АКШ жана Израил менен согушта Ирандын ишенгени эмне?

gfdg

Сүрөттүн булагы, Reuters

    • Author, Амир Азими
    • Role, Би-Би-Синин Перс кызматы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Бул Би-Би-Синин Перс кызматынын журналистинин BBC News сайтында жарыяланган макаласынын котормосу.

Израил жана АКШ менен курчуп бараткан жаңжалдын шартында Ирандын аскердик туруму бир нерсени көрсөтүп турат: Иран жеңиш үчүн күрөшүп жаткан жок. Иран өзүнүн шарттарын коюп, аман калуу үчүн кармашууда.

Ислам Республикасынын лидерлери жана командачылары азыр түзүлгөн кырдаалга жылдар бою даярданып келишкен.

Алар өздөрүнүн чөлкөмдөгү дымагы акыр соңунда Израил же АКШ менен тикелей тирешке жеткириши мүмкүн экенин жана бул өлкөлөрдүн бири менен согуша турган болсо, жаңжалга экинчи өлкө тартылышы ыктымал экенин түшүнүшкөн. Мындай мыйзам ченемдүүлүк өткөн жайда 12 күндүк согуш учурунда айкын болгон: ошол согушта Израил биринчи соккуну урганда, бир нече күндөн кийин ага АКШ кошулган.

Согуштук аракеттердин азыркы кездеги айлампасында экөө биригип алып Иранга сокку уруп жатышат.

АКШ менен Израилдин технологиялык артыкчылыгын, чалгын кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн жана алдыңкы аскердик техникасын эске алганда, ирандык стратегдер согуш талаасында жеңишке оңой жетүүнү пландап жатат деген жаңылыштык болот.

Тескерисинче, Иран өз стратегиясын оздуктоонун жана чыдамкайлыктын негизинде түзүп жаткандай. Акыркы он жылдын ичинде Иран баллистикалык ракеталардын көп деңгээлдүү системаларына, алыскы аралыкка жетүүчү учкучсуз учактарга жана жалпы чөлкөм боюнча союздаш куралдуу топтордун тармагына көп каражат жумшап келген.

Израил өзүнүн чектөөлөрүн баамдап турат: АКШнын континенталдык бөлүгүнүн аймагына Тегерандын колу жетпейт, бирок Ирандын аскер күчтөрүнө АКШнын чөлкөмдө, өзгөчө коңшу араб өлкөлөрүндө орун алган базаларына жетүү оор болбойт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израил ошондой эле Ирандын ракеталары менен учкучсуз учактары жете алчу аралыкта жайгашкан, ал эми акыркы соккулар Израилдин абадан коргонуу системалары да темирдей бек эместигин көрсөттү. Бул системалардан буйтап өткөн ар бир снаряд аскердик гана эмес, психологиялык салмакка да ээ болгондой.

Ирандын эсептөөлөрү бир жагынан согуштун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугуна негизделген. Израил менен АКШ колдонгон кармап калгычтар Ирандын колундагы көптөгөн дрондор менен ракеталардан алда канча кымбат турат. Тереңдеп бараткан тиреш АКШ менен Израилди салыштырмалуу арзан буталарды сактап калуу үчүн кымбат каражаттарды колдонууга мажбурлап жатат.

Энергетика – аскер экономикасындагы дагы бир рычаг.

Ормуз кысыгы мунай жана газ ташууда эң маанилүү түйүндөрдүн бири бойдон кала берүүдө. Иран Перс булуңундагы бул кууш суу коридорун толугу менен жаппай деле койсо болот – реалдуу коркунучтар жана мунай ташуунун улам үзгүлтүккө учурап жатканы баалардын өсүшүнө алып келди. Эгерде мындай кырдаал улана берсе, мунун баары эл аралык басымды күчөтүп, деэскалацияга чакырыктар туш тараптан жаңыра баштамакчы.

Бул көз караштан алып караганда, эскалация Ирандын каршылаштарын аскердик жактан жеңилүүсү үчүн эмес, согушту уланткан учурда анын чыгымдарын көбөйтүү үчүн куралга айланууда.

Кошуна өлкөлөргө урулуп жаткан соккуларды мына ушул тактика менен да түшүндүрсө болот.

Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Оман жана Ирак сыяктуу мамлекеттерге ракеталар жана дрондор менен урулуп жаткан соккулар бул өлкөлөргө америкалык базаларды жайгаштыруу канчалык тобокелдүү болгонун көрсөтүү максатын көздөп жаткандай.

