Саясат, бизнес жана криминал. Баяман Эркинбаев ким болгон?

Баяман Эркинбаев

Сүрөттүн булагы, Social media

Ош шаарынын көчөлөрдүн бирине маркум Баяман Эркинбаевдин ысымы ыйгарылышы мүмкүндүгүн бир нече жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Бирок шаар бийлиги бул мэр тарабынан оозеки гана айтылган демилге экенин Би-Би-Сиге тактады.

Ал арада коомдук сайттарда бул демилгени колдогон, ага каршы чыккандар да болууда.

Би-Би-Си эгемен Кыргызстан тарыхындагы аты калчу инсандардын бейнеси тууралуу жаңы түрмөгүн Баяман Эркинбаев тууралуу чыгарылыш менен баштайт.

Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кыргызстандын жана Борбор Азиянын 15 жолку чемпиону (күрөш боюнча балбан), спортчу, "Алыш" эл арлык күрөш федарациясынын негиздөөчүсү, өлкөнүн түштүгүндөгү эң ири - Кара-Суу базарын көзөмөлдөгөн таасирдүү бизнесмен, ошол эле убакта каралар менен байланышы бар делген бейформал лидер - мунун бары бир эле кишинин сүрөттөмөсү.

Баяман Эркинбаев - кыргыз саясатындагы карама каршылыктуу фигура. Бул ысымдын эгемен Кыргызстандын тарыхында өз орду бар.

2005-жылы 22-сентябрда Кыргызстанда 38 жаштагы парламент депутаты, ишкер Баяман Эркинбаев Бишкектеги өз үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн. Ошол жылы март ыңкылабы орун алып, Кыргызстанда туңгуч президент Аскар Акаев элдик толкундоолордун жыйынтыгында бийликтен кулатылган эле. Айрым талдоочулар Эркинбаевдин түштүктө элди мобилдештирүүдөгү маанилүү ролу тууралуу да айтып жүрүшөт.

Баяман Эркинбаевге чейин ал кездеги Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жыргалбек Сурабалдиев да июнда киши колдуу болгон. Бирок Баяман Эркинбаевге 28-апрелде биринчи жолу кол салуу аракети болуп, атылган ок депутаттын мурдун кезеп өтүп, анда ал аман калган.

Эркинбаев өзү кол салуунун саясий негизин айтып чыккан.

Акыркы интервьюсу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мага бир жолу кол салышты. Дагы кол салышы күтүлүп жатат. Кечээ эле мага ИИМден маалымат беришти, мен чет жактан учуп келе жатканда аэпортто гранатомет менен атканга даярданышкан экен".

Бул Баяман Эркинбаевдин соңку интервьюсу болуп калды, эки күндөн кийин аны жок кылышат.

Эркинбаевди Бакиевдин режиминин алгачкы курмандыктарынын бири катары да сыпаттап жүрүшөт. Бирок Курманбек Бакиев өзү 2023-жылы берген маегинде буйрутма адам өлтүрүүлөрү боюнча суроого жооп берип жатып, депутаттар Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев жана Тынычбек Акматбаевдин ысымдарын атап, УКМКнын маалыматы боюнча алардын өлүмдөрү саясат менен эмес, баңгизаттар менен байланыштуу деп айтканы бар.

Баямановдун бейнесине кыстырма, 2005-жылы ал президенттик шайлоого талапкерлигин да коюп, кайра эле чакыртып алган.

"Менин оюмча, анын өлүмү саясатка байланыштуу болду. Баяман Эркинбаев президенттикке талапкерлигин койгон да. Андан кийин баш тарткан. Бирок ага карабай ошонун инерциясы менен кетти окшойт..." - деп эскерет журналист Семетей Таласбек уулу.

Баяман Эркинбаев "Кара-Суу" базарын көзөмөлдөсө, Сурабалдиев "Кудайберген" базарын негиздегени менен белгилүү. Алдыда, бул окшоштук жагдайдын учугун дагы улайбыз.

Бакиев Кыргызстанды башкарган 2005-2010 жылдары дагы он чакты саясатчы, депутат, бизнесмен, журналисттер биринин артынан бири жок болушат.

Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда Жогорку Кеңештин депутаттары Тынычбек Акматбаев, Руслан Шаботоев, Санжарбек Кадыралиев да өлтүрүлгөн. Журналисттерден Алишер Саипов, Алмаз Ташиев, Геннадий Павлюк, Юрий Александров, ошондой эле каскадер Үсөн Кудайбергенов, ишкер Абдалим Жунусов, белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев жана "кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү" деп эсептелген Рысбек Акматбаев да бакиевдик режимдин курмандыктары аталат.

