"Ит көрбөгөн турмушта жашап жатабыз". Тик учак чырынан кийин Ажиев кайра кармалды

кп

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Даниел Ажиевдин маселеси боюнча түшүндүрмө берди
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Президенттин ырайымы менен быйыл 18-февралда түрмөдөн чыккан Даниэл Ажиев кайра кармалды. Маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Даниэл Ажиев Токмоктогу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Вебкам иши боюнча соттолгон адамдын бошотулуп, түрмөдөн түз эле тик учак менен учуп кеткени бир нече күндөн бери коомчулуктун нааразылыгын жаратып жаткан. Бүгүн таң эрте президент да бул боюнча комментарий берип, анын тик учак жалдаганын ырастаган.

"Тик учак менен учуп кетти" деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтарттырып, ордуна кондурганбыз. Учак боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жаткандар да болуп жатканын мен да көрүп жатам. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жок. Тик учактар өзгөчө кырдаалдардан сырткары коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берет. Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да. Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз. Ким акчасын төлөп, буйрутма берсе учак кызмат көрсөтө берет", - деген президент.

Садыр Жапаров Ажиевдин апасы уулуна ырайым берүү өтүнүчү менен түз кайрылганын, боорукер адам болгондуктан кечирим бергенин белгилеген:

"Мага Ажиевдин апасы кайрылган. Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылган экен. "Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем", - деп. Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип ырайым бердим".

Бир нече сааттан кийин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Ажиевдин апасынын президентке вотсап аркылуу кайрылганын далилдеген видеону жүктөдү. Анда Сайкал Ажиева жалгыз бой эне экенин, ооруп жатканын, небереси майып экенин, ит көрбөгөн турмушта жашап жатканын айтып, баласына ырайым сураган.

"Балам чыкса, тынч жашайт. Эч качан социалдык тармактарга чыкпайт. Өзүнүн чарба иштери менен алектенет. Мен сизге кепилдик берип айта алам", -деген Сайкал Ажиева.

Бир күн мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ажиев тик учагы менен абактан чыгып кеткен деген маалыматка байланыштуу түшүндүрмө берген.

Анда тик учактын ичинде ким болгону тууралуу министрликтин кабары болбогону айтылат.

"Бирок ижара акысын төлөп, пайдалануу боюнча келишим түзүлгөнү анык. Буйрутма берген адам Даниэл Ажиев эмес, башка адамдар болгон. Айтылган дарекке учуп барганда бөлөк адам отурган. Ал Бишкекке алынып келинген",- деп айтылган маалыматта.

Жапаров ырайым кылган, Ташиев унаа белек кылган Ажиевдер ким?

ыыкп

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Ажиевдин жубайына унаа белек кылган учур. 2025-жыл, 19-август
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул арада Ажиевдин апасы президенттин вотсап номурун кимден алды болду экен деген суроо курчуду. Деги эле Сайкал Ажиева ким?

Чет өлкөдө саякаттоону сүйгөн Сайкал Ажиева 66 жашта. 2024-жылы октябрда "Лексус "унаасы менен жаңы эле салынып бүткөн "Ынтымак Ордонун" дарбазасын сүзгөн жайы бар. Бул кадамга ал мүлкүн мамлекет тартып алып, баласын камап койгону үчүн барганы айтылган. Сот ага беш жарым миң сом айып пул салган. Андан мурдараак президентке кайрылып, эки миллион долларлык мүлк мамлекетке өткөнүн айтып, куру дегенде бир батирди неберелерине калтырууну суранган:

"Баламдын үч батири, эки жер тамы, төрт автоунаасы өкмөткө конфискацияланды. Жалпы мал-мүлкү эки миллион долларга барабар. Баламдын эч кандай мүлкүн калтырган жок, түп тамыры менен алып коюшту. Баламдын келинчеги, үч баласы бар. Улуу баласы оор формадагы майып. Эч нерсеси калган жок. Мейли, баарын алгыла, жок дегенде өздөрү жашаган батирин калтырып койсоңор болмок. Биз сизден жардам сурайбыз, урматтуу президент".

