Дубайдагы банкты 242 млн. долларга сызга отургузуп кеткен “сыйкырчы”

Foutanga Babani Sissoko

Сүрөттүн булагы, Miami Herald

1995-жылы августта Фоутанга Бабани Сиссоко Дубайда жайгашкан Ислам банкынын кеңсесине кирип, авто унаа сатып алуу үчүн насыя сураган. Ага насыя берүүгө макулдук беришти. Сиссоко ыраазычылык билдирүү үчүн банк кызматкерин кечки сый тамакка чакырган.

"Бул дүйнөдөгү эң ири алдамчылыктын, сөз менен кишилерди тузакка илген көз боёмочулуктун башталышы болгон",- дейт Би-Би-Си кабарчысы Бриджит Шеффер. Шеффер бул окуяны иликтеген журналист.

Кечки сый тамак учурунда Сиссоко магиялык касиети бар экенин айтып, банк менеджери Мохаммед Аюбдун оозун ачырат. Маселен, бар акчанын суммасын эки эсе көбөйтө ала турганын айткан. Эгер банк кызматкери кийинки ирет акча менен келсе, магиялык өнөрүн көрсөтүп берем деп убада кылган.

Кара магия исламда чоң күнөө эсептелип, мусулмандардын көпчүлүгү буга ишенбейт. Бирок Малинин алыскы кыштагынан келген бул сырдуу кишиге банк кызматкери Аюб ишенип калды.

Мохаммед Аюб экинчи жолу Сиссокого конокко келгенде, анысы бөлмөсүнөн аткан октой учуп чыгып, азыр эле ага жиндер кол салганын айтат.

Жиндин ачуусуна тийбеш үчүн Аюбду эч кандай кыймыл-аракет жасабоого чакырат. Мохаммед Аюб акчаны бөлмөгө калтырган. Анын айтып бергенине караганда, бөлмөдөн түстүү жарыктар көрүнүп турду, түтүн жана арбактардын үнүн уккан. Андан кийин жымжырт болуп калды. Бөлмөгө кайра киргенде алып келген акчасы эки эсе көбөйгөнүн көргөн.

"Ал мунун баары кара магиянын касиети менен болду деп бекем ишенген. Сиссоко чындап эле акчаны эки эсеге көбөйтө алат экен деп ынанып калган",- дейт бул ишти иликтөөгө алган майамилик юрист Алан Файн. Дубайдын банкы юристти атайын ушул окуяны иликтеш үчүн жалдап алганын эскерте кетели.

"Ишенгени үчүн Аюб банк аркылуу Сиссокого акча жөнөтүп, эки эсе көбөйтүп артка кайтарат",- деп күтүп жүргөн деп кошумчалады Алан Файн.

1995-1998-жылдар аралыгында Аюб 183 ирет Сиссоконун атына ачылган бир нече банк эсептерине акча которот. Ошондой эле банк Сиссоконун атына чоң каражатка насыя картасын ачкан. Кеп бул жерде миллиондогон долларлар тууралуу жүрүп жатат, деди Алан Файн.

"1998-жылы Дубайда жашагамын. Дубайдын Ислам банкы олуттуу көйгөйгө туш болуп жатыптыр деген каңшаар мага да жеткен эле,- деп эскерет Бриджит Шеффер. - Жалпыга маалымдоо каражаттары банкта маселе болуп жатканы тууралуу жазганда, кардарлары банк алдына топтолуп, акчаларын накталай чыгарып кетүүгө аракет кылышкан".

Исламский банк Дубая

Бирок эмираттардын бийлиги банк учураган кризистин масштабын кичирейтип көрсөтүүгө аракет кылды. Болуп жаткан окуяларды "убактылуу кыйынчылык, эч кандай каржылык жоготуулар жок, инвестицияга, кардарлардын депозитине тескери таасирин тийгизбейт" деп эл арасындагы каңшаар кептерди басууга далалат жасаган.

