Жакынкы Чыгыш: Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар жолго чыгышканы кабарланды

Сүрөттүн булагы, Social media
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтуу үчүн жолго чыгышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Анын айтымында, учурда 134 жаран Доха шаарынан Сауд Арабияга карай багыт алышты.
Буга чейин 260 кыргызстандык Бириккен Араб Эмираттарынан атайын эки рейс менен Кыргызстанга жекирилген.
Ага чейин да Сауд Арабиясынан да кыргызстандыктар алып келинген.
Ушул жумада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандарды алып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
Анын айтымында, учурда Перс булуңундагы мамлекеттерде жана ага чектеш өлкөлөрдүн аймагында 20 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар.
Министрдин орун басары белгилегендей, Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңге жакын Кыргызстан жараны бар, алардын 1200ү эвакуациялоо боюнча кайрылган. Калгандары туруктуу жашаган же иштеп жүргөн резиденттер болуп эсептелет.
Сауд Арабиясында 7 миңге жакын жаран бар экенин маалымдады. Анын миңге жакыны туруктуу жашагандар болсо, 5–6 миңдейи зыяратчылар. Бул өлкөдөн да миңге жакын жаран эвакуация боюнча кайрылганын кошумчалады.































