БУУ жумушчу тобу Кемпир-Абад боюнча беш жарандык активисттин кармалышын мыйзамсыз деп тапты

Укук

Сүрөттүн булагы, Freedom for eurasia

Окуу убактысы: 2 мүнөт

"Евразия үчүн эркиндик" уюму БУУнун мыйзамсыз кармоолор боюнча жумушчу тобунун чечимин кубаттады. Бул тууралуу маалыматты уюм сайтына жарыялады.

Анда кыргызстандык жарандык активисттер Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева жана Перизат Суранованын камакка алынышы негизсиз болгондугу жана эл аралык адам укуктарынын негизги нормалары бузулгандыгы белгиленген.

БУУнун жумушчу тобунун бул корутундусу 2025-жылдын ноябрында кабыл алынган. Анда беш активисттин эркинен ажыратылышы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 3, 9, 19 жана 20-беренелерин, ошондой эле Кыргызстан катышуучу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын 9, 14, 19 жана 21-беренелерин бузганы көрсөтүлгөн.

Активист аялдар 2022-жылдын октябрында кармалган. Алар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы "Кемпир-Абад" суу сактагычы боюнча талаш жараткан чек ара келишими боюнча коомдук комитет түзүшкөн.

БУУ эксперттеринин баамында, алардын ишмердүүлүгү сөз эркиндигин, тынч жыйын өткөрүү маселесине гана багытталган.

Ошого карабастан активисттер "Массалык баш аламандык уюштуруу" жана "Бийликти басып алууга аракет кылуу" сыяктуу так аныкталбаган кылмыш беренелери менен айыпталган.

Жумушчу топтун маалыматына караганда, аялдар качып кетүү коркунучун жараткан эмес жана коюлган айыптарды далилдей турган негиздер болгон эмес. Бирок ага карабастан алар19 айга жакын убакыт камакта отурган.

2024-жылдын июнь айында Бишкек шаарындык сот бул иш боюнча айыпталуучуларды кылмыш курамы жок деп актаган. Ошого карабастан бийлик аларды үй камагына алуу сыяктуу айрым чектөөчү чараларды колдонууну уланткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

БУУнун эксперттери аялдар акталып чыккандан кийин аларга карата чектөөлөрдү сактоо эл аралык укукту одоно бузуу деген тыянакка келген.

Эксперттер ошондой эле Рита Карасартованын кийинчерээк кайра кармалышына да тынчсыздануусун билдирген. Ал 2025-жылдын апрелинде башка бир активисттин катын социалдык тармакта бөлүшкөндөн кийин кайрадан камакка алынган.

"Евразия үчүн эркиндик" уюму Кыргыз бийлигин БУУ жумушчу тобунун сунуштарын толук аткарууга чакырды. Уюмдун пикиринде, бийлик төмөнкү кадамдарды жасашы керек:

  • беш жарандык лидерге карата калган бардык чектөөлөрдү дароо алып салуу;
  • алардын укуктары бузулгандыгы үчүн натыйжалуу компенсация жана укуктук чараларды камсыз кылуу;
  • мыйзамсыз кармоонун жагдайларын көз карандысыз иликтөө;
  • тынч жарандык активдүүлүктү кылмышка теңеген мыйзамдарды реформалоо.

"Бул окуя Кыргызстандагы жарандык эркиндиктин начарлап кеткенин көрсөтүп турат. Бир кезде Борбор Азиядагы эң саясий плюралисттик мамлекет деп эсептелген өлкөдө барган сайын көз карандысыз маалымат каражаттарына, жарандык коомго жана саясий сынчыларга болгон кысым күчөп бара жатат",- деп айтылат маалыматта.

Уюмдун өкүлдөрү Кыргызстан эми өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин урматтай турганын көрсөтүп, тынч жарандык активисттерге карата күчөп бараткан басымды токтотушу керектигин айтышкан.

Евразия үчүн эркиндик" уюму Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдү жумушчу топтун сунуштарынын аткарылышын кылдаттык менен көзөмөлдөөгө жана Кыргызстандын эл аралык адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылууга чакырган.