"Боорукер адаммын". Жапаров вебкам-студияларды уюштурган Ажиев боюнча комментарий берди

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров вебкам-студияларды уюштурганы үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин абактан бошотулушу жана анын айланасындагы талкуулар боюнча комментарий берди.
Жапаровдун айтымында, Ажиев президенттик ырайымдын негизинде бошотулган. Президентке түздөн-түз Ажиевдин апасы кайрылган.
"Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылган экен. Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем деп кайрылган",- деди президент.
Анын сөзүнө караганда, ушул кайрылуудан кийин ал Ажиевге ырайым берүү чечимин кабыл алган.
"Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем",- деп кошумчалады ал.
Президент Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткени тууралуу маалымат ага да күтүүсүз болгонун белгиледи.
"Анан эле мага "Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат" деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. "Тик учак менен учуп кетти" деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз",- деп түшүндүрдү мамлекет башчысы.
Президент бул окуя үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөөнүн негизсиз экенин белгиледи. Айтымында, министрликтин тик учактары өзгөчө кырдаалдардан тышкары коммерциялык буйрутмаларды да аткара алат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да. Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз. Ким акчасын төлөп, буйрутма берсе учак кызмат көрсөтө берет",- деди Жапаров.
Айтымында, тик учак кызматын пайдаланууда адамдын аты көрсөтүлбөйт, болгону учуу багыты жана башка техникалык маалыматтар берилет.
"Ал жерде Ажиевди түрмөнүн жанынан алып кетүү деген буйрук болбойт. Учуп барып конуу локациясы, кайра учуп келип конуу локациясы, учуу сааты жана адамдардын саны гана көрсөтүлөт",- деди ал.
Мамлекет башчысы Ажиевдин абактан чыккандан кийин тик учак жалдап учканы тууралуу укканда өзү да таң калганын жашырган жок.
"Ажиев темасына кайтып келсек, мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы "итке минип калдык" деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, "мени алдаган экен да" деп ойлодум",- деди Жапаров.
Ошондой эле президент акын Аскат Жетинденге байланыштуу суоого жооп берип жатып, ал ырайым берүүдө адамдарды тандап бөлбөй турганын айтты.
"Мен кимди чыгарышты, кимди чыгарбашты тандабайм. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам. Арыз менен кайрылбаган соттолуучуну кантип чыгарам. Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз",- деди ал.
Күн мурун Кыргызстанда вебкам-студияларды уюштуруу боюнча соттолгон Даниэл Ажиевди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен абактан алып кетишти деген маалымат тарап, коомдо кызуу талкуу жараткан.




























