АКШ менен Израилдин Иран менен согушу мыйзамдуубу? Серепчилердин пикири

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп
    • Author, Григор Атанесян
    • Role, Би-Би-Си
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунун мыйзамдуулугу Орусияны, Кытайды жана Түндүк Кореяны гана эмес, ошону менен бирге НАТОнун айрым өлкөлөрүн да тынчсыздандырууда. Бирок бул БУУга кастык маанайда болгон жана союздаштарынын пикирин көзгө илбеген Дональд Трамптын администрациясына таасир этери күмөн.

Ак үй үчүн андан да олуттуу көйгөй бар – Америкада бул операция кеңири колдоо тапкан жок жана ашкере оңчул республикачылар согушка каршы катаал позициясын көрсөтүүдө.

Аятолла Али Хаменеи жок кылынганга чейин акыркы жолу бир мамлекеттин аскерлери экинчи өлкөнүн башчысын 1979-жылы өлтүрүшкөнүн эстей турган болсок, Иранга каршы америкалык-израилдик операциянын маанисин түшүнүүгө болот. Ошондо СССРдин КГБсынын атайын күчтөрү Ооганстандын лидери Хафизулла Аминди өлтүрүп, совет бийлиги бул өлкөгө бастырып кирген. Ирактын диктатору Садам Хуссейн менен ливиялык автократ Муаммар Каддафинин өлүмү аскердик операциянын бир бөлүгү болгон эмес; Вашингтон менен анын союздаштары алардын өлүмү үчүн өздөрүнө түздөн-түз жоопкерчиликти алгысы келген эмес.

2001-жылы Ооганстандагы согуш БУУнун колдоосун тапкан жана 2003-жылы Иракка бастырып киргенге чейин АКШ менен Британия бери дегенде Коопсуздук кеңешинен, НАТОдогу союздаштарынан жана жалпысынан эл аралык коомчулуктан колдоо табууга умтулушкан эле.

Ушул тапта Ак үйдү БУУнун пикири көп деле кызыктырган жери жок, себеби Трамп БУУну буга чейин аракетсиздикке жана куру сөзгө айыптап келген. Вашингтонду европалык өнөктөштөрү колдойбу же жокпу – бул көп деле кызыктырбайт. Анын үстүнө Трамп жакында эле Ооганстандагы согуш маалында европалыктар өз жаны менен алек болуп, оорукта күн өткөрүшкөнүн билдирип, бул сөздөрү менен НАТОнун кыжырын кайнаткан.

"Эл аралык институттар деп аталып жүргөндөрдүн пикири кандай болгонуна карабастан, Америка тарыхтагы эң так аба өнөктүгүн жүргүзүп жатат", - деп билдирди АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет.

Өзүн-өзү коргообу же агрессиябы?

АКШ менен Израил Иранга каршы операцияны эл аралык укукта каралган өзүн-өзү коргоонун толук мыйзамдуу актысы катары сыпатташууда.

Алардын көз карашы боюнча, Ирандын өзөктүк программасы жана баллистикалык ракеталары Израилге жана АКШга олуттуу коркунучту жаратып жаткан. "Түз сүйлөшүүлөр Тегеранды өзөктүк программасынан баш тартууга жана ракеталарды жасоо ишин чектөөгө көндүрө алган жок, ошол себептен Америкада да, Израилде да Ирандын келечектеги чабуулун болтурбоо үчүн биринчи болуп кол салуудан башка арга калган эмес", - деп ырасташууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биздин максатыбыз Ирандын режиминин, өтө ырайымсыз жана коркунучтуу адамдардын тобунун тикелей коркунучун жок кылуу менен Америка элин коргоп калуу болду. Алардын кара ниет аракеттери АКШга, биздин аскерлерге, чет өлкөлөрдөгү базаларыбызга жана дүйнө жүзүндөгү союздаштарыбызга тикелей коркунуч жаратып жаткан", - деди Трамп согуш башталгандан кийинки видео кайрылуусунда.

Трамп АКШга тикелей коркунуч болгонун Иран АКШга учура ала турган континенттер аралык баллистикалык ракеталарды жасоого бел байлаганы менен негиздеди. "Бирок бул ырастоону америкалык чалгын кызматынын маалыматтары жокко чыгарууда" деп жазат Рейтер. Ак үйдүн расмий билдирүүсү согушту "Иран режиминин колундагы өзөктүк куралдын коркунучу" менен актап жатат.

