Журналист Эрнис Кыязов УКМКга чакыртылып, атайын кызматтын кызматкерлери менен жолукканын жазды

Журналист Эрнист Кыязов

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Кыргызстандык журналист Эрнис Кыязов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакыртылып, атайын кызматтын кызматкерлери менен жолукканын Фейсбук баракчасына 20-январда жазды. Ошондой эле УКМК имаратынын сырты тартылган сүрөттү жарыялады.

Журналисттин айтымында, атайын кызматтын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүү бир жарым саатка созулуп, өлкөдөгү "стабилдүүлүк" тууралуу сөз болгон.

"Кабагы деги бир ачылбаган, сыпайылык, этика-метика дегенди билбеген, ороңдогон корс немелер болуш керек.." деп болжогом. Андай эмес болуп чыкты. Тим эле жадырашат. Мейман тоскондой илбериңки. Ныпым оройлук жок. Буга чейинки журналисттик ишмердигимде мыкты профессионалдуу иштеримди алкап макташты. "Тээ качанкы бир кездерден бери көрсөтүүлөрүңүздү көрүп урматтаган журналистсиз.." дешкенде магдырай эле түштүм. Анан саал өзүмдү жыйып "Ошондо, каалаганыңар эмне?" десем. "Стабилдүүлүк" дешти. Аябай таң калдым. Анткени менин да каалаганым стабилдүүлүк болчу да", — деп жазган Кыязов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Эрнис Кыязовдун чакыртылышы боюнча маалымат бере элек.

48 жаштагы Эрнис Кыязов Кыргызстандагы белгилүү журналист. Ал акыркы бир жылдан бери өзүнүн Ютуб-каналында ар кыл кесиптеги жана чөйрөдөгү адамдар менен подкаст-маектерди чыгарып келет. 17-январда Каржы полициясынын мурдагы башчысы, мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин маегин жарыяланган.

Эки жарым сааттык маек "Кыргыздар — Түркмөнстан болбойт!" деген аталыш менен чыккан. Анда Жапыкеев октябрь окуялары, ошондогу өзүнүн аракеттери, бийлик менен мамилеси, президент Садыр Жапаров, өлкөдөгү азыркы абал, чыгармачылык жана жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү ойлору, көз караштары менен бөлүшкөн. Айрыкча, анын жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу айткандары кызуу талкуу жараткан. Жапыкеев маекте Айтматовдун китептери "адамга руханий азык бербейт", "арзыбаган эле бирдемелер" деген. Парламентте жана коомчулукта Жапыкеевди жоопкерчиликке тартуу сунуштары айтылган.

Жапыкеевдин бийлик тууралуу айткандарына Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жооп кайтарган. Ал Жапыкеевдин сөздөрүн "калп жана жалаа" деп, өзүн "ашкана генералы" деген.

Эрнис Кыязов Кыргызстандагы бир катар телеканалдарды жетектеп, жооптуу кызматтарда иштеген.

Ал Ютубда аудиокитептер жыйнагын түзгөнү менен да белгилүү. Журналист жүздөгөн китептерди, анын ичинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармасын, кыргызстандык жана дүйнөлүк башка да жазуучулардын эмгектерин, Кыргызстандын башкарган президенттердин китептерин да өзү окуп, аудиолоштурганын айткан.