Украинадагы согуш: Киевде 6 миңге жакын көп кабаттуу үй жылуулуксуз калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусия Украинага 27 ракета жана 339 дрон менен чабуул жасады. Орус аскерлери шейшембиге караган түнү Украинага ар кыл үлгүдөгү 27 ракета атып, 339 дрон менен чабуул койгон. "Соккулар негизинен Киев жана Киев облусун бутага алды" деп билдирди Украинанын абадан коргоону күчтөрү.
Расмий маалыматтарга караганда, 14 баллистикалык, 13 канаттуу ракета жана 315 дрон атылып түшүрүлдү.
Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн эртең менен орустардын соңку чабууланан Киев катуу жабыркаганын, шаарда алты миңге жакын турак жай жылуулугу жок калганын айтты.
"Орусиянын соккусунда баллистикалык жана канаттуу ракеталар басымдуу болду. Дагы 300дөн ашуун дрондор... Азыр аябай оор жагдай Киевде, мында турак жайлардын көбү жылуулулугу жок отурат", -деп жазды Зеленский.
Анын айтымында, соккулар Киев шаарында, Киев жана башка бир катар облустарга багытталган.
Киев облусунда ракеталык соккулардан Бучань районун тургуну, 50 жаштагы эркек киши набыт болду. Бул тууралуу аталган облустун аскердик администрациясынын башчысы Николай Калашник билдирди.
"Мында чабуулдарда эки май куйуучу станция да жабыркады",- деп жазды ал Телеграмга.
Орус аскерлери бул соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Одесса облусунда ракеталык чабуулдун айынан көп кабаттуу үй жана энергетика объектиси жабыркады.
Днепр шаарында түнкү соккулардан эки аял жаракат алган.
Ал арада Орусиянын Коргоонуу министрлиги 32 украиналык дрон жок кылынганын жарыялады. "20-январга караган түнү Орусиянын абадан коргоону системасы тарабынан Украинага тийиштүү дрондор жок кылынды" деген маалымат таратты министрлик.
Брянск жана аннексияланган Крымга тийиштүү аймакта тогуз дрон, Воронеж облусунда үч, Белгород, Курск, Волгоград, Астарахань, Самара облустарында экиден дрон, Смоленскте бир дрон жок кылынган.
Бул региондордогу жергиликтүү бийлик дрондордун чабуулунан олуттуу кыйроолор болгону тууралуу маалымат беришкен жок.