Кийин мамлекеттик комиссиянын корутундусунда айтылгандай, Бакиевдин бийлиги тушунда отуздай буйрутма киши өлтүрүү болгон. Оппозиция бул окуялардын баарын бийликти сактап калууда бири-бирине байланышкан аракеттер катары сыпатташкан.

"Балким Баяман периште эместир. Баямандын мыйзам менен, криминалдык дүйнө менен же кимдир бирөө менен проблемасы болгондур. Аны баарыбыз эле билебиз. Бирок мен Баямандын өлүмүн жалаң эле криминалдык разборка, передел собственности деп түшүнбөйм. Бул Кыргызстандын 24-мартынан (ред. 2005-жылы) келе жаткан постреволюционный синдромдун логикалык сценарийи деп түшүнөм", - деген эле маркум Мелис Эшимканов Баяман Эркинбаевдин табышмактуу өлүмүнөн кийин парламент трибунасынан.

Баяман Эркинбаев

Сүрөттүн булагы, Social media

Бирок 2005-жылы УКМК депутаттын өлүмүн криминалдык таасир талаш менен байланыштырган бүтүм чыгарган. Ал кездеги атайын кызматтын башчысы Таштемир Айтбаев Эркинбаев абакка өзү мурда убада кылып, бирок баңгизат алып кирбегени үчүн өлтүрүлгөнүн Жогорку Кеңеште айткан эле.

"Убагында Эркинбаевдин өлүмүн уюшкан кылмыштуулукка байланыштырышты. Уюшкан кылмыштуу топтордо Рузиметовдор дегендер болгон. "Ошолор жайлады" дешкен. 2010-жылдагы революциядан кийин Баяманды өлтүргөндөр биринин артына бири табышмактуу өлүм табышты. Бирөө асынып калды, дагы бирөөсү бирдеме болду. Ошентип, Баямандын өлүм жагдайы табышмактуу болуп калды, эмнеге өлтүрүшкөнү белгисиз. Башында айтышкан "колонияга 20 килограмм героин бере албай калып, ошонун негизинде өлтүрүлдү" деп. Өлүм жагдайы чечилбей калды, азыркы күнгө чейин бул маселенн башы ачык", - дейт жергиликтүү журналист Семетей Таласбек уулу.

Эркинбаевдин өлүмү үчүн үч адам шектелген. Кримчөйрө авторитети Рузиметов жана маркум депутаттын өзүнүн эле таанышы Сабыркул Батыров, чечен жараны Султан Абалаев менен биргеликте адам өлтүрүүгө барышкан делген. Абалаев кийин Орусияга качып кетет.

Сабыркул Батыров №19 түзөтүү колониясына камакка алынып, 2011-жылы май айында абакта белгисиз жагдайда өлтүрүлгөн.

Ресурс талаш, базар талаш

АКШдагы Уилсон борборунун илимий кызматкери Регина Спектор 2005-2007-жылдары Кыргызстандагы саясаттын мүнөзүн иликтеп, Бакиевдин тушунда парламенттеги депутаттардын үчтөн бири өлкөдөгү базарлардын үчтөн бирине тикелей же кыйыр көзөмөл кыла аларын аныктап чыккан.

Спектордун баамында, Кыргызстандагы март ыңкылабынан кийин бийликке келгендер ири компания, анын ичинде базарларга көзөмөл алгысы келип, ошол убакта буйрутма өлтүрүүлөр саны өскөнүнө көңүл бурат.

"Базарлар дайым Кыргызстандын экономикасынын маанилүү бөлүгү болуп келген" - дейт Спектор. Базарлардагы сооданын көлөмү жылына миллиард доллардан ашат, базар ээлери өлкөдөгү эң бай адамдардын ондугуна киришет, деп түшүндүргөн эксперт.

Америкалык изилдөөчү Кыргызстандагы 2005-жылдардан кийинки бийлик өлкөдөгү ири бизнеске, анын ичинде базарларды көзөмөлгө алууну умтулганын жазат.

Баяман Эркинбаев жана "Кара-Суу" базарынын таржымалы

Kapa-Cyy базарынын башаты 1984-жылдын 30-декабрына барып такалат, Kapa-Cyy райондук аткаруу комитети № 482 чечими менен "Киров" колхозунун 12 гектар сугат жери борбордук базар куруу үчүн бөлүнүп берилген. Союз тарагандан кийин базарга көз арткандар көбөйүп, министрлер совети базарды мамлекетке кайтарып алууга аракет кылган.