Израилдин президенти Ицхак Герцог Би-Би-Сиге берген маегинде "Ирандан келген коркунуч ага каршы соккуну мыйзамдуу кылат" деп билдирди. "Аятолла Али Хаменеинин режими өз элинин миллиарддаган акчасын жапырт кыргын салуучу куралдарды жасап, башаламандык менен террорду жаратуу максатында сарптады" деди Герцог.

"Эл аралык укукка ылайык, душман сени жер бетинен жок кылуу үчүн бомба жасап жатканда жана сени жок кылам деп ачык билдиргенде өзүңдү коргоо укугун колдоносуң", - деп кошумчалады Израилдин президенти.

Сүрөттө: АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу Тегеранга сокку уруудан башталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу Тегеранга сокку уруудан башталды

Президент Герцогдун пикирине көптөгөн эксперттер кошулбайт. "Бул согуш – мыйзамсыз жана БУУнун Уставында бекитилген күч колдонууга тыюу салууну бузат", - деп жазды Рединг университетинин эл аралык укук боюнча профессору Марко Миланкович.

"Израиль да, АКШ да БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык, Иранга каршы өзүн-өзү коргоо укугун пайдаланып жатабыз деп жекече да, жамааттык түрдө да жүйө келтирип ырастай алышпайт. <...> Өзүн-өзү коргоо үчүн күч колдонууну актай тургандай Иран эч кандай куралдуу чабуулду койгон жок", - деди Миланкович.

Согуш келечектеги кол салууну болтурбоо үчүн башталды деген жүйө Тегеранда кол салууну ишке ашыруу ниети жана мүмкүнчүлүктөрү менен тастыкталышы керек болчу. "Бирок Трамп өзү былтыр Ирандын өзөктүк программасы жок кылынганын айткан", - деп эске салды профессор.

"АКШ менен Израилдин өзүн-өзү коргоо тууралуу келтирген жүйөлөрү эл аралык укук адатта талап кылган чекке жетпейт", - дейт АКШнын Мамлекеттик департаментинин мурдагы юристи, ушул кезде Колумбия университетинин улуттук коопсуздук жаатындагы укук боюнча программасынын улук илимий кызматкери Скотт Р. Андерсон.

"Эл аралык укук "куралдуу кол салуу сөзсүз болгондо гана өзүн коргоо укугу колдонулушу керектигин" талап кылат. Эл аралык укук боюнча эксперттер, БУУнун Эл аралык соту жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү дал ушундай түшүнүшөт", - дейт Андерсон.

Андерсон белгилегендей, Трамптын администрациясы болгону Американын көптөн берки салтын гана улантууда. "Куралдуу кол салуу" дегенде эмнени түшүнүш керектигин чечмелей келгенде АКШ менен Израил кеңири түшүндүрмө беришет. Андерсондун айтымында, 1987-88-жылдары АКШнын Ирандын мунай платформаларына чабуулун актоо үчүн да дал ушундай чечмелөө колдонулган.

АКШ менен Израилдин аракеттерин Кытай, Орусия жана Түндүк Корея айыпташты. Американын батыш союздаштарынын реакциясы ар түрдүү болду. Трамптын акыркы коркутууларына карабастан, Австралия жана Канада Иран менен согушту ачык колдошту; Франция менен Германия да АКШнын тарабында болушту. Ошол эле учурда Испаниянын премьер-министри муну эл аралык укукту бузуу деп баалады.

Британиянын позициясы бир өңчөй болгон жок – анын өкмөтү башында өзүнүн базаларын Иранга кол салуу үчүн колдонууга макулдугун берген эмес жана Ирандын жооп иретинде соккулары британ жарандарынын өмүрүнө коркунуч жараткандан кийин гана көз карашын өзгөрттү. Лондондо чыккан гезиттер министрлер кабинети америкалык-израилдик операция эл аралык укукка шайкеш келбегендигине тынчсызданып жатканын жазышууда.

Ал тургай британ базаларын колдонууга уруксат алар Ирандын лидерлерине эмес, ракеталык түзүлүштөргө сокку уруу үчүн гана колдонулат деген шарт менен берилген. Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Кир Стармерден абдан көңүлү калганын айтып, министрди америкалык операциянын мыйзамдуулугу маселеси тынчсыздандырып жатканын ырастады.

