Теңсиздикке каршы күрөш. 8-март – Аялдардын эл аралык күнү белгиленүүдө

Сүрөттүн булагы, Bishkek Feminist Initiatives
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Бүгүн Кыргызстанда 8-март – Аялдардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул дата постсоветтик өлкөлөрдө бөтөнчө шаң менен майрамдалат.
Бирок бул сапар майрамды Айгүл, Тахмина, Айжаңыл тоспой калды. Жакындары алар зомбулуктун курмандыгы болгонун айтышууда.
Адатта 8-мартта аялдарга гүл же башка белек берилет. Гүл демекчи, Кыргызстанда жыл сайын жазды утурлай жоогазын өстүргөндөр да, саткандар да көбөйүүдө. Быйыл, атүгүл, Бишкектеги эски аянтта атайын жарманке да уюштурулду.
Жергиликтүү күнөсканалар көбөйсө да, чет өлкөдөн гүлдөр мурдагыдай эле көп келип жатат. Аялдардын Эл аралык күнүн утурлай Кыргызстанга тыштан 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп.
Албетте, гүл айымдардын маанайын көтөргөн сонун белек. Бирок бул күндүн негизги маңызы теңчилдикти алга сүрөө экенин унутпасак.
Кыргызстанда зомбулук учурлары көбөйүп, аялдарды кордоо кадыресе көрүнүшкө айланып, эки аялдуулук маселеси курчуп жаткан маалда дискриминациясыз татыктуу жашоо үчүн күрөш өтө маанилүү болуп тургандай.
Бир жылда зомбулук учуру 28 пайызга көбөйдү
Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече аял күмөндүү жагдайда көз жумду. Алардын өлүмүнө жакын адамдары себепкер болушу мүмкүн экени айтылып жатат.
Жаңы жылды тосуп-тоспой, 28 жаштагы Айгүл Забирова 2-январга караган түнү бул өмүр менен кош айтышты. Анын сөөгү Бишкектеги батирлердин биринде табылды. Жакындары ошол учурда анын жанында чогуу иштеген мурунку жигити болгонун билдиришкен. Маркум балдар дарыгери болгон.
Андан бир күн өтпөй, 3-январда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда эки баланын энеси, 28 жаштагы Тахмина Рустамжон мурунку жолдошунун колунан каза тапты. Кылмышка шектүү келинге бир нече жолу бычак сайган.
Кийинки кайгылуу кабар Ош облусунун Ноокат районунан келди. 19-февраль күнү 21 жаштагы Айжаңыл Аликараева асынган абалда табылды. Маркумдун жакындары келин жолдошунан зомбулук көргөнүн айтышып, ал өз жанын кыйышы мүмкүн эмес экенин айтышкан.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул арада былтыр күйөөлөрү атып өлтүргөн Оштогу 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын, Чүйдөгү 49 жаштагы Нурайым Жакыпованын, Бишкектеги 47 жаштагы Жибек Урустемованын аянычтуу тагдырлары унутула элек элек.
Ал эми 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын кайгылуу өлүмү коомчулуктун үрөйүн учуруп, бул окуядан кийин Кыргызстанда өлүм жазасы кирип кала жаздаган.
Ички иштер министрлигинен Би-Би-Сиге билдиргендей, Кыргызстанда 2025-жылы (12 айда) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 22 миң 152 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды.
Бул 2024-жылга салыштырмалуу 28% же 4836 фактыга көп.
2025-жылы 25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирген.
Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук көбөйгөнүн, атүгүл, кызыл чекке жеткенин президент да белгилеген.
"Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук катталган учурлар көбөйүүдө. Муну айтуунун өзү да оор. Бирок бул биздин коом үчүн жат көрүнүш. Анткени алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы. Өлкөнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасында аялдар жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы бир жолу айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоого каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек", - деген президент Садыр Жапаров былтыр 25-декабрда өткөн курултай учурунда.

