Британдык эркектер мигрант аялдардын балдарына фамилиясын бергени үчүн эле мыйзамсыз көп акча табат

Composite pic of pregnant woman against a background of passports and Facebook logo
    • Author, Патрик Клахейн, Дивья Талвар и Хуэ Б Луу
    • Role, BBC Newsnight

Британдык эркектер мигрант аялдардын балдарынын атасы болуп катталууга макулдук бергени үчүн гана миңдеген фунт стерлинг алып жатканын Би-Би-Синин иликтөөсү көрсөттү.

Эгерде мигрант аялдар төрөгөн балдарга британ эркектин фамилиясы кошуп жазылса, бул балага Улуу Британиянын жарандыгы автоматтык түрдө берилет, ал эми алардын энесине - өлкөдө узак убакыт жашаганга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул сунушка макул болгон британдык эркектерге 12 525 доллар (10 000 фунт стерлинг) төлөшөт, Алдамчылар Фейсбукту пайдаланып бизнес кылып, миңдеген аялдарга жардам беришкенин айтууда. Facebook өз кезегинде эреже боюнча мындай контентке тыюу салынганын билдирүүдө.

BBC Newsnight жүргүзгөн иликтөө мындай алдамчылык Улуу Британиянын көп райондорунда болуп жатканын көрсөттү. Британдык эркектерди мигрант аялдардан төрөлгөн балдарга ата кылып жаздырып жаткан толтура агенттер бар экени ашкере болду.

Бул иликтөөгө катышкандардын бири өзүн Улуу Британияда мыйзамсыз жашап жаткан кош бойлуу аялдын кейпин кийип, ага жардам бере ала турган адамдарга чыгып сүйлөшүп көрдү.

Тай аттуу агент жалган ата болуп берүүгө даяр бир нече британ эркеги бар экенин айтып, бул үчүн 11000 фунт стерлинг сурады.

Thai, who offered to act as a broker
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тай аттуу агент мигрант аялдар менен британ эркектерге ортомчу болуп иштейт

Тай аттуу агент мигрант аял менен британ эркекке ортомчу болуп иштемей болду. Ал бул ишти оңой эле бүтүрө турганын, жаңы төрөлчү бала британ жарандыгын алыш үчүн "баарын" убада кылды.

Ал иликтөөгө мигрант аялдын кейпин кийип катышкан адамды Эндрю деген британдык менен тааныштырды. Эндрю гонорардын жалпы суммасынан 8000 фунт стерлинг ала турган болду.

Алар жолугушканда Эндрю өзүн Улуу Британиянын жараны экенин далилдеш үчүн өзүнүн паспортун көрсөттү. Ал "мигрант аял" менен селфи кылып сүрөткө да түшкөн.

Selfie of Newsnight researcher with Andrew

Би-Би-Си жалган атанын кызматын сунуш кылган агенттердин бирине да эч кандай акча төлөгөн жок.

Тай кийин рэкетке айыпталып баштаганда "эчтеке билбейм" деп мыйзам бузуунун баарын танып жатты. Эндрю болсо андан кийин байланышка такыр чыкпай койду.

Дагы бир агент, анын аты Тхи Ким, миңдеген мигрант аялдарга жардам бергенин айтып мактанды. Ал дагы бул ишке макул болгон британдыкты таап берерин, анын гонорары он миң фунт, ал эми өзүнүн ортомчулук иши үчүн 300 эле фунт аларын айтты.

"Мен сүйлөшүп пайдаланган эркектер баары ушул жерде төрөлгөн жана мурда балдары катталган эмес",-деди Ти Ким.«Мен алардын тилин табам. Сиз паспортум жок деп кам санабай эле коюнуз. Аны да аласыз буюрса».

Ти Ким андан кийин Би-Би-Сиден качып, суроолорго жооп берген жок.

Thi Kim, one of the agents who spoke to BBC Newsnight
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британдык эркек менен сүйлөшүп келишим түзгөн Ти Ким

Жалган ата менен алдамчылык окуясын иммиграциялык адвокат Анна Гонсалес «амалдуу жол» деп атады.