Бул жооткотуулар чыныгы абалдан алда канча алыс эле.

Сыйкырчыбы же алдамчыбы?

"Банктын ээлери үчүн бул дендароо кыла турган сокку болду. Бийликтин жардамы жана кийлигишүүсү менен гана банкты сактап калууга мүмкүн болгон. Бирок көп каражат сарпташты",- дейт Файн.

Бул учурда "касиеттүү сыйкырчы" Фоутанга Бабани Сиссоко каякта эле?

Ал абдан алыс жерде болчу.

1995-жылы ноябрда Мохаммед Аюбга өзүнүн өнөрүн көрсөткөндөн бир топ убакыт өткөндөн кийин Сиссоко Нью-Йорктогу банктардын биринин кеңсесине баш баккан.

"Ситибанкка кирип, ал жерде иштеген кыздардын бири менен таанышып, кийин ага үйлөнгөн. Эми Ситибанк менен маселе оңой чечилип калганын болжоого болот. Албетте, банктан өзүнүн атына бир нече эсеп ачкан. Менин эсимде калган маалыматтарды айтсам, ушул эсептерге 100 млн. долларга чукул акча которулган", -деп айтып берди Алан Файн.

Кийин Дубайдын Ислам банкы Ситибанктын үстүнөн сотко арызданган. Дубайлык банктын маалыматында, Ситибанктагы эсепке 151 млн. доллар которулган. Мунун баары эч кандай уруксатсыз эле жасалган. Көп өтпөй дубайлык банк арызын кайра кайтарып алып, Ситибанкка эч кандай дооматым жок деди.

Сиссоко өзүнө жардам берип турганы үчүн жубайына жарым миллион долларга чукул акча берген экен.

"Булардын никеси кантип катталганын түшүнө албадым. Анткени жубайы анын башка аялдары бар экенин билген экен. Бирөөсү Африкада, калгандары Майамиде жана Нью-Йоркто",- деди Файн.

Дубай банкынан түшүп турган каражаттар менен Сиссоко кыялданып жүргөн пландарын ишке ашыра баштаган. Батыш Африкада жеке авиакомпаниясын ачкан. Hawker Siddeley 125 жана бир нече эски Boeing 727 учагын сатып алат. Бул көпкө узабаган Air Dabia авиакомпаниясынын тарыхы болуп калды. Компаниянын ысымын Малидеги өзү туулуп өскөн кыштактын атына койгон.

Баары план боюнча бара жаткан. Бирок 1996-жылы июлда Сиссоко одоно ката кетирип алды.

Ал Вьетнам согушу учурунда колдонулган Bell UH-1 Iroquois тик учагынан экөөнү сатып алууну чечет. Эмне үчүн ага согуштук тик учактар керек болгону азырга чейин түшүнүксүз.

"Өзү бул тик учактарды "Тез жардам" сыяктуу колдоном деп түшүндүргөн. Бирок тик учактын көлөмү чоң жана алар "тез жардам" катары эч качан колдонулган эмес эле",- деди Файн.

Foutanga Babani Sissoko

Сүрөттүн булагы, Miami Herald

Тик учактар аскердик аракеттер үчүн колдонулгандыктан, аны сатып алууга атайын уруксат керек болгон. Сиссоконун кишилери маселени чукул арада чечүү үчүн бажы кызматкерине 30 миң доллар өлчөмүндө пара беришет. Мына ушул жерде алар кармалып калышты. Интерпол Сиссоконун өзүн дагы камакка алууга ордер берди. Аны Женевадан дагы бир банк эсебин ачып жаткан жерден кармап, камакка алышты.

Сиссоконун укугун коргоо үчүн жалданган майамилик юрист Том Спенсер аны менен Женевадагы абакта биринчи ирет жолукканын эскерди:

"Менден абак жайдын кызматкери Сиссоко качан АКШга экстрадицияланат деп сурап калды. Азырынча эч нерсе билбей турганымды айттым. Ал менден мүмкүн болушунча бул жараянды узартып тура аласызбы деп суранды. Эмне үчүн деп таң калдым. Көрсө ал күн сайын түндө кызматкерлерге Парижден укмуш даамдарды алып келип жатыптыр".

