8-мартта жүрүшкө уруксат берүү өтүнүчү менен уюштуруучулар президентке кайрылды

Сүрөттүн булагы, Social
8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата тилектештик жүрүшүн өткөрүүнү пландаган уюштуруу комитети президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анда 8-март күнү Бишкектеги Горький атындагы паркта тынч коомдук акция өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү айтылган.
Кайрылууда акциянын максаты аялдарга карата зомбулуктун, фемициддин алдын алуу маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле аялдардын коопсуздугу менен укуктарын коргоо экендиги белгиленет.
"Биз бул иш-чараны тынч, мыйзамдуу жана коомчулуктун аң-сезимин жогорулатууга багытталган форматта өткөрүүнү көздөйбүз",- деп жазылат кайрылууда.
Бул маселе 4-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да көтөрүлгөн. Депутат Элвира Сурабалдиева укук коргоо органдарына жана шаар бийлигине кайрылып, жүрүшкө уруксат берүүнү өтүнгөн.
"Урматтуу укук коргоо органдары, урматтуу мэр, бул жүрүшкө көпчүлүгү айымдар жана жаш кыздар катышат. Биз аялдардан коркпойбуз го. Ошону туура кабыл алып, чектебей, уруксат берип коюңуздар. Жүрүштүн башына бир МАИ кызматкерин, аягына бир кызматкерди коюп берсеңиздер жетиштүү. Бул мурда атайын кызматкерлердин провокациясы болгон деген сөздөрдү да уюштуруучулардан уктум. Ошондуктан жаз майрамын жакшы демилге менен тосуп алалы деп суранат элем",- деген депутат.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүүдө. Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 2025-жылдын 11 айында 19 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда 27,5 пайызга же 4320 фактыга көп.
Ал эми 2025-жылдын 25-декабрында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев ошол жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен 31 адам каза болгонун билдирген.
