Тегеран бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү аскерий операцияларды чектөөнү же токтотууну талап кылып, Вашингтонго кысым көрсөтөт деп үмүттөнүп жаткан болушу ыктымал, бирок бул кооптуу авантюрага окшоп турат. Чабуулдар мындан ары да улана берсе, анда ортодогу кастык курчуп, бул мамлекеттер АКШ менен Израилдин тарабына өтүп кетиши ыктымал.

Узак мөөнөттүү кесепеттер согуштун өзүнөн да көпкө чейин созулуп, чөлкөмдө жылдар бою түзүлүп калган альянстарды өзгөртүп, Иран мурдагыдан да көбүрөөк обочодо калышы мүмкүн.

Эгерде аман калуу биринчи орунда турган максат болсо, анда душмандардын чөйрөсүн кеңейтүү – бул тобокели жогору болгон кадам. Бирок Тегерандын көз карашынан алганда, эгерде өзүн оздуктай турган болсо, анда Иран чабал болгонунан кабар берген белги болуп калышы ыктымал.

Жергиликтүү командачылар буталарды өздөрү тандай алат же ракеталарды салыштырмалуу автономдуу түрдө учура алат деген кабарлар да кошумча суроолорду жаратууда.

Эгерде бул чын болсо, бул сөзсүз түрдө эле командалык түзүмдөрдө башаламандык болуп жатат дегенди билдирбейт. Иранда, өзгөчө Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусундагы (ИЫСК) аскердик доктринада жапырт чабуулдарда иш-аракеттердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында борборго кылчактабастан, өз аракеттерин уланта берүүгө уруксат бар.

Байланыш тармактары кармап калуу жана токтотуу көз карашынан алганда аяр абалда. Жогорку командирлер бутага айланды. Ал эми АКШ менен Израилдин абадагы артыкчылыгын борборлоштурулган көзөмөл чектеп жатат. Мындай шарттарда алдын ала макулдашылган максаттуу тизмелер жана ракеталарды учуруу боюнча өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар атайын сактык чаралары болушу мүмкүн.

АКШ менен Израилдин биринчи соккусунан Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи жана Сакчылар корпусунун жогорку даражалуу ишмерлери жок кылынгандан кийин дагы ирандык күчтөр жооп кайтарып, сокку уруп жатканын дал ушул аскердик доктрина менен да түшүндүрсө болчудай.

Бирок, борборго баш ийбестен өз аракеттерин уланта берүү тобокелдиктер менен коштолот. Толук эмес маалыматка ээ болгон жергиликтүү командирлер бейтараптуулукту карманган коңшу мамлекеттерге чабуулдарды кошо алганда, согушка тиешеси болбогон объекттерди да бутага алышы мүмкүн.

Бирдиктүү көз караштын жоктугу да туура эмес эсептеп алуу ыктымалдыгын жогорулатат. Эгерде мындай кырдаал узакка созула берсе, мунун натыйжасында Ирандын күч түзүмдөрүндө буйруктар четке кагылып, башкаруу колдон чыгышы ыктымал.

Акыр-аягы, Иран душмандарына караганда азапка жана чыгымдарга туруштук берүүгө даяр болуп жаткандай.

Эгерде ушундай болсо, анда бул так эсептелген эскалациянын бир түрү: туруштук берүү, жооп кайтаруу, толук кыйроого жол бербөө жана каршы тарапта саясий пикир келишпестиктер пайда болгонго чейин күтө туруу.

Бирок мындай өжөрлүктүн да чеги бар. Ирандын ракеталарынын запасы чектелүү, ал эми аларды өндүрөйүн десе, буга каршылаштар улам сокку уруп, жол бербей жатат. Ракетаны учурган көчмө түзмөктөрдүн жерин которуп, ары-бери ташыганда эле алар аткылоодо калып жатат, ал эми аларды алмаштырууга убакыт кетүүдө.

Ушундай эле кырдаал Ирандын каршылаштарында да түзүлдү.

Израил өзүнүн абадан коргонуу системаларына толугу менен таяна албайт. Ар бир сокку урулган сайын коомчулуктун тынчсыздануусун күчөй берет. АКШ болсо регионалдык эскалацияны, энергетика рыногунун туруксуздугун жана узакка созулган операциялардын финансылык жүгүн таразага коюуга мажбур болот.

Тирешкен тараптар убакыт алардын пайдасына ойноп жатат деп эсептегендей. Бирок эки тарап тең жаңылышы ыктымал.

Бул согушта Ислам Республикасы жеңишке муктаж эмес – ал жөн гана чөгүп кетпөөнүн аргасын издөөдө.

Бул максатка коңшулардан биротоло алыстап кетпестен жетүүгө болобу же жокпу – бул суроо азырынча жоопсуз калууда. (ZMa)