Британиянын турумунун өзгөрүшүнө Ирандын Перс булуңундагы өлкөлөргө – БАЭге, Сауд Арабиясына, Катарга, Бахрейнге жана Оманга сокку уруп жатканы да себеп болду.

"Алардын айрымдарында АКШнын аскерий базалары болгону менен, бул базалар Иранга кол салуу үчүн колдонулган жок, ошондуктан жооп сокку үчүн мыйзамдуу бута болуп саналбайт", - дейт Рединг университетинин профессору Миланкович. Мындан тышкары, ирандык дрондор жана ракеталар базаларды гана эмес, жарандык объектилерди да бутага алып жатат.

"Ирандын Перс булуңундагы өлкөлөргө ракеталык жана дрондор менен кол салуулары куралдуу чабуул болуп саналат, себеби алар өзүн-өзү коргоонун чегинен чыгып жатат", - деди Миланкович.

Ушундай эле логика британ өкмөтүнүн укуктук позициясынын кыскача түшүндүрмөсүндө да чагылдырылган: "Эл аралык укук Британияга жана анын союздаштарына күчтү колдонууга же аны колдоого уруксат берүүгө бир шарт менен жол ачат: өзүн-өзү коргоо куралдуу кол салууга жалгыз жеткиликтүү жооп болуп, колдонулган күч зарыл жана өлчөмдөш болууга тийиш".

"Эпштейндин каары" операциясы

АКШ менен Израилдин аскердик операциясы башталгандан кийин эле ал эл аралык гана эмес, ошону менен бирге америкалык укукка да шайкеш келерине олуттуу шек жаралды. Демократ сенаторлор Ак үйдүн аракеттерин мыйзамсыз деп аташты. Сынчылар атүгүл операциянын "Эпикалык каар" деген расмий аталышын "Эпштейндин каары" дегенге өзгөртүп, муну менен Трамп шайлоочуларды маркум педофилдин файлдарынын айланасында токтобой келаткан жаңжалдан алаксытууга аракет кылып жатат деп болжолдошууда.

"Башкы командачы катары президенттин куралдуу күчтөрдү колдонууга белгилүү бир ыйгарым укуктары бар, бирок ал укуктар өзгөчө кырдаалдар менен чектелет – чабуул коюлганда анын мизин кайтаруу үчүн же, мисалы, жакын арада сөзсүз түрдө кол салуу болот деп күтүлүп жатканда колдонсо болот. Бүгүнкү күндө ушундай болуп жатканын айгинелеген эч кандай белгилер жок — бул [Иранга] соккуларды мыйзамсыз кылып жатат", - деди конституциялык саясат боюнча адис Дэвид Яновски Time журналына берген маегинде.

"Трамптын администрациясы бул согушка Конгресстин макулдугун алган жок жана бул анын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу көз карашынан алганда да көйгөйлөрдү жаратууда", - деп белгиледи Яновски. Ооганстан менен Иракта согуштарды баштардын алдында Жорж Буштун администрациясы Конгресстен колдоо тапкан.

Сүрөттө: 2003-жылы Такер Карлсон Ирактагы согушту колдочу, эми болсо, бул үчүн өкүнөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: 2003-жылы Такер Карлсон Ирактагы согушту колдочу, эми болсо, бул үчүн өкүнөт

Бирок, Ак үйдү айтылып жаткан сындар жана иш-аракеттери Конституцияга канчалык шайкеш келгени көп деле кабатыр кылбагандай. Экинчи президенттик мөөнөтүндө Дональд Трамп жана анын юристтери президент башында турган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын кеңири жана кээде болуп көрбөгөндөй чечмелеп келишүүдө.

Соңку үч күндө жүргүзүлгөн ыкчам-сурамжылоолордун жыйынтыктары Трамп менен Республикалык партия үчүн кыйла олуттуу көйгөйгө айланышы ыктымал. Жыйынтыктардын баары америкалыктардын басымдуу бөлүгү администрациянын иш-аракеттерине каршы экенин көрсөтүүдө.

Бир сурамжылоонун жыйынтыгына караганда респонденттердин 48% согушту колдобойт, 37% гана колдойт. Дагы бир сурамжылоого ылайык, респонденттердин 43% каршы, 29% азырынча так бүтүм чыгарбаганын айтты жана 27% гана колдогон.

Ошол эле маалда сурамжылоолорго караганда, республикачылардын басымдуу бөлүгү Трамптын чечимин колдоп жатышат. Бирок америкалык саясаттын ашынган оңчул канатындагы бир нече өтө таасирдүү саясатчылар согушка каршы бекем позицияны ээлешти.