Сиссокону тез арада эле АКШга экстрадициялашкан. Ал тик учак маселеси менен эле кармалды. Банктагы окуяларын али эч ким билген эмес. Өзүн коргоого алууга көптөгөн таасирдүү кишилерди тартууга жетишти. Сиссоконун баш коргоо чарасын карап жаткан учурда америкалык дипломаттар дагы ага кепилдик берүүгө даяр экени судьяларды таң калтырган.

Том Спенсер дагы бул жагдайга таңданган, маселен Сиссокого кепилдик берүүгө мурдагы америкалык сенатор Берч Бей дагы даяр экенин билгенде оозу ачылган экен.

"Эч түшүнө алган жокмун, АКШ үчүн эч кандай мааниге ээ болбогон чет өлкөлүк бир кишинин тагдырына эмне үчүн күйүп-бышып жатышат? Азырга чейин бул суроого жооп таппадым",-дейт Файн.

Фоутанга Бабани Сиссоко

Сүрөттүн булагы, Miami Herald

АКШ бийлиги Сиссокону камакка алууга катуу турган. Жыйынтыгында аны 20 млн. доллар күрөө менен бошотушту. Бул Флорида штаты үчүн ошол учурдагы рекорддук сумма эле. Абактан араң чыгары менен эле Сиссоко акча жасоону уланткан. Алдыда соттук териштирүү болот.

Өзүнүн адвокаттарына Mercedes жана Jaguar авто унааларын белек кылган. Бирок бул эми анын короткон акчаларынын жанында түккө турбаган нерсе болуп калат. Маселен, зер буюмдарды саткан дүкөнгө эле 500 миң доллар калтырып кеткен экен.

"Ал автосалонго келгенде эки, үч, кээде төрт унааны бир сатып алып койчу. Бир аптадан кийин кайра келип, сатып алган учурлары болгон. Ал үчүн акча суу сыяктуу эле",- деп эскерет автодилер Рон Дуфрин.

Анын эсебинде, Сиссоко андан 30-35 унаа сатып алган.

Каракчыбы же Робин Гудбу?

Кийин Сиссоко Майамидеги белгилүү кишиге айланды. Бир нече аялы бар экенине карабастан, баары бир никесин жаңырта берген. Жубайлары үчүн шаардан 23 батирди ижарага алган.

Сот жакындап келе жаткан. Сиссоко өзүн пиар кылуу канчалык таасир этээрин түшүнгөн. Ошондуктан кайрымдуулук үчүн акчасын аяган эмес. Студенттерге, жакырларга акча таратып турган.

2013 election poster
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дээрлик он эки жыл, 2002-2014-жылдар аралыгында Сиссоко Мали парламентинин мүчөсү болуп турду

Анын дагы бир адвокаты, профессор Смит ар бейшемби сайын Сиссоко шаарды кыдырып, үйү жок селсаяктарга акча таратканын эскерет:

"Ал учурда Сиссокону азыркы доордун Робин Гуду ушулбу, эмне үчүн акча карактап алып, аны кайра таратат, деп ойлочу элем. Кийин Miami Herald басылмасында бул тууралуу макала жарык көрүп, журналисттердин эсебинде, 10 айдын ичинде Сиссоко үй-жайсыз селсаяктарга 14 млн. доллар таратканы айтылат",- деп эскерет адвокаты.

Пиарга көп акча чачып, адвокаттарды жалдаган менен соттук териштирүүгө келгенде Сиссоко айыбын мойнуна алган. Болжолу ал байлыгы кайдан келгенин жашырууга ушул кадамы жардам берет деп ойлосо керек.

Аны 43 күнгө абакка кесип, 250 миң доллар айып пул салынат. Албетте, ал каражат Дубайдагы Ислам банкынан алынган акча менен төлөндү.