1995-жылы ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагулов "Кара-Суу базары" "Ош облустук керек-жарак коомунуку" деп токтом чыгарган. 1996-жылы Ош облустук администрациясы да аталган базар "Ош облустук керек-жарак коомунуку" деп тааныган. 1999-жылы базар "Кара-Суу базары" жоопкерчилиги чектелген коом болуп. Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Анда уюштуруучусу катары "Ош облустук керек-жарак коому" көрсөтүлгөн. 2000-жылдын 16-октябрында Ош облустук керек-жарак коому "Кара-Суу базарын" 5 миллион сомго "Кыргыз соода биримдиги" сатып алган. Бул ишкана Баяман Эркинбаевге тиешелүү болгон.

Кара-Суу базары

Сүрөттүн булагы, Screenshot

2005-жылкы төңкөрүшкө чейин "Кара-Суу базарына" Баяман Эркинбаевге караштуу "Кыргыз соода биримдиги" ишканасы ээлик кылып келген. 2000-жылдын 21-сентябрында "Ош облустук керек-жарак коому" базардын 1,84 гектар жерин Жолборс Осмонов аттуу жаранга саткан. Бирок андагы сатып-алуу келишими жасалма болгону тууралуу айтылып келет.

2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин "Кара-Суу базарын" элдин колуна өткөрүү талаптары айтыла баштаган. Бул кыймылдын башында турган Абдалим Жунусов көп өтпөй "Кара-Суу" базарына жетекчи болуп дайындалган.

2005-жылдын 28-июлунда Жолборс Осмонов мурда сатып алган базардагы үлүшү "Кыргыз соода биримдиги" ишканасына катталып калганын айтып, сотко кайрылган. Ал базарды мамлекетке өткөрүүнү суранган.

2005-жылдын 5-сентябрына караган түнү Абдалим Жунусовдун үйүнө куралчан адамдар кирип, өзүн жана анын айдоочусун атып кетишкен. 2005-жылдын 14-сентябрында Кара-Суу райондук соту Жолборс Осмоновдун арызын канааттандырып, "Кара-Суу" базары менен Кыргыз соода биримдигинин" ортосундагы сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгарган.

Саналуу күндөрдөн кийин 21-сентябрда "Кыргыз соода биримдигинин" ээси, Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты Баяман Эркинбаевди атып кетишкен. Ал эми бир жылдан кийин "Кара-Суу базары" Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы мамлекеттик базар болуп түзүлгөн. Ошентип, Кыргызстандын түштүгүндөгү эле эмес, Ферганадагы ири базар мамлекеттин менчигине өтөт.

"Фергананын королу" жана Баткен окуясы

Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Кыргызстандын Баткен районунунун аймагына басып кирип, аймакты өздөрүнүн базасына айландырууга аракет жасашкан. Согушкерлер бир нече адамды барымтага алып, аларды куткаруу иштерине Баяман Эркинбаев дагы тартылып, Кыргызстандын өкмөтүн жетектеп турган Амангелди Муралиев ага мандат бергени да айтылат.

Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, полковник Маканбай Коңурбаев буга чейин ал окуялар тууралуу эскерип, "Азаттыкка" буларды айтып берген эле:

"Өкмөттөгүлөр барымтадагыларды бошотууга, өзгөчө жапон геологдорун куткарууга ким жардам бере алат деп, көп баш оорутушуп, акыры Баяманга токтошкон. Биринчиден, Баяман Эркинбаев ал кезде биздин чөлкөмдө балбан, чечкиндүү жигит катары белгилүү эле. Жогорку Кеңештин депутаты болчу. Ошолорун баарын эске алып, Муралиевдин атынан Баяманга чоң мандат берилген, ал барып тажик оппозициясы менен жолугуп келген".

Сүрөт-иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Erlan Satybekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөт-иллюстрация

Баяман Эркинбаевдин Баткен окуяларындагы ролун мурдагы чекист Алик Орозов дагы "Акипресске" былтыр берген маегинде айтып бергени бар.

Анын айтымында, 1999-жылы августта Жума Намангани баштаган согушкерлердин тобу Баткендеги тоолу аймактарда жапон туристтерин барымтага алып, аларды бастырып кирүүнүн кесепеттерин ойлоп, Кыргызстан, алгач сүйлөшүүлөргө баруу жолун тандайт. Өкмөттө кримтөбөл Жума Намангани менен тең ата сүйлөшүүлөр өткөрө ала турган адамды издешип, буга Баяман Эркинбаевдин талапкерлиги төп келгени айтылат. Анын үстүнө Эркинбаев буга чейин Жума Намангани менен сыртынан тааныш экени да эске алынат.

