Эреже бузган айдоочулардан жеринде сынак алуу боюнча мыйзам долбоору артка кайтарылат

Сүрөттүн булагы, Social
Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде планшет аркылуу тест алуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Айтымында, тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров берген. Мындай чечим демилгеге карата коомчулук тарабынан айтылган негиздүү сын-пикирлер эске алынгандан кийин кабыл алынган.
Мыйзам долбоорунда жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулардын билим деңгээлин укук бузуу катталган жерде текшерүү каралган.
Ички иштер министрлиги аны айдоочулардын тартибин жана жоопкерчилигин жогорулатуу катары түшүндүргөн.
Парламентте талкуу учурунда айрым депутаттар мыйзам долбоору коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзүшү мүмкүн экенин айтып, сунушталган нормаларды ишке ашыруунун так механизмдери көрсөтүлүшү керектигин белгилешкен.
























