Депутат Бекешев жалпы республикалык тестирлөөнү акысыз кылууну сунуштады

ЖРТ

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Парламенттин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев ЖРТны мамлекеттин эсебинен каржылоо керектигин айтты. Анын пикиринде, тестирлөөнүн чыгымын үй-бүлө эмес, мамлекет көтөрүшү зарыл.

Депутат ЖРТ тапшырганда предметтик тесттердин баасы 200 сомдон 470 сомго чейин кымбаттаганын белгилеп, мунун себебин сурады.

"Бул жерде да инфляция болуп калды. Бул начар социалдык абалда жашаган үй-бүлөлөргө терс таасирин берет. Аз келгенсип, ар бир үй-бүлө ЖРТга баласын даярдайм деп ар кандай курстарга алып барат. Бир топ каражат кетирет. Бул стресске да алып келет экен. Изилдөө кылдым. Көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндө, АКШда жана Европа мамлекеттеринде мындай тесттерди мамлекет өзү каржылайт. Акчасын мамлекет берет, үй-бүлө төлөбөйт. Башында мүмкүн туура болгон. Бирок азыр реформага барышыбыз керек. Бюджетте профицит болуп жатат. Эмнеге биздин мамлекет ошол тармакка каражат бөлбөйт? Ушул жылдан баштайлы. Бекер кылалы. Бул мамлекетке керек. ЖРТ мамлекеттин эсебинен каржыланышы керек",- деди депутат.

Ошондой эле ал 9-классты аяктап, колледжге кирүүнү каалаган окуучулар үчүн ЖРТны алып салуу керектигин кошумчалады.

"Эмне үчүн алар ЖРТ тапшырышы керек? Менимче, кереги жок. Дагы бир маселе - компьютерлештирүү. Бизде ЖРТ тапшыргандан кийин жыйынтыгын 1–1,5 ай күтүшөт. Беларуста, Орусияда тест беришет, бирок аларда жыйынтык бат чыгат. Биз санариптештирүү маселесин көтөрүп жатабыз, мамлекеттик органдар ошого өтүп атат. Бирок ЖРТ тармагында санариптештирүү жок. Керек болсо университеттердин деңгээлинде кылалы. Тест бергенде университетке барып, компьютер аркылуу тапшырсын",- деди ал.

Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал билим берүү тармагындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири катары айтылып жүрөт.