Кыргызстанда төңкөрүш жасоо максатында сакталган курал-жарак жок кылынды

Сүрөттүн булагы, Official
Ошто криминалдык авторитет атыккан Кадыр Досоновдун (Женго) уюшкан кылмыштуу тобуна таандык курал-жарак арсеналы жок кылынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, табылган курал-жарак "Женго" каймана аты менен белгилүү болгон кылмыштуу авторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.
Текшерүү учурунда УКМК кызматкерлери тарабынан 12 даана Калашников автоматы, 2 даана "Беретта" жана "Макаров" согуштук тапанчалары, 2 даана (кесилген стволдуу) жылмакай мылтык, 11 даана Калашников автоматынын магазини жана бир топ ок-дарылар табылган.
Тергөө маалыматтарына ылайык, көрсөтүлгөн курал-жарак арсеналы өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн, анын ичинде республикадагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу максатында даярдалган.
"Бул үчүн ылайыктуу учурдун келүүсүн, өлкөдө ички саясий жана социалдык-экономикалык абалдын курчушу күтүлгөн. Мындай жагдай республика ичиндеги деструктивдүү кызыктар күчтөр тарабынан атайылап козутулушу мүмкүн болуп, алардын максаты - учурдагы бийликти антиконституциялык жол менен алмаштыруу болгон",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, трансулуттук кылмыштуу топторго өкүлчүлүк кылган таасирдүү криминалдык авторитеттер тарабынан сырттан колдоо боло турганы пландалган.
"Алар кылмыш дүйнөсүндө "уурулардын идеясы" деп аталган түшүнүктүн таасири астында аракет кылышкан. Ошондой эле "боордоштор жамааты" аттуу кылмыштуу топтун таасирин кайра жандандырып, Кыргызстандын аймагында уюшкан кылмыштуулуктун базасын калыбына келтирүүнү көздөшкөн. Кылмыштуу элементтердин максаты- өлкөдө саясий кырдаал ыңгайлуу болуп калса, куралдуу төңкөрүш жасоого аракет кылуу жана андан кийин бийликке кылмыш дүйнөсү тарабынан колдоого алынган саясатчыны алып келүү болгон",- деп билдирди УКМК.
Мындан тышкары, светтик түзүлүшкө каршы биргелешкен каршылык көрсөтүүдө диний риториканы колдонуу аркылуу эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын колдоосуна да таянуу пландалганы айтылат.
Учурда УКМК тарабынан алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык жана криминалистикалык экспертизадан өткөрүү үчүн жөнөтүлдү. Тергөөнүн алкагында тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.
Мындан тышкары, Конституциялык түзүлүшкө каршы аракеттерди пландаштырууга жана даярдоого катышы болушу мүмкүн делген адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. Анын ичинде идеологиялык демөөрчүлөрдү, уюштуруучуларды, каржылык жактан колдогон адамдарды жана бул ишке тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган чаралар көрүлүп жатканы маалымдалды.




























