Финляндия өз аймагында өзөктүк куралды сактоого коюлган тыюудан баш тартууда

Сүрөттүн булагы, Owen Humphreys/PA
Финляндия өз аймагында өзөктүк куралды жайгаштырууга бир нече он жылдыктар бою иштеп келген тыюудан баш тартууну пландап жатат. Өлкө бийлиги бул кадам Финляндияга өз саясатын НАТОнун ядролук саясаты менен тыгызыраак айкалыштырууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.
Финляндиянын коргоо министри Антти Хяккянен 2022-жылы Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып киришинен бери Финляндиянын жана Европанын коопсуздук абалы "түп-тамырынан бери жана олуттуу түрдө өзгөргөнүн" билдирди. 2023-жылы Орусия менен чектешкен Финляндия көп жылдык аскердик бейтараптуулуктан баш тартып, НАТОго кирген.
Финляндиянын 1987-жылдагы мыйзамына ылайык, өлкө аймагында өзөктүк дүрмөттөрдү импорттоого, өндүрүүгө, сактоого жана жардырууга - атүгүл согуш учурунда да тыюу салынган. Бирок азыр өкмөт бул мыйзамды өзгөртүү сунушун киргизди. Хяккянен түшүндүргөндөй, эгер бул "Финляндиянын аскердик коргонуусуна байланыштуу болсо, өлкөгө өзөктүк куралды алып кирүүгө, ошондой эле аны ташууга, жеткирүүгө же сактоого" жол берилет.
"Бул түзөтүү Финляндиянын альянстын бир бөлүгү катары аскердик коргонуусун камсыз кылуу жана НАТОнун ядролук ооздуктоочу саясаты менен жамааттык коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу үчүн зарыл", — деди ал бейшемби күнкү маалымат жыйынында.
НАТОнун негизги принциби - жамааттык коргонуу, ага ылайык, бир мүчө өлкөгө жасалган чабуул бардык мүчөлөргө жасалган чабуул катары каралат. Бул принцип альянстын өзөктүк ооздуктоо стратегиясынын да негизин түзөт.
НАТОнун курамына бир нече өзөктүк держава киргендиктен, мүчө өлкөлөрдүн бирине түздөн-түз кол салуу өзөктүк жооп кайтаруу тобокелдигин билдирет. Курал-жаракты көзөмөлдөө жана жайылтпоо борборунун маалыматы боюнча, Американын өзөктүк куралы Европанын бир катар өлкөлөрүндө жайгаштырылган.
Финляндия өкмөтүнүн сунушун ишке ашыруу үчүн өзөктүк энергия жөнүндөгү мыйзамга да, өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Парламенттик оңчул коалиция билдиргендей, 2-апрелге чейин долбоор коомдук талкуудан өтүп, андан кийин расмий түрдө парламентке сунушталат.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Финляндия Орусия менен эң узун жалпы чек арага ээ (1340 км). Орусия Украинага басып киргенден кийин, 2023-жылдын апрелинде Финляндия НАТОнун 31-мүчөсү болду, ал эми 2024-жылы коңшу Швеция НАТОго кирди. Орусиянын президенти Владимир Путин аскердик альянстын чыгышка карай кеңейүүсүн көптөн бери сындап келген, ошондуктан бир эле учурда эки өлкөнүн НАТОго кириши көптөгөн маалымат каражаттарында Орусиянын президентинин стратегиялык жеңилүүсү катары сыпатталган.
Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон өткөн жумада, эгер Швеция "таптакыр башка кырдаалга" туш болсо, өлкөнүн аймагында чет элдик аскерлерди же өзөктүк куралды жайгаштырууга жол бербеген доктринасы "колдонулбай турганын" билдирди.
Дүйшөмбү күнү Франция менен Германия бул жаатта европалык өнөктөштөр менен кызматташтыкты тереңдетүү пландарын жарыялашты.