Ал кезде Эркинбаев түштүктөгү эң таасирдүү фигура эле, себеби ошол эле маекте 1993-жылы Фергана өрөөнүндөгү кримтөбөлдөрү чогулуп, аймактагы "эң башкы разборщик" катары Баяман Эркинбаевдин талапкерлигине токтолушканы айтылат. Орозов ошентип Баяман Эркинбаев "Фергананын королу" болуп калганын чоо-жыйын түшүндүрүп берген...

"Криминалды романтизациялабайлы"

Эгемен Кыргызстан тарыхында спорттон каралар дүйнөсүнө аралашып, андан кийин бизнесмен, саясатчыларды опузалап эле тим болбостон, парламентке депутат болуп келгендер аз эмес болду. Күмөндүү ресурстары менен бийликке келгендердин айынан өлкөдө бизнес, саясат жана криминалдык дүйнө аралашып кеткен.

Аракеттеги кыргыз өкмөтү кылмыш дүйнөсүн жоюуга батыл киришип, анын алкагында 2023-жылы кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды. Андан кийин күн алыс уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар делген бир нече адамдар четинен кармалып камалууда.

"Эч кимди тоотпой калышкан. Буларда акча бар, курал-жарак бар, таасир бар. Кол алдында баш кесерлери бар. Ушулар менен күрөшүш, ойлоп көрсөңөр, эмне деген азап? Биздин деле укук коргоо, коопсуздук, прокуратура, сот органдары арасында ошол криминалды, уюшкан кылмыштуу топту колдоп, жардам берген, чогуу жүргөндөрү көп болчу да. Ушул эле УКМК арасында. Укмуш көп болчу ", -деген эле Камчыбек Ташиев бул туурасында.

Ушундай шартта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин калаанын көчөлөрүнүн бирине карама-каршылыктуу фигура Баяман Эркинбаевдин ысымын берүү демилгеси коомчулукта талаш-талкууларга жем таштады. Бирок Ош шаарынын мэриясынын басма сөз өкүлү Жылдызбек Болотбеков мэр оозеки гана сунуш келтиргенин, бул тууралуу расмий чечим боло электигин Би-Би-Сиге тактады:

"Расмий түрдө бизден андай маалымат айтылган эмес, ал жөн эле айтылган сөз болчу. Мэрдин жанында жүргөн блогерлер ошол айтканын тартып чыгарып ийишкен. Ал боюнча маалымат бере албайбыз".

Серепчилер өлкөдө 90-чу жылдардан калган криминалды романтизациялоо көрүнүшү бар экенин белгилешет.

"Спорттон көтөрүлгөн (ред. Баяман Эркинбаев), бирок, чынын айтканда, карама-каршылыктуу фигура. Бир жагынан криминалга тиешеси бар экени айтылып келген. Экинчи тараптан, Союз урап бийлик алсыз болуп жатканда эл булардан коргоо издешкен да. Коргоочу катары да фигура болгон. Күч менен, колдоосу менен ошол жактагы кыргыздарга баш-көз болгон. Ооба, ар бир кишинин салмагы, салымы болгон, бирок ошентсе дагы Кыргызстан ушул жолдон - криминалды романтизациялагандан кетиши керек" - деди журналист Семетей Таласбек уулу.

Ал арада Оштун өзүндө мэрдин соңку демилгесине бир кылка пикир жок.

"Баямандын ысымын көчөлөрдүн бирине ыйгаруу боюнча 20 жыл мурда эле Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн токтомдору чыккан. Андыктан, бул маселе азыркы учурда биз тараптан демилгеленген жок", - деп жазды маркумдун жубайы, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Чолпон Султанбекова.

Ал ошондой маркум жолдошунун ысымын колдонуп "хайп" жасап жаткандарга нааразылыгын билдирди:

"Мен азыр оозуна келгенди оттоп, жыйырма жыл мурда көзү өтүп кеткен Баяманга акараат айтып, ага карата уу тилдерин агытып жаткандарга биздин сезимдерибиз менен ойнобогула деп айтар элем! "Ата деген ар бир адам үчүн ыйык. Ар бириңдин атаңар бар".

Ошентип, Баяман Эркинбаев эгемен Кыргызстан телчигип жаткан кездеги доордун маанилүү саясий фигураларынын бири катары тарыхта калары бышык.