Бишкекте окуучуну сабаган мугалим иштен бошотулду

Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт

Бишкек шаарындагы №87 орто мектепте кыргыз тили сабагы учурунда окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти атайын түзүлгөн комиссиянын текшерүүсүнөн кийин билдирди.

Түзүлгөн комиссия мектептеги окуяны териштирип чыгып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, тагыраагы «Балдар жөнүндө» кодексинин жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын талаптары одоно бузулганын аныктады. Ошондой эле мугалим тарабынан педагогикалык этиканын нормалары сакталган эмес деп табылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында окуучуну сабаган мугалим иштен бошотулп, ал эми мектептин директоруна тартиптик жаза берилди.

Департамент жашы жете элек өспүрүмдүн укуктарына шек келтирген мындай көрүнүштөргө жол берилбей турганын жана балдардын коопсуздугу туруктуу көзөмөлдө экенин баса белгиледи.

15-январда социалдык тармактарда мугалимдин окуучуну тилдеп, башка-көзгө койгулап жаткан видеосу тарап, коомчулукта чоң талкуу жараткан. Видеодогу окуя №87 мектептин кыргыз тили сабагында болгону такталган.

Бул окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте териштирүү баштаган.

Кийин ИИМ тараткан видеодо мугалим болгон окуя үчүн кечирим сураган.

"Окуучуга теманы кайра-кайра, бир канча ирет кайталап түшүндүрүп берсем да, ал такыр жооп бере албай койгондуктан, ачууга алдырып, окуучуну чаап жибердим эле. Ал соцтармактарга тарап, элдин баары нааразычылык билдирип жаткандыктан, жалпы кыргыз элимден жана ошол окуучунун ата-энесинен кечирим сурайм", - деген видеодо сүйлөгөн мугалим.

Ошол эле кезде социалдык тармактын айрым колдонуучулары мугалимди кечирим суратып, анын видеосун элге жарыялаган көрүнүштү сындап жатышат.

Кыргызстанда буга чейин да мектептерде мугалим менен окуучунун ортосундагы чыр-чатактар, бири-бирине кол көтөргөн учурлар катталган.