Сүрөттүн булагы, Bishkek Feminist Initiatives
Бирок ушундай шартта да зомбулукту айыптап, тең укуктуулукту алга сүрөгөн аялдар маршына быйыл уруксат берилбей калды.
Майрамды утурлай, 4-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкек шаарында жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин көтөргөн. Ал Бишкек мэриясына жана укук коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин айткан.
"Уркуя Салиеванын айкелинен башталып, Горький сейил багына чейин жөө жүрүш кылсак жакшы болмок деп жатышат. Урматтуу укук коргоо органдары, мэр, бул жерде көбүнчө айымдар, жаш кыздар болот. Эми биз аялдардан коркпойбуз го. Оюбузду эркин айталы деген кайрылуулар келип жатат. Мен ушул акцияны чектебей уруксат берели деп суранат элем. Бул улуттук нарк-насилге каршы келет деген ой-пикирден алыс бололу", - деген Сурабалдиева.
Бирок бул билдирүүдөн кийин социалдык тармактардын айрым колдонуучулары депутатты кыргыз коомуна жат көрүнүштөрдү пропагандалап жатат деп айыпташкан.
Эки күндөн кийин 8-мартка арналган демилгенин уюштуруу комитети президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкек шаарындагы Горький атындагы паркта тынч акция өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн.
Алар акциянын максаты – коомчулуктун көңүлүн фемициддин алдын алууга, үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине жана аялдардын коопсуздугу менен укуктарын коргоого буруу экенин белгилешкен.
Уюштуруучулар Уркуя Салиеванын айкелинен Горький сейил багына чейин тынч жүрүш кылууну көздөшкөн.
Бирок жүрүш болбой калды. Анын ордуна бүгүн, 8-мартта Горький паркында бир саатык акция өтөт.
Былтыр Бишекте 8-март күнүнө арналган өнөктүк "Жаша аялзаты, жаша" деген ураандын алдында уюштурулган. Жалпысынан 300дөй киши эски аянттан Максим Горький аянтына чейин басып барган.
8-март майрамы эмнеден улам келип чыккан?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
8-Март майрамын жумушчулар кыймылы түптөгөн жана анын тамыры Америкага барып такалат.
1908-жылы 28-февралда Нью-Йорк шаарында 15 миңдей аял көчөгө чыгып, жумуш күнүн кыскартууну, айлык акыны көбөйтүүнү жана шайлоого катышуу укугун талап кылып демонстрацияга чыгышкан. Себеби АКШнын көпчүлүк штаттарында аялдар шайлоо укугуна 1920-жылы гана ээ болушкан. Бир жылдан кийин Американын Социалисттик партиясы февралдын акыркы жекшембисин эмгекчи аялдардын күнү катары белгилөөнү сунуштаган.
1910-жылы август айында Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Клара Цеткин Копенгаген шаарында өткөн конференцияда аялдардын тең укуктуулугу жана боштондугу үчүн күрөштүн эл аралык күнүн негиздөөнү сунуштаган.
17 өлкөдөн келген жүзгө жакын катышуучу бул демилгени бир добуштан колдогон.
1911-жылы бул күн алгач Германияда, Австро-Венгрияда, Данияда жана Швейцарияда белгиленген.
1917-жылы Орусиянын Петроград шаарында аял жумушчулар "Нан жана тынчтык!" деген ураан алдында иш таштаган. Бул окуя кийин революциянын башталышына себеп болгон. Бир жумадан кийин император тактан баш тарткан.
Аялдар иш таштаган күн эски календарь боюнча 23-февраль болчу, ал эми азыркы календарь менен 8-мартка туура келет. Кийин ушул дата аялдардын күнү катары кеңири тараган.
1975-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 8-мартты аялдардын коомдун бардык тармактарындагы жетишкендиктерин белгилөө жана теңсиздиктин калдыктарына каршы күрөшүү күнү катары жарыялаган.
































