"Кечирим сурабайм!" Юлдуз Усмонованын АКШдагы концерти кайрадан токтотулду

Сүрөттүн булагы, Instagram/yulduzibragimovnausmonova
Макала Би-Би-Синин өзбек кызматынан которулду. Түп нускасын бул жерден окуй аласыз.
Өзбекстандагы билдирүүлөрү тез-тез талкуу чордонуна айланган ырчы Юлдуз Усмонованын Нью-Йорктогу концертинин токтотулушу саясий талаш-тартыштарга себеп болду. Ал эки жыл мурун да ушундай кырдаалга туш болгон.
Бул жылкы концерт 9-май күнү Бруклиндеги Oceana Theater сахнасында өткөрүлүшү пландаштырылган болчу. Бирок жергиликтүү саясатчылардын жана коомдук активисттердин каршылыгынан кийин концерт токтотулду. Нааразычылык билдиргендер Усмонованын Палестина-Израил жаңжалында жөөт коомчулугун сындап келгенин негиз катары көрсөтүштү.
4-май күнү Нассау округунун башчысы жана Нью-Йорк губернаторлугуна талапкер Брюс Блейкмандын жетекчилигинде маалымат жыйыны өткөрүлүп, Усмонованын концертине каршы пикирлер айтылды. Алардын ырастоосунда, Бруклиндин жөөттөр көп жашаган аймагында, өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуштун эс тутуму менен байланышкан датада мындай концерттин өткөрүлүшү кабыл алынгыс. Маалыматтарга караганда, Блейкман ырчынын АКШга кирүү визасын жокко чыгарууну сурап, мамлекеттик катчы Марко Рубиого кат жолдогон.
Ошондон кийин Oceana Theater өзүнүн Facebook баракчасында концерт токтотулганын жана билет сатып алгандарга акча кайтарыларын жазды. Юлдуз Усмонова 5-май күнү Instagram аркылуу кайрылуу жасап, бардык билеттер сатылганын айтты жана күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Би-Би-Сиде азырынча сатылган билеттердин саны боюнча так маалымат жок.
Ал кырдаалга түшүндүрмө берип жатып, өз көз карашынан кайтпасын, эч кимден кечирим сурабай турганын жана келечекте сөзсүз концерт болорун баса белгиледи.
"Эгер сиз жөөт сионисттери мени кечирим сурайт деп ойлосоңуз, катуу жаңылышасыз. Мен өзүмдүн баалуулуктарыма бекем ишенем. Биринчиден, мен зордук-зомбулукка каршымын", - деген Усмонова Палестина тарапкери экенин дагы бир жолу кайталады.
Өзбекстандын эл артисти менен байланышкан бул тема учурда медиада кеңири талкууланууда. Өзбекстандык журналист Илёс Сафаров ырчынын сөздөрүн расмий Ташкенттин позициясы катары чечмелөөгө болорун айтат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Юлдуз Усмонованын чуу жараткан билдирүүсүнүн тезиси кайдан түшүрүлгөнүн сезүү кыйын эмес. Текст, албетте, кылдат кеңешүүлөрдүн жемиши. Менимче, стратегиялык жактан да бул жакшы тандалган позиция. Бир тараптан, Усмонова аркылуу өкмөттүн чечкиндүү жана өзгөрүлгүс мамилеси билдирилүүдө. Ырчынын эми АКШга кире албай калышы - жалпы кырдаалдын алкагында арзыбаган жоготуу. Бирок бул жерде башка бир олуттуу жагдай да бар: өкмөт үчүн "акыйкат" кимдин тилинен чыгышы да олуттуу мааниге ээ. Мисалы, дал ушул мазмундагы пикирлерди эртерээк билдирген Мубашшир Ахмад бүгүн эркиндикте эмес", - деп жазды ал Facebook баракчасына. Бирок өкмөт тарабынан бул маселеге расмий мамиле билдирилген жок.
Газадагы кырдаалдан улам Израилди жигердүү сындап келе жаткан Юлдуз Усмонова 2023-жылы Израил товарларын сатып албоого чакырган. Андан кийин Нью-Йорк штатында 2024-жылдын 14-сентябрына белгиленген концерти да АКШдагы жөөт диаспорасынын нааразычылыгынан улам токтотулган.
Юлдуз Усмонова менен мурда кызматташкан белгилүү продюсерлердин бири Би-Би-Сиге атын атабоо шарты менен маалымат берип, ырчыны саясаттан алыс болууга чакырды.
"Анын көп сөзү башына балээ болот. Ойлонбой сүйлөйт, атактуулуктун жана маданияттын жоопкерчилигин, ошондой эле өлкөнүн жүзү экенин сезбейт. Бирок анын позициясын сынга алуу да бир чети туура эмес. Демократияны үгүттөп жаткандар өздөрү ушундай кадамга барып турса, анда билбейм", - деди ал.
Ошону менен бирге, социалдык тармактарда Усмонованы Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу согушу тууралуу пикир билдирбегени үчүн сындагандар да болду. Мындай пикирлердин бирин теги өзбекстандык, учурда АКШда жашаган ырчылардын бири Наргиз Зокирова Facebook баракчасына жазды.
Орусия тарап бул согушка миңдеген өзбек мигранттарын да жөнөткөнү жана жүздөгөн өзбектер бул согушта каза болгону Украинанын "Хочу жить" (Жашагым келет) долбоорунда тастыкталган.
Юлдуз Усмонова өзбек заманбап эстрадасынын примадоннасы катары сыпатталат. Анын чыгармачылыгына Ислам Каримовдун тушунда бир нече жыл расмий эмес тыюу салынып, концерттери өткөрүлбөй, ырлары телерадиодон берилген эмес. 2017-жылы Шавкат Мирзиёев президенттикке келгенден кийин ырчы сахнага кайтып келген.
2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу июнь окуяларында ырдаган ырынан кийин кыргыз коомчулугу да анын чыгармачылыгын бир аз убакытка бойкот кылган. Анын ырында Кыргызстанга карата жек көрүү сөздөрү бар деп табылган. Бирок Усмонова АКШда токтотулган концерти боюнча комментарий берип жатып, кыргыз күйөрмандары тууралуу да сөз кылды жана билет сатып алгандары үчүн ыраазычылык билдирди.
































