Орусия параддын алдында бир тараптуу элдешүү тууралуу жарыялады. Зеленский "атышпоо режими" менен жооп берди

Сүрөттө: Харьковго кол салуунун кесепеттери

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Харьковго кол салуунун кесепеттери
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Орусиянын Коргоо министрлиги "Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишин майрамдоонун урматына элдешүү" тууралуу жарыялады. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, атышпоо режими 8-майдан 9-майга чейин созулушу керек. Ушундан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский фронтто 5-майдан 6-майга караган түнү башталышы керек болгон "жымжырттык режимин" жарыялады.

"Украина тарап ушундан үлгү алат деп күтөбүз", - деп айтылат Коргоо министрлигинин Телеграмда жарыялаган постунда. Министрлик президент Владимир Путиндин чечимине шилтеме жасады.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй Владимир Зеленский социалдык тармактарда: "Орусиялык социалдык тармактарда жарыяланып жаткан согуштук аракеттерди токтотуунун ыкмалары боюнча Украинага бир дагы расмий кайрылуу түшкөн жок", - деп жазды.

"Биз адамдын өмүрү кайсыл бир мааракени "белгилөөдөн" алда канча баалуу деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу 5-майдан 6-майга караган түнү саат 00:00дөн баштап жымжырттык режими киргизилип жатканын жарыялайбыз. Ушул учурдан баштап биз алардын аракетине жараша кадам таштайбыз", - деп кошумчалады Украинанын лидери.

Зеленский өзү көрсөткөн убакыттын саат алкагын тактаган жок. 5-майда Москва убактысы менен Киевде жайкы убакыт дал келет, 00:00 – бул Гринвич боюнча 5-майда 21:00 болот дегенди билдирет.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө Украина президентинин Европалык саясий шериктештиктин Еревандагы саммитинде айткан сөздөрүнө да көңүл буруп, муну "9-майда Москвага сокку уруу тууралуу коркутуу" катары чечмеледи.

"Орусия 9-майда Москвада аскердик техникасыз парад өткөрөрүн жарыялады. Эгерде ушундай боло турган болсо, анда алар дрондор Кызыл аянттын үстүнөн учат деп коркуп, аскердик техниканы чыгарышпайт, мындай көрүнүш көп жылдардан бери биринчи жолу болууда", - деди Зеленский.

Атышпоо режимин жарыялап жатып, ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги "эгерде Киев режими Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгын майрамдоону үзгүлтүккө учуратуу максатында өзүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашырууга аракет кылса, Киевдин борборуна жапырт ракеталык соккуларды урабыз" деп коркутту.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Зеленский бул билдирүүгө мындайча жооп кайтарды: "Эгерде Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түз ниети болмоюнча Москвада парад өткөрүүгө болбойт деп эсептесе, Орусиянын жетекчилери согушту токтотууга карай реалдуу кадамдарды жасай турган учур келди".

Өткөн аптада Орусиянын Коргоо министрлиги "учурдагы чукул кырдаалга байланыштуу" аскердик техника парадга катышпай турганын билдирген. Орусия 2022-жылы Украинага бастырып киргенден бери 9-майда Кызыл аянттагы парадга аскердик техника биринчи жолу катышпайт. Ошол эле учурда жөө колонналардын жана пилотаждык аба топторунун катышуусу пландалууда.

Кийинчерээк Кремль парадга техниканын катышпай турганын "террордук коркунуч", ошондой эле "мааракелик дата болбогону" менен түшүндүргөн.

29-апрелде Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефондон сүйлөшкөн. Ушундан кийин Трамп Орусиянын президентине 9-майга чейин Украинадагы согушта "убактылуу элдешүү" жарыялоону сунуштаганын айткан. Ал эми Кремль Путин майрамга карата бир күндүк элдешүү жарыялоону сунуштаганын билдирген.

Ошондо Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига орусиялык демилгени батыш өнөктөштөрүнө ойдон чыгарылган конструктивдүүлүктү көрсөтүү үчүн жасалган "пиар-акция" жана манипуляциялоо катары баалаган. Ал Украина тынчтык аракеттерди жактай турганын жана ок атышууну токтотууга даяр экенин бир нече жолу билдирип келгенин кошумчалады.

Апрель айынын башында Путин православдардын Пасха майрамын белгилөөгө байланыштуу ок атышпоого буйрук берген. Ошондо 11-апрелде саат 16:00дөн 12-апрелдин аягына чейин атышпоо режими жарыяланган. Көп өтпөй эки тарап тең бири-бирин атышпоо режимин бир нече жолу бузууга айыпташкан.

Өткөн жылы да Путин 9-майга байланыштуу ок атышууну 72 саатка токтотууну жарыялаган.Украина орус президентинин сунушун расмий түрдө кабыл алган эмес. Киев ок атышпоо үч күнгө эмес, бери дегенде 30 күнгө созулушу керектигин айткан.

Путин жарыялаган бир тараптуу элдешүү башталгандан көп өтпөй украин бийлиги орус армиясын атышпоо режимин олуттуу түрдө бузганы үчүн айыптаган. Орусиянын Коргоо министрлиги да "Украина атышпоо режимин аткарбай жатат" деп билдирген. (ZMa)