Шайтанды да алдап кетчүдөй. Алдамчыга миллионун алдырган Айжаркын
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, ULUTTUK BANK
Жакында эле ичпей-жебей алдамчыларга акчасын алдырып жиберген аял айлансын таппай турган чагы. Анын өтүнүчү менен атын Айжаркын деп койдук.
Чөнтөгүмдү кагып кеткен шылуундарды ким, кантип кармап бере алат деп башы маң.
Окуянын чоо-жайын башынан баяндап берели. 10-октябрь күнү Айжаркынга белгисиз номерден бирөө телефон чалган экен.
Атын эле эмес фамилиясына чейин так атап, өзүн УКМКнын тергөөчүсү деп тааныштырган.
“Эмне болуп кетти деп жүрөгүм болк дейт түштү. Иним бир балаага кабылдыбы деп дагы ойлоп кеттим”,- деди Айжаркын.
Көрсө ага чалган киши атайын кызматтын өкүлү эмес эле телефон аркылуу ар кимдин акчасын тоноп келген шылуундардын бири экен. Орус тилинде абдан ынандыра сүйлөп, бир аял Айжаркындын атынан насыя алганы жатканын айтып, тезинен алдын алуу керектигин эскертет.
“Ал аялда менин атымдан жазылган ишеним кат, паспортумдун жана башка документтеримдин көчүрмөсү бар экенин айтты. Аны колдонуп менин атымдан 1,5 миллион сомго насыя алып жатат деп коркутту. Чочуп кетип эч кимге андай документ берген эмесмин дедим. Алдамчылар көбөйүп жатканын айтып, менин документтерим кантип ал аялдын колуна тийип калышы мүмкүн деп сурады. Телефонуңду жоготтуң беле же кадай болду эле деп кудум эле тергөөчүдөй такыды. Мен абдан ишенип калдым”,- деди ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошентип Айжаркынды ынандыргандан кийин шылуун акырындык менен анын банк эсептерин сураганга өткөн. Шек санабаган Айжаркын кайсыл банкта кандай эсеби бар, анда канча сумма сакталганын төкпөй-чачпай айтып берген.
Бирок ал ипотекага үй алам деп депозитке сактап койгон 100 миң сому тууралуу үн каткан эмес.
Алдамчылар жоромолдоп жатып анын дагы шегин билип калган жана ал каражатты дагы чыгарып кеткени жатат деп коркутушкан.
Өзүнө тиешелүү маалыматты чогултуп алган соң шылуун Улуттук банктын кызматкери менен байланыштырам деп эч шек алдырбай туруп экинчи линияга туташтырган. Ал жактан дагы өтө ишенимдүү сүйлөгөн эркек киши кадимки банк кызматкери сыяктуу аты-жөнүнөн бери тааныштырып, атүгүл табель номеринен бери айткан.
Сиздин акчаларыңызды коопсуз сактоо үчүн аягына чейин жардам берем деп бал тилге салган.
“Улуттук банк шылуундарга каршы ушундай иш-чараларды жүргүзүп жатат. Эгер кылмышкерлерди кармоого жардам берсеңиз сизге 50-60 миң сом акча сый акы катары берилет дешти. Бирок мен ага деле кызыккан жокмун. Башкысы колумдагы каражатты сактап калайын жана кылмышкерлер кармалсын деп гана ойлоп жаттым”,- деди Айжаркын ыйламсырап.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экөө менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин үчүнчүсү байланышкан. Ал дагы өзүн атайын кызматтын тергөөчүсү катары тааныштырган аял киши болгон.
Ал Улуттук банктын документи деген кагаз жиберип, таанышып чыгуусун өтүнгөн.
“Кагазды карап анын жасалма документ экенин айырмалай албайсың. Логотип, мөөр, атүгүл төрага орун басарынын колунан бери окшош экен. Мунун баарын көрүп туруп кантип ишенбейм?”,- деди ал.
Мына ушул документти көрсөткөндөн кийин алар четинин Айжаркындын акчасын алганга киришкен.
Коопсуз транзиттик эсеп деген номерди көрсөтүп, анын депозитте сактап жүргөн акчасын, андан тышкары банк картасындагы күнүмдүк баскан -турганга деген каражатын котортуп алган.
Кызыктын баары ушундан кийин башталган. Алар табылган сумманы эле алып тим болгон эмес.
“Сенин атыңдан насыя алабыз деп тогуз банкка арыз берилген экен. Алардан мурда өзүң насыя алып аны жаап салсаң кылмышкерлердин жолу бөгөлөт дешти”,- деп айтып берди.
Операциянын кызыкчылыгы үчүн бул маалыматты жашыруун сактоону өтүнгөн. Атүгүл коммерциялык банктарда кылмыштуу топтордун кишилери бар экенин айтып, аларды аныктоого жардам бер деп дагы суранып жиберишкен.