"Менин көңүлүм кайт болду", - деп билдирди Blackwater жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Эрик Принс. Принс бул согуш Американын кызыкчылыгына жооп бербейт жана Трамптын "Американы кайрадан улуу кылабыз" (MAGA) деген убадасына шайкеш келбейт деп эсептейт. Ушул өңдүү сын менен Трамптын тарапкери, телеалпаруучу Мегин Келли да чыкты.

Мурдагы телеалпаруучу, ал эми учурда миллиондогон аудиториясы бар блогер Такер Карлсон акыркы айларда Иран менен согушка жигердүү түрдө каршы чыгып келди жана согуш башталгандан бери аны катуу сындоодо. Карлсон АКШ менен Израилдин аракеттерин "кара санатай жана жийиркеничтүү" деп атады. Ал согуш АКШнын да, Израилдин да кызыкчылыктарына туура келбей турганын, бул үчүн Трампты Тегеранга биргелешип кол салууга көндүргөн Беньямин Нетаньяху жооптуу экенин айтты.

The New York Times өз булактарына таянып жазгандай, Карлсон акыркы бир айдын ичинде Трамп менен үч жолу жолугуп, президентти согушка аралашпоого көндүрүүгө аракет кылып келген.

Сүрөттө: Трамп Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган эмес, бирок ФИФАнын Тынчтык сыйлыгына татыган. Ал Норвегиянын премьер-министрине Нобелдин сыйлыгын албаганы үчүн мындан ары эми жалаң гана тынчтык жөнүндө ойлонбой турганын жазган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Трамп Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган эмес, бирок ФИФАнын Тынчтык сыйлыгына татыган. Ал Норвегиянын премьер-министрине Нобелдин сыйлыгын албаганы үчүн мындан ары эми жалаң гана тынчтык жөнүндө ойлонбой турганын жазган

Оңчул сынчыларды операциянын эл аралык укукка шайкештиги көп деле бушайман кылган жок, алар январдын башында Венесуэланын лидери Николас Мадурону кармоо операциясы тууралуу кабарды токтоолук менен кабыл алышты.

Бирок, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлердин өлүмүнө алып келген жаңы согуш аларга Ирактагы, Ооганстандагы согуштарды жана Трамп токтотууну убада кылган "аягы көрүнбөгөн согуштарды" эске салып жатат. Алар Иран менен жаңжалда америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасын кайрадан текке кетет деп айтышууда.

"Америкалыктардын басымдуу бөлүгү бул согушка каршы", - деп билдирди мурдагы конгрессмен Мэрджори Тэйлор Грин. Ал жакынкы убакытка чейин эле Вашингтондо Трампты толугу менен колдоп келген саясатчылардын катарына кирчү.

"Мен колдогон адам ... ал Ирактагы согушту айыптап, эми мындан ары башка өлкөлөрдөгү согуштарга, башка мамлекеттердин режимдерин өзгөртүүгө катышпайбыз деп убада берген эле", - деди Грин Трамп жөнүндө.

Ашкере оңчулдардын сыны ушул тапта өзгөчө оор болушу мүмкүн, себеби АКШда ноябрда орто аралыктагы шайлоо өтөт. Ушул тапта Конгресстин эки палатасында тең республикачылар басымдуулук кылат. Эгерде демократтар күзүндө Сенатка же Өкүлдөр палатасына көзөмөлдү колго алышса, анда бул Трамптын иш-аракетиндеги эркиндигин кыйла чектемекчи.

Президенттин мурдагы санаалашы, ал эми учурда оппоненти Тэйлор-Грин анын тарапкерлеринин сабырдуулугу да чексиз болбогонун эске салды.

"Алар каалаганын жасап жатышат. Эгерде кимдир бирөө алар менен жада калса 1-2 маселеде пикир келишпей калса, болду, ошол замат мындай адамдарды чыккынчылыкка айыптап жатышат, - деп Трамптын администрациясы жөнүндө жазды Тэйлор-Грин. – Бирок бул түбөлүккө созула бербейт. Адамдарды тынымсыз коркутуп-үркүтүп, мазактап, акыры өз пикириңе кошулууга мажбурлап отуруп, бардык [саясий] коалициялар кайрадан республикачыларга добуш берет деп үмүт артпашың керек". (ZMa)