АКШ 75 өлкөнүн иммигранттык визаларын кароону убактылуу токтотту, арасында Кыргызстан да бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Трамптын администрациясы 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммигранттык визаларды кароону белгисиз мөөнөткө токтотту. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бул тизмеде Кыргызстан менен катар Казакстан жана Өзбекстан да бар. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январдагы маалымат жыйынында Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, АКШ тарап менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Шаршемби күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти администрация социалдык жана мамлекеттик жөлөкпулдарды пайдалануу аркылуу америкалыктардын эсебинен пайда көрүүгө аракет кылган адамдар тарабынан системанын кыянаттык менен колдонулушуна чекит коюуну көздөп жатканын билдирди.
Президент Дональд Трамп кызматка кайра келгенден бери АКШга мыйзамсыз гана эмес, мыйзамдуу миграцияны да чектөөгө умтулуп келет. Анын администрациясы буга чейин эле Бразилия, Иран, Орусия жана Сомалиден келгендер үчүн иммигранттык визаларды кароону токтоткон.
"АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнө Америка Кошмо Штаттары үчүн социалдык жүккө айланып, америкалыктардын берешендигин кыянаттык менен пайдаланууга аракет кылган иммигранттардын өлкөгө кирүүгө укугу жок деп эсептейт",- деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басар Томми Пиготт.
"Мамлекеттик катчы Марко Рубио жетектеген мекеме социалдык жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алууга ыктаган чет элдик жарандардын АКШга киришине жол бербөө үчүн өз жол-жоболорун кайра карап чыкканга чейин визаларды кароону убактылуу токтотот",- деп кошумчалады Пиготт.
Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, Мамлекеттик департамент консулдук кызматкерлерге тиешелүү өлкөлөрдөн келген иммигранттык виза арыздарын кароону убактылуу токтотууну тапшырган. Бирок бул чектөө туристтик, ишкердик же башка убактылуу визаларга тиешелүү эмес.
Соңку айларда Мамлекеттик департамент Трамп улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептеген өлкөлөрдөн, анын ичинде Орусия, Иран, Афганистан жана Африкадагы бир катар мамлекеттерден келген мигранттарга чектөөлөрдү күчөткөн.
Ноябрь айында Вашингтондо Улуттук гвардиянын эки кызматкери атылган окуя боюнча Афганистандан келген мигрант айыпталгандан кийин, администрация 19 өлкөнүн жарандарынын АКШга киришине тыюу салып, олуттуу чектөөлөрдү киргизген. Декабрь айында бул тыюу дагы беш өлкөнүн жарандарына жана Палестина автономиясынын документтери менен жүргөн адамдарга да жайылтылган.
6-январда АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттарга кирүүдө визалык күрөө төлөө талап кылынган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилгенин кабарлаган эле. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, бул тизмеге дагы 25 өлкө кошулган. Арасында Кыргызстан дагы бар.
Эми быйыл 21-январдан тартып бир катар чет мамлекеттер менен бирге Кыргызстан жарандары B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана иш сапар) виза алуу үчүн 5 миңден 15 миң АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет.
Министр: АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө

15-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын учурунда АКШ киргизип жаткан виза күрөөсү боюнча комментарий берди.
Министрдин айтымында, Кыргызстан АКШ менен аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
"Бул Америка тараптын ички саясаты, миграциялык маселелерге биз түздөн-түз таасир эте албайбыз. Мындай миграциялык саясатты биз өзүбүз да жүргүзүп жатабыз. Бирок АКШга тиешелүү суроолорду койдук жана өз сунуштарыбызды бердик. Сүйлөшүүлөр уланууда. Мисалы, бул тизмеге бардык Борбор Азия өлкөлөрү кирди. Маселени колективдүү түрдө сүйлөшүүгө аракет кылабыз. Бирок көбүнчө маселе эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу талкууланат. Кыргызстандыктардын кирешелерин эске алганда, 15 миң долларлык күрөө өтө жогору",- деди министр.
Ал ошондой эле документтери туура болуп, мыйзам чегинде жүргөн жарандар үчүн көйгөй болбой турганын айтты.












