Жакынкы Чыгыш: Дубайда бир адам набыт болду

куерпке

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Дубай эмираты Ирандын согуштук учуучу аппаратын жок кылуу маалында жерге түшкөн сыныктан бир адам каза болгонун билдирди. Набыт болгон адам окуя болгон учурда унаа айдап бараткан. Ал чет өлкөлүк жаран экени айтылууда.

Бийликтин маалыматына караганда, бул окуя Дубайдын Аль-Барша районунда болгон.

Бул арада 7-март күнү эртең менен Дубай Эл аралык аэропортунун аймагына дрон тийген болушу мүмкүн деген видео тараган.

Видео аэропорттун түштүк тарабындагы өндүрүш аймагында тартылган. Анда терминалдын жанында жарылуу болгонун көрүүгө болот. Видеону тартып жаткан адам "дагы бир дрон" деп айтат. Жарылуудан мурда дрондордун моторунун үнүнө окшош добуш угулат.

Андан кийин кандайдыр объект тез ылдамдыкта ылдый түшүп, жарылуу жүз берген.

Видеодогу кадрларга караганда, окуя темир жол линияларынын түндүк тарабында жана Hertz автоунааларды ижарага берген Hertz компаниясынын имаратына жакын жерде болгон. Перрондо имараттын жанында кеминде төрт учак токтоп турганы көрүнөт.

Америка менен Израил Ирандагы аба чабуулдарын 28-февралда башташкан. Натыйжада Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи жок кылынган. Дагы бир нече жогорку даражалуу расмий адамдар да өлтүрүлгөн.

Тегеран буга жооп иретинде Перс булуңундагы бир катар мамлекеттердеги АКШнын аскердик базаларын жана башка инфраструктураларды абадан аткылай баштаган.