"Буйрутманы башка адам берген". ӨКМ Ажиевдин тик учак менен абактан чыгарылганы тууралуу түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги вебкам-студияларды уюштуруу боюнча соттолгон Даниэл Ажиевди министрликтин тик учагы менен абактан чыгрып кеткен деген маалыматка байланыштуу түшүндүрмө берди.
Анда тик учактын ичинде ким болгону тууралуу министрликтин кабары болбогону айтылат.
"Бирок ижара акысын төлөп, пайдалануу боюнча келишим түзүлгөнү анык. Буйрутма берген адам Даниэл Ажиев эмес, башка адамдар болгон. Айтылган дарекке учуп барганда бөлөк адам отурган. Ал Бишкекке алынып келинген",- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул окуя боюнча министрликтин жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган. Анын жыйынтыгында айрым кызматкерлерге чара көрүлүп, мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилген.
Вебкам-студияларды уюштуруу жана порнографиялык мазмундагы материалдарды таратуу боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган Даниел Ажиев президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен 17-февралда абактан бошотулган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын жайында Даниел Ажиевди бир катар оор беренелер күнөөлүү деп тапкан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 160 ("Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү"), 161 ("Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу"), 261 ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") жана 215-беренелери ("Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү") боюнча айыпталган. Ага 220 миң сом айып салынган, ошондой эле анын 262 миллион сомдук мүлкү (батирлер, үйлөр жана автоунаалар) конфискацияланып, мамлекеттин кирешесине алынган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал трансулуттук кылмыштуу топту түзүп, атайын студияларда интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүлүп турган.
Тергөө маалыматына ылайык, Даниел Ажиев тарабынан түзүлгөн платформалар аркылуу топтун мүчөлөрү чет өлкөлөрдө да интимдик кызматтарды көрсөтүп, ири киреше таап турушкан. Бул ишке кыздар тартылганы белгилүү болгон. Күч түзүмдөрү операторлор 18-25 жаштагы 300гө жакын жарандан туруп, үч нөөмөт менен иштегенин кошумчалашкан.
Ошондой эле, УКМКга Э. А. аттуу жаран акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган. Анын айтымында, ал вебкам-студияда оператор болуп иштеп, иш тартибин бузгандыгы үчүн администратор тарабынан психологиялык басымга кабылган. Администратор аны физикалык түрдө жазалайм деп коркутуп, 2 миң доллар талап кыла баштаган.
Даниел Ажиев 2023-жылдын июнь айында Өзбекстан аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына качууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган болчу.
Аны менен кошо дагы бир адам 8 жылга соттолуп, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган.




























