Венесуэлалык Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты медалын Трампка тапшырды

Мария Корина Мачадо жана Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадо бейшемби күнү Ак үйдөгү жеке жолугушууда АКШ президенти Дональд Трампка Нобель тынчтык сыйлыгынын медалын тапшырганын журналисттерге билдирди.

Ал өзү америкалык лидер сыйлыкты кабыл алган-албаганын тактаган жок, бирок буга чейин Трамп бул сыйлыкты алууну каалаарын бир нече жолу айткан. Fox News телеканалы Ак үйдөгү аткаминерлерге таянып, Трамп медалды кабыл алганын кабарлады.

"Менимче, бүгүн биз венесуэлалыктар үчүн тарыхый күн", — деди Мачадо Трамп менен алгачкы жеке жолугушуусунан кийин.

Америкалык атайын күчтөр Каракаста Венесуэланын президенти Николас Мадурону колго түшүрүп, алып кеткенден кийин, Трамп 2024-жылдагы шайлоодо жеңгенин жарыялаган Мачадонун кыймылын колдоодон баш тарткан. Анын ордуна ал Мадуронун тушунда вице-президент болгон, учурда мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Делси Родригес менен иш алып барууда.

"Медаль ээсин алмаштырышы мүмкүн"

Ак үйдөн чыккандан кийин Мачадо дарбаза алдына чогулган тарапташтарына испан тилинде: "Биз президент Трампка ишенсек болот", — деп кайрылды.

"Мен Америка Кошмо Штаттарынын президентине Нобель тынчтык сыйлыгынын медалын тапшырдым", — деп журналисттерге англис тилинде айткан Мачадо, бул кадамын Трамптын "биздин эркиндигибизге болгон өзгөчө берилгендигин таануу" деп атады.

АКШ президенти сыйлыкты кабыл алган-албаганы белгисиз бойдон калууда. Нобель тынчтык сыйлыгын алууну каалаганын көп айткан Трамп, бул сыйлык Мачадого ыйгарылганда нааразычылыгын билдирген болчу. Би-Би-Си түшүндүрмө алуу үчүн Ак үйгө кайрылды.

Өткөн аптада Мачадо сыйлыкты Трамп менен бөлүшөрүн жарыялаганда, Нобель комитети сыйлык башка бирөөгө өткөрүлүп берилбей турганын билдирген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Нобель сыйлыгы жарыялангандан кийин ал кайра чакыртылып алынбайт, бөлүшүлбөйт же башка адамдарга берилбейт. Чечим акыркы болуп саналат жана түбөлүктүү күчкө ээ", — деп айтылган комитеттин билдирүүсүндө.

Бейшемби күнкү жолугушуунун алдында Нобель тынчтык борбору X социалдык тармагында: "Медаль ээсин алмаштырышы мүмкүн, бирок Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты деген наам берилбейт", — деген билдирүү жарыялаган.

Бирок Мачадо АКШнын көз карандысыздыгы үчүн согуштун катышуучусу маркиз де Лафайеттин Симон Боливарга (Венесуэланын негиздөөчүлөрүнүн бири) Жорж Вашингтондун сүрөтү түшүрүлгөн медалды белекке бергенин эске салды. Бул белек анын өлкөсү менен АКШнын "тиранияга каршы эркиндик үчүн күрөшүндөгү" бир туугандыктын белгиси болгонун айтты.

"200 жылдан кийин Боливардын эли Вашингтондун мураскерине медалды, бул учурда Нобель тынчтык сыйлыгынын медалын, анын биздин эркиндигибизге болгон уникалдуу берилгендиги үчүн кайтарып жатат", — деди Мачадо.

Мария Корина Мачадо

Сүрөттүн булагы, Reuters

Мачадо Вашингтонго сапарынын алкагында Конгрессте сенаторлор менен да жолугушту. Имараттын алдында тарапташтары аны Венесуэланын желектерин булгалап, "Мария — президент!" деп ураан чакыруу менен тосуп алышты.

Мачадо Трамп менен болгон жолугушууну Родригестин убактылуу өкмөтүн колдоо ката экенине жана өткөөл процессти анын оппозициялык коалициясы башкарышы керектигине ынандыруу үчүн колдонууга аракет кылары күтүлгөн.

Трамп менен Родригестин сүйлөшүүсү

Мадуро 3-январда кармалгандан кийин, Трамптын администрациясы санкция астындагы Венесуэланын мунай секторун реформалоого тез арада киришти. Шаршемби күнү АКШ венесуэлалык мунайдын 500 миллион долларлык алгачкы партиясын сатууну аяктаганын билдирди.

New York Times гезитинин маалыматы боюнча, бейшемби күнү Вашингтонго Венесуэла өкмөтүнүн өкүлү элчиликтин ишин калыбына келтирүү маселесин чечүү үчүн келет. Бул адам Родригестин жакын досу жана союздашы экени айтылууда. Ак үй Родригести «өтө тил алчаак жана ийкемдүү» деп мүнөздөдү.

Бейшемби күнү Каракаста Родригес улутка кайрылып, Вашингтондогу жолугушууларга катышууга даяр экенин билдирди.

«Эгер мага президенттин милдетин аткаруучу катары Вашингтонго барууга туура келсе, мен муну сойлоп эмес, башымды бийик көтөрүп, ишенимдүү түрдө жасайм», — деп, өлкөнү АКШ менен дипломатиядан коркпоого чакырды.

Трамп менен Родригес шаршемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүп, Трамп аны «сонун адам» деп атады. Родригес өз кезегинде сүйлөшүү натыйжалуу, сылык жана өз ара урматтоо менен өткөнүн белгиледи.