Султанбеков, Атамбаев, Атазов жана башкалардын камактагы мөөнөтү 17-мартка чейин узартылды

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 15-январда Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Массалык башаламандыктар" беренелери менен айып тагылган камактагы саясатчылардын бөгөт чарасын карап, аларды 17-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында калтырды. Алардын камак мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Сот аны канааттандырганын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Былтыр 22-ноябрда, парламенттик шайлоого дээрлик бир жума калганда Кыргызстанда чуулгандуу камоолор орун алган. Күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, ондой адамды кармаган. Алардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов, саясатчы жана ишкер Урмат Барыктабасов, Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев жана башкалар бар.
Ички иштер министрлиги камалгандар "зомбулук, талкалоо, өрттөө менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көргөнүн" айтып маалымат тараткан.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагып, тергөө абагында алардын укуктары бузулуп жатканын билдиришкен.