Белгиленген мөөнөттүн жарымын гана отуруп чыкты. Анткени үй-жайы жокторго атайын жай куруу ишине 1 млн. доллар кайрымдуулук көрсөтөт. Калган камактагы күндөрүн Малиде үй камагында отурушу керек эле.

Ошентип кичи мекенине баатыр катары кайтып келди. Болжолу дал ушул учурда Дубайдагы Ислам банкынын аудиторлору иштин жагдайын байкап калды. Аюб тынчсызданып, Сиссокого коңгуроо кагат, анын телефону өчүк.

Акыры Аюб банктагы кесиптештеринин бирине чындыкты айтууга аргасыз болду. Айтып эмес, оозуна сөз келбейт да, ошондуктан жоготууларды кагазга жазып берген: 890 млн. дирхам (242 млн доллар). Бул сыйкыр аркылуу эки эсе көбөйүп жатат деп которулган акчалардын суммасы эле.

Аюбду көз боёмочулук боюнча айыптап, үч жылга эркинен ажыратышкан. Сиссокону болсо Дубайдын соту үч жылга сыртынан соттоду. Интерпол аны камакка алууга ордер берген. Ушул күнгө чейин издөөдө жүрөт.

Дээрлик он эки жыл, 2002-2014-жылдар аралыгында Сиссоко Мали парламентинин мүчөсү болуп турду. Анын кол тийбестик иммунитети сот жоопкерчилигинен куткарып келген. Азыр ал парламенттен кетти, бирок Мали бийлиги аны коргоп жатат. Кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча Мали бир дагы өлкө менен келишим түзгөн эмес.

Дубайдагы Ислам банкы азырга чейин Сиссокону жоопкерчиликке тартууга аракет кылып келүүдө.

Би-Би-Си кабарчысы Бриджит Шеффер:

Мен Малинин баш калаасы Бамакого учуп келгендеги максатым - Сиссоко тууралуу билген кишилерди табуу болчу.

Sissoko's home
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бабани Сиссоконун үйү

Аны жакшы билген бир топ кишилерди таба алдым. Туулуп өскөн айлынан Сиссоконун өзүн дагы таба алышымды айтышты. Дабии деген алыскы айыл экен. Сааттап унаа менен жүрүп, жетип келдик.

Куралдуу күзөтчүлөрү бар Бабани Сиссоконун үйүн оңой эле таап келдим. Азыр анын жашы 70ке таяп калган экен. Ал интервью берүүгө макул болду.

Бир топ сүйлөшкөндөн кийин мен андан Дубайдагы Ислам банкынан жоголгон 242 млн. доллар тууралуу сурадым.

"Айым, 242 млн доллар жөнүндө айтсам, бул бурмаланган окуя. Банкир мырзалар бул акчадан кантип айрылып калганын түшүндүрүп бериши керек. 242 млн доллар! Угуңузчу, бул акчалар ушундай жол менен кантип чыгып кетсин? Маселе ушунда. Бул иште акча которууга уруксат берген бир гана киши [Аюбе] тууралуу эмес, көп киши жөнүндө сөз болушу керек. Банк акча которууларды жасаганда бир эле киши жооп бербейт, бир нечеси жооп берет?,- деп жооп берди Сиссоко.

"Магиялык күчү" менен кишилерге таасир этээри тууралуу дагы сурадым.

"Айым, эгерде кишинин ушундай касиети болсо, анда ага иштеп эмне кереги бар? Эгерде сиз ушундай күчкө ээ болсоңуз, бул жерден чыкпай туруп эле бүтүн дүйнөдөгү банктарды карактап кетмексиз да",-деди Сиссоко.

Интерполдон жыйырма жылдан бери из жашырып жүргөн Сиссоко азыр эми Малиден чыга албайт. Ал кара магиянын күчү менен банкты тазалап кеткени үчүн бир күн дагы абактан отурган жок. (AbA)