“Эгер бул операция ачыкталып кете турган болсо мамлекет сенин акчаң үчүн жоопкерчилик ала албайт. Атүгүл ата-эне, бир туугандарыңа дагы айтпа деген”,- деп кейиди Айжаркын.
Алар Айжаркынга кайсыл банкка барып, кандай сүйлөш керектигине чейин кылдат үйрөтушкөн.
Ишенип алган жабырлануучу айрым банк кызматкерлеринен күмөн санаган учурлары дагы болгон экен.
Шылуундар Айжаркын менен 24 саат бою байланышта болууга даяр экенин айтып, атүгүл банкка кирип жатканда дагы телефон чалууну өчүрбө дешкен.
Банк кызматкерлери аны кандай тейлеп жатканы, кылган мамилеси тууралуу кабардар болуп турушу керек экенин айтышкан.
“Насыя алууга тоскоолдук кылдыбы же жокпу билишибиз керек. Анткени насыя албай калышыңа алар дагы кызыкдар. Эгер кылмышкерлер сенин атыңдан акча алып кетсе булар өз үлүшүн алышат. Арасында сен тууралуу маалымат берип турган бирөө-жарым болушу толук ыктымал. Кыймыл аракетине аябай жакшы көңүл бур деди”,- дейт Айжаркын.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошентип олтуруп ал беш-алты банктан ар кандай суммада насыя алып тигилердин эсебине өз колу менен которо берген. Ал атын жамынып насыя алгандардын жолун тороп жатам деп ойлогон.
Улам насыясы көбөйгөн сайын көп банктар акча берүүдөн баш тартып күрөө сурай баштаган.
Алдамчылардын тузагына илинип калбайын деген ой менен Айжаркын үйүндөгү тиричилик техникаларын, көтөрүп жүргөн телефонунан бери күрөөгө коюп салган.
Айтымында абдан көп банкка кайрылган. 150-200 миңден алып отуруп жалпы сумма 800 миң сомго чыккан.
“Соңку барган банк 800 миң сом карызым бар экенин айтып, эми бир дагы банк насыя бербейт деди. Тигилерге байланышып, алган кредитим четинен жабылат дедиңер эле андай болбоптур го? деп сурадым. Алар бир аз убакыт керек, база жаңыланбай жатат дешти. Ишенип калдым”,- деди Айжаркын.
Шылуундар алдап отуруп акыры зер буюмдарына чейин жеткен. Ошондо гана Айжаркын алданып калганын сезип, укук коргоо органдарына кайрылган.
Бирок ал шылуундарга шек билгизбей дале байланышта болуп жатканын айтат. Ошого жараша укук коргоо органдары дагы ыкчам чара көрүп берсе жакшы болмок дейт:
“Арыз аябай жай каралып жатат. Алар тиешелүү бөлүмгө жолдогуча кылмышкерлер куйругун түйүп кетсе кандай болот? Мен калган акчаны ана-котором, мына-котором деп аларды алдап-соолап жатам. Мүмкүн биз сүйлөшүп жатканда алардын изине түшүү оңой болмок беле деп ойлоп жатам”,- деди Айжаркын.
ИИМ эмне дейт?
Телефон аркылуу элди алдап жан баккан шылуундар маселеси парламентте дагы көтөрүлдү. 17-октябрда бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берди.
Министрдин орун басары Нурбек Абдиев быйыл эле жарандар 903 млн 826 миң сомду алдамчыларга алдырып жибергенин айтты. Бул сумманын 400 млн сомдон ашыгы кайтарылганын кошумчалады.
Айтымында, жаңы технологияны колдонуп шылуундук кылгандардын саны өсүүдө.
Алар чет мамлекетте отуруп алып, "Симбокс" аппараты аркылуу жергиликтүү уюлдук байланышка кошулуп жатат.
Жакында эле ошондой топтун мүчөлөрү кармалып, иш териштирилип жатканын кошумчалады.
Жыйында жасалма документ менен башка бирөөнүн атынан онлайн насыя алгандар дагы болуп жатканы айтылды.
Айрым депутаттар онлайн насыя берүүнү токтотуу жана сим-карта сатып алганда дароо каттагандан кийин гана ишке киргизүү сунуштарын берди.
ИИМ алдамчылыктын түрлөрү күчөгөнүн эскертип, күн алыс эле өтө этият болууга, күмөндүү шилтемелерди басып жиберүүдөн, таратуудан этият болууга чакырууда.
Амалы ашынган алдамчылар айрым учурда керек болсо милициянын өзүнүн атын сатып, түркүн-айла амлады колдонуп жаткан чагы.











