Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин сыйлыгы ыйгарылды

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе.

Сүрөттүн булагы, Council of Europe

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе.

Европа кеңешинин 2026-жылдагы Рауль Валленберг атындагы сыйлыгы белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасуловага ыйгарылды. Бул тууралуу Европа кеңеши 21-январда билдирди.

Страсбургда өткөн сыйлык тапшыруу аземинде Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Азиза Абдирасулова көп учурда жеке коопсуздугуна жаралган тобокелчиликтерге карабастан Кыргызстандагы адам укуктарын коргоого зор салым кошконун белгиледи. Ошондой эле аны "унчукпай коюу ыңгайлуураак болгон кезде Кыргызстанда биринчилерден болуп кыйноолорду жана өзүмбилемдик менен камоолорду системалуу түрдө документтештирип турган алгачкы укук коргоочу" деп атады.

Сыйлыкты алып жатып Азиза Абдирасулова: "Рауль Валленберг сыяктуу эле, мен үчүн да куткарылган ар бир адамдын өмүрү эң кымбат... Өзүмдүн узак тажрыйбамда мен адамдын негизги укуктарын: тынч жыйындарга чогулуу эркиндигин ... сөз жана ой эркиндигин дайыма коргоп келем. Мен жүздөгөн кыйноолорго күбө болдум жана ар бир учурда жабырлануучуларга колумдан келишинче жардам берүүгө аракет кылдым", - деп билдирди

Рауль Валленберг сыйлыгы эки жылда бир жолу тапшырылат. Валленберг өз дипломатиялык статусун он миңдеген жөөттөрдү Холокосттон куткаруу үчүн колдонгон швед дипломаты болгон. Ал 1945-жылы Будапештте камакка алынган. Европа кеңеши 2014-жылы Рауль Валленбергдин эмгегин эскерүү үчүн анын атындагы сыйлыкты негиздеген.

Азиза Абдирасулова ким?

"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Сүрөттүн булагы, Aziza Abdirasulova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова сот залында.

67 жаштагы Азиза Абдирасулова Кыргызстандагы көрүнүктүү укук коргоочулардын бири. Ал Кыргызстандын эгемен тарыхында адам укугу бузулган жана сөз эркиндиги чектелген учурларды ачык айтып жүргөнү менен белгилүү. 2002-жылы Аксы окуясында жабыркаган жергиликтүү тургундардын жана андан кийин саясий басымга кабылган бир катар саясатчылардын укугун коргогон. Ал укук коргоо багытында иш алып барган "Кылым шамы" уюмун түптөгөн.

Абдирасулова 2024-жылдын декабрь айынын соңунда Кыргызстандан чыгып кетип, бул чечимди жеке коопсуздугуна коркунуч жаралганы менен түшүндүргөн. Анын алдында президент Садыр Жапаров Элдик курултай учурунда бир нече өкмөттүк эмес уюмдарды жана көз карандысыз маалымат каражаттарын сынга алып, Азиза Абдирасулованын да ысымын атаган.

2025-жылдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканын билдирип, кыргыз бийлигин муну иликтөөгө чакырган.

Көп өтпөй президент Жапаров укук коргоочунун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу комментарий берип, Абдирасулованы эч ким аңдыбаганын, "муну жөн гана саясат кылып жатышканын" билдирген.

Абдирасулова 2025-жылдын февраль айында "Азаттыкка" маек куруп, коркутуулар болгону үчүн өлкөдөн чыгууга аргасыз болгонун айткан.

"Үйдүн жанына кимдер келди? Кимдер мени түнү менен "мына президент айтты, 21 миллионуң бар экен, 1 миллионун алып чык, болбосо азыр киребиз" деп коркутту, ошо президент сүйлөгөндөн кийин түнү менен? Мен эртең менен чыгып кеттим. Коркутуу болгон жок десе эле "аа, болгон эмес экен, бул өзү эле качып кетиптир" деген сөз эмес да. Жашым мына быйыл 67ге чыгат. Оорукчан абышкамды, үй-жайымды таштап коюп эле кетип кала тургандай эмесмин да", - деп билдирген укук коргоочу.

Ал 2025-жылдын сентябрь айында кызы Гүлшайыр Абдирасулованын демилгеси менен Кыргызстанга кайтып келгени белгилүү болгон.