"Ирандын аба мейкиндиги жабык". ТИМ кыргыз жарандары Ирандан кайсы өлкөлөр аркылуу чыкса болорун кабарлады

Ирандагы аэропорт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандагы аэропорт

Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн, ошондой эле аталган өлкөгө барууну же андан чыгып кетүүнү пландап жаткан кыргыз жарандарына тиешелүү маалымат таратты.

"Азыркы учурда эл аралык авиакомпаниялардын көпчүлүгү Иранга/Ирандан аткарылуучу каттамдарды кыскартышкан же убактылуу токтотушкан, ошондой эле учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болууда. Эгер аба транспорту менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, коңшу мамлекеттердин аймактары аркылуу кургактык жолу менен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар" деп айтылат маалыматта.

ТИМдин билдиргенине караганда, кыргыз жарандары Ирандан Арменияга жана Түркияга визасыз кире алат. Ал эми Түркмөнстандын аймагына кирүү үчүн алдын ала Түркмөнстандагы кыргыз элчилигине кайрылып, кирүү жана транзиттик виза алуу боюнча көмөк көрсөтүүнү сурануусу керек болот.

Ал эми Ирандан Ооганстанга же Иракка өтүү үчүн виза алуусу зарыл. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен чек аралары жабык экенин эскерткен.

Иран өлкөдөгү толкундоолорго жана коопсуздукка байланыштуу жарандык учактар үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жапканын жарыялаган.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январдагы маалымат жыйынында Иран боюнча буларга токтолду:

"Биздин жарандар жайында болгон конфликт учурунда чыгып кетишкен. Азыркы учурда биздин 20дай гана жараныбыз бар. Анын ичинен 10у биздин дипломаттар. Дагы 11-12си ирандыктарга турмушка чыккан биздин кыз-келиндер – кыргыз жарандары. Алар биздин элчилик менен дайыма байланышта. Кырдаал мындан ары да кыйындап кетсе, аларды чыгарганга аракет кылабыз. Бирок азыр абал кичине турукташып калды. Биз элчилик менен дайыма байланыштабыз".

Декабрдын соңунда Иранда жергиликтүү акчанын долларга катышы кескин түшүп кетип, соодагерлер нааразылык акцияга чыгышып, демонстрациялар кийин өлкө боюнча кулачын жайып кетти. Өзөктүк программасы үчүн Батыш салган санкциялардан улам ирандын экономикасы катуу жабыркап, инфляция деңгээли 40% жетти.

Толкундоолор учурунда канча адам өлгөнү белгисиз. АКШда жайгашкан Human Rights Activists News Agency (HRANA) укук коргоо уюмунун баамында, набыт болгондордун саны 2500дөн ашат. Ирандык аткаминерлердин бири ушул аптада Reuters агенттигине болжол менен эки миңдей адам каза болгонун билдирди. Ошол эле учурда ал адамдардын өлүмүнө "террорчуларды" айыптады.