«Бул абдан татаал, полиция көзөмөлгө алышы аябай кыйын»,-дейт ал. «Бул айласы куруган аялдардын аянычтуу абалын жана Улуу Британияда калыш үчүн баарына даяр экенин көрсөтөт».

Эгер мигрант аял Улуу Британияда мыйзамсыз жүрсө жана Улуу Британиянын жаранынан же мөөнөтсүз жашап жаткан адамдан төрөсө, анын баласы автоматтык түрдө британдык болуп калат.

Андан кийин энеси арыз берип, үй-бүлөлүк виза алса, анда Улуу Британияда калууга укук алат, андан ары тийиштүү тартипте жарандык алууга арыз берет.

«Бул эреже балдар үчүн, Улуу Британияда документи жок аялдарга виза бериш үчүн эмес», — дейт Гонсалес айым. «Бул жылчык эмес. Бул андай болуп каралышы керек эмес».

Би-Би-Си бул алдамчылыктын масштабын так биле албады, анткени Ички иштер министрлиги алдамчылыктын мындай түрү боюнча козголгон иштер тууралуу маалымат бере албады.

Ошол эле убакта британдык балдардын британдык эмес энелерине берилген визалар жөнундө да маалымат чыгарбады.

Ошого карабастан өткөн жылы 4860 үй-бүлөлүк виза «бакма" деген башка категорияларга да берилген, анын ичинде британ балдардын ата-энеси катары Улуу Британияда жашоого арыз бергендер да бар.

Туулгандыгы жөнүндө күбөлүккө жалган жасалма маалыматтарды киргизүү Британияда кылмыш болуп саналат.

Ички иштер министрлиги Би-Би-Сиге туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүктөрдү пайдалануу менен боло турган иммиграциялык алдамчылыктын алдын алуу үчүн чаралар көрүлөрүн билдирди.

Анда «бир эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк» жетиштүү эмес экени, керектүү учурларда «кошумча далилдерди талап кылган текшерүүлөр жүргүзүлөрү айтылат.

Бирок иммиграциялык адвокат Харджап Бхангал жетиштүү аракет болбой жатканын айтууда: «Бул бир жолку акция эмес, потенциалдуу түрдө миңдеген иштер. Ички иштер министрлиги буга көңүл бурган эмес».

Анын айтымында, мындай практика Индия, Пакистан, Бангладеш, Нигерия жана Шри-Ланкадан келген иммигранттардын ар кыл жамааттарында көп жылдан бери болуп келатканын айтууда.

Newsnight изилдөөсү мындай мыйзамсыз практика Фейсбукта кээ бир вьетнамдык топтор үчүн да кеңири реклама болуп келатканын көрсөттү.

Биз жалган аталарды таап берүүгө жарактуу репутациясы бар экенин айтып мактангандар менен катар ата болуп болуп документке катталууга макул болчу британ эркектерин издеген аялдардын толтура аккаунттары таптык.

Аккаунттардын бирөөндө: «Мен төрт айлык боюмда бар. Мага жарандыгы бар 25-45 жаштагы ата аябай керек».

Дагы бир жарыяда: « Мен кызыл китеби бар атамын [британ паспорту барлар вьетнам тилинде ушундай айтылат]. Эгер кош бойлуу болсоңуз, баланын атасы жок болсо, мага жазгыла».

Бирок мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраган аялдар да бар. Бир мигрант аял британ жаранымын деген эркекке он миң фунт төлөп берип, кийин анын алдап кеткенин билип жер чапчып отуруп калды.

Эми анын баласына ата болуп катталган бир бейтааныш бар, бирок өзү да, баласы да Улуу Британияда калып жашаганга укугу жок.

Улуу Британияда төрөлгөн баланы каттап же британ паспортун алууга арыз берип жатканда ДНК-тест талап кылынбайт.

Бхангал көп адамдар бул кылмыш үчүн жоопко тартылууда деп ойлойбойт.

"Адамдар эмнеге бул ишке барып жатат, анткени анын арты жаман болот деп коркушпайт". (КС)

Facebook screen

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Facebook жалган ата болуп алдамчылык кылуу анын эрежесине каршы келерин айтууда