоо жүргүзүү, банк чөйрөсүндөгү кылмыштардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу, банк кылмыштарын жасаган жактардын жоопкерчилигин күчтөтүү жагы каралган. Коммерциялык банктар киберкылмыштарга көңүл бурбай жатышат, кызыкчылык жок. Алар кандай болгон күндө да зыян тартышпайт. Ошондуктан Улуттук банк жеке банктардын жоопкерчилигин күчөтүшү керек".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улуттук банктын аракети
Киберкылмышка каршы күрөшүү үчүн Улуттук банк да кескин чара көрүүгө бел байлап жатат.
Маселен, банктар кардарларына шылуундар уурдап кеткен каражатты төлөп берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн.
Улуттук банк коммерциялык банктарды антифрод (алдамчылык менен күрөшүү) системасын ишке киргизүүгө чакырууда. Токтомдун долбоорун 22-майда коомдук талкууга чыгарылган.
Документ кабыл алынса, ар бир онлайн- транзакциянын тобокелдиги автоматтык түрдө текшерилет. Эгерде төлөм шектүү көрүнсө, ал убактылуу токтотулат. Эгер банк алдамчылыкка көз жуумп койсо, ал кардарга акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү болот.
Мурдараак киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.
Мыйзам долбоору банктык картаны, эсепти, электрондук капчыкты, мобилдик банкингди, SIM-картаны же башка каржы реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүгө же сатууга жол бербөө максатында демилгеленгени айтылган.
Документ дропперлерди өзүнчө кылмыш жоопкерчилигине тартуу, кибер кылмыштардан жабыр тарткандардын кызыкчылыктарын коргоо жана каржы коопсуздугун чыңдоо, териштирүү жана далилдөө жараянын жөнөкөйлөтүү милдетин көздөйт.
Былтыр өлкөдө IT- технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 796сынын гана бети ачылган.
ИИМ 2024-жылы шылуундар телефон аркылуу эле кишилердин 904 миллион сомго жакын акчасын тоноп кетишкенин кабарлаган.