Ажиевдерге боорукерликти убагында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да көрсөткөн. Былтыр 19-августта Даниэл Ажиевдин жубайын балдары менен кошо жеке өзү кабыл алып, конфисакция болгон батирдин бирин кайтарып, ал гана эмес жаңы унаа белек кылган.

Даниэл Ажиев 2024-жылы 31-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү", "Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу", "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" жана "Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү" боюнча күнөөлүү деп табылып тогуз жылга соттолгон. Сот анын мүлкүн конфискациялаган.

Ал ыпылас иш менен алектенерин өзү деле четке какчу эмес.

"Мени сыйлоонун кереги жок, мен порнобизнес менен алектенем. Бул өтө ыпылас жумуш. Бирок мен бардык кызматкерлерге карата чынчылмын", - деген Ажиев социалдык тармактагы билдирүүлөрүнүн биринде.

Ажиев мурдагы бийликтин тушунда, тактап айтканда 2020-жылы март айында Инстаграмдагы баракчасына колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөндөн кийин кармалган. Ага Жазык кодексинин "Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен иш козголгон.

Кийин камактагы Ажиев Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан психиатриялык диспансерге дарыланууга жөнөтүлгөнү белгилүү болгон.

Даниел эркиндикте, Аскат, Махабат түрмөдө

вкврп
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акын Аскат Жетиген үч жылга соттолгон

Ошентип, "үй-бүлөсү ит көрбөгөн турмушта" жашап жатканы айтылган Ажиев шоу уюштуруп, элди да, президентти да "дендароо" кылып тик учак жалдаганы, түрмөдөн чыккандан кийин кымбат баалуу унаа менен көчө кыдырганы, бул маалда журналисттер, активисттер, элден кечирим сураган акындар түрмөдө отурганы коомчулуктун нааразылыгын күчөтүп, бийликке сын айтылууда.

"Бир эле нерсени айтып коюш керек. Бир жактан Даниэл Ажиев эркиндикке чыгып жатат, башка жакта акын Аскат Жетиген отурат. Ушул жетиштүү", - деген Аскат Жетигендин адвокаты Нурбек Токтакунов.

Президент Садыр Жапаров болсо, акын боюнча комментарий берип жатып, кечирим сурагандардын арызы гана караларын айтты:

"Мен кимди чыгарышты, кимди чыгарбашты тандабайм. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам. Арыз менен кайрылбаган соттолуучуну кантип чыгарам. Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз".

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Аскат Жетигендин жагдайы боюнча кеңири түшүндүрмө берип, иши кайра баштан каралышы керектигин, анткени мыйзам бузуулар көп экенин айтууда.

"Менимче, эгерде бийлик органдары чындап адилеттүүлүк болсун дешсе, анда Аскаттын ишин башынан карап чыгыш керек, анткени көптөгөн мыйзам бузуулар болгон. Бирок бийлик органдары андай кадамга барарына ишенбейм. Анткени мыйзамды тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жасаган".

Абдирасулова Аскаттын кыйноого кабылганы боюнча арызы да ушул күнгө чейин натыйжалуу териштирүү болбогонун белгилеген.

Укук коргоочу акын шарттуу түрдө эркиндикке да чыга албастыгын, анткени "Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо" беренеси экстремисттик кылмышка кирерин, мыйзам боюнча "экстремисттер" шарттуу түрдө эрте бошотулбай турганын түшүндүргөн.

Бул арада президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Азаттыкка" укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирген.

Ал укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталарын айткан.

Ушул тапта "Жапырт башаламандыктар" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2024-жылы 10-октябрда алты жылга соттолгон журналист Махабат Тажибек кызынын иши кайрадан Жогорку Сотто каралууда. Кийинки отурум 10-мартта өтөт. Эл аралык коомчулук, жарандык коом өкүлдөрү бийликти Махабат Тажибек кызын бошотууга үндөшүүдө.

Махабат Тажибек кызы Чүйдөгү №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат.