Нахичевандагы дрон чабуулу: Азербайжан Иранга ачууланууда

Төрт учкучсуз аппарат Азербайжандын чек арасынан өтүп, Нахичеван анклавындагы аэропортко сокку урулгандан кийин Баку Ирандан дипломатиялык кызматкерлерин чыгара баштады.

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нахичевандагы аэропортко дрон түшүп, имарат кыйла жабыркады. Азербайжандын президенти Илхам Алиев бул сокку жоопсуз калбай турганын билдирди.
    • Author, Көнүл Халилова
    • Role, Би-Би-Си Азербайжан кызматынын башкы редактору
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Жакынкы Чыгыштагы согуш Ирандын түндүк чек арасына да жетти. Азербайжан бейшемби күнү Ирандын дрондору Нахичеван анклавына түшкөнүн билдирди.

Дрондордун чабуулунан аэропорттогу терминал жабыркады, дагы бир дрон Шекерабад айылындагы мектептин жанында жарылып, карапайым тургундар арасында жараат алгандар бар. Үчүнчү дронду Азербайжандын коопсуздук күчтөрү атып түшүрүштү.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев "террордук актыны" айыптап, Тегерандан түшүндүрмө берүүнү жана кечирим суроону талап кылды.

Жума күнү Алиев Азербайжандын Тегерандагы элчилигинин жана Тебриздеги консулдуктун кызматкерлерин "коопсуздук максатында" чакыртып алганын жарыялады, ал эми мамлекеттик маалымат каражаттары куралдуу күчтөр толук аскердик даярдык абалында турганын кабарлашты.

Бейшембиде Алиев Ирандагы этностук азербайжан калкы тууралуу маселени да козгоду. Бул Тегеран үчүн сезимтал тема.

Иран бейшембидеги соккуларга тиешеси жоктугун айтып, бул кол салуунун артында Израил турушу мүмкүн деп билдирди.

Орусия, Иран, Армения жана Грузия менен чектешкен чакан, бирок стратегиялык жактан маанилүү Каспийдеги өлкөлөрдүн бири болгон Азербайжан азыр масштабдуу тирешке тартылышы ыктымал.

Нахичеван – Азербайжандын анклавы, ал Иран, Түркия жана Армения менен чектешет, ошол себептен жаңжалдардын чордонунда орун алган бул анклав өзгөчө аяр абалда.

Алиев президенттик кызматка киришкенден бери Тегеранга бир да жолу мынчалык ачууланган эмес, бирок соңку окуялар акыры Алиевди да ушундай кадамга түртүп жатат.

Алиев соккунун артында турган Ирандын аскер күчтөрүн "кыянатчыл, коркок жана жийиркеничтүү" деп атады – бул мамлекет башчысы үчүн адаттан тыш, өтө орой кемсинтүү.

Бирок анын каары "көз карандысыз Азербайжан Иранда жашаган азербайжандар үчүн үмүттүн жери болуп саналат" деп билдирген сөзүнүн алкагынан чыккандай болду.

Бул тема Тегеран үчүн өтө сезимтал болгондуктан бул темадан көптөн бери өзүн оолак кармап келген.

Кавказдын жана Жакынкы Чыгыштын бир бөлүгүнүн картасы.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Иранда 20-25 миллион этностук азербайжан жашайт, алар өлкөнүн эң чоң этностук азчылыгын түзөт жана негизинен Азербайжан менен чек аранын түндүк-батышына жакын жерде орун алышкан.

Ислам Республикасы бул этностун иденттүүлүгүнө жана саясий көз карашына ар дайым сезимтал маселе катары карап келген. Тегеран өзүнүн чек араларынын тышындагы азербайжан иденттүүлүгүнүн ар кандай көрүнүшүн ички биримдикке коркунуч катары карап келген.

Алиев Иранда жашаган азербайжандар жөнүндө мындай дымактуу сөздөрдү сейрек айтчу, ал эми азыр болсо, атайын ойлонулуп жасаган кадам катары бааланууда.

Иран согуштан улам гана эмес, ошону менен бирге ички толкундоолордон жана саясий белгисиздиктен улам да катуу кысымда калды. Ошол себептен Алиевдин билдирүүсү Тегеранга эскертүү катары кабыл алынууда: Азербайжанга аскердик же дипломатиялык кысым көрсөтүү аракети Бакуда Ирандын ички туруктуулугуна таасир эте алчу жооп реакциясын пайда кылышы ыктымал.

Иранда жашаган азербайжандар негизги маданий укуктары, анын ичинде эне тилинде билим алуу укуктары бузулуп жатканына көптөн бери даттанып келишет.

Азербайжандык бир нече активисттер, журналисттер жана тилди коргогондор ушул тапта Ирандын түрмөлөрүндө отурушат, аларга "режимге каршы үгүттөөдөн" баштап, "улуттук коопсуздукка каршы кутумга" чейин айып тагылууда.

Алар ошондой эле саясий жактан маанилүү жамаат болуп саналат. Ушул аптада сүргүндө жүргөн мураскор ханзаада Реза Пехлеви ирандык азербайжандарды, ошондой эле башка этностук азчылыктарды режимге каршы көтөрүлүүгө чакырган.

Ирандын этностук азербайжан эли тууралуу маселе козголгондо Президент Илхам Алиев ачуусун баса алган жок.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын этностук азербайжан эли тууралуу маселе козголгондо Президент Илхам Алиев ачуусун баса алган жок.

Ирандын азыркы президенти Масуд Пезешкиан өзү этностук азербайжан болуп саналат, ал эми ишемби күнү АКШ менен Израилдин алгачкы соккуларында жок кылынган аятолла Али Хаменеинин азербайжан тамыры бар болчу деп айтылып жүрөт.

Кылымдар бою Иран шахтарынын айрымдары да этностук азербайжандар болгон.

XVI кылымдагы эң таасирдүү башкаруучулардын бири Шах Исмаил Хатаи азербайжан тилин өз империясынын мамлекеттик тилине айландырган, бул Азербайжандын маданияты бир кезде Иран мамлекетинин калыптанышына канчалык терең таасир эткенин көрсөтүп турат.

Бирок бул фактылардын бири да Ирандагы азербайжандарга өз эне тилинде билим алууга жардам бере алган жок.

Шииттердин жалпысынан мусулман иденттүүлүгүнө карабастан, Иран менен Азербайжан саясий жактан тил табыша албай келет. Саясий тирешти 2020-жылы жана 2023-жылы болгон Карабак согуштарындагы Азербайжандын аскердик жеңиштери да курчутту, ошол согушта Азербайжан Түркияда жана Израилде жасалган курал-жарактарды колдонгон.

Бакунун коргонуу жаатында Израиль менен тыгыз кызматташтыгын Иран олуттуу коркунуч катары баалап келет.

Ирандын бийлиги жана маалымат каражаттары Ирандын түндүгүндөгү чек арага жакын жерде операцияларды жүргүзүүдө Израилдин чалгын кызматына көмөктөшүүдө деп Азербайжанды бир нече жолу айыпташкан, бирок Азербайжан бул айыптарды четке кагып келет.

Азербайжан менен Израилдин байланышы коргонуу чөйрөсү менен гана чектелбейт. Израил Азербайжандын мунайына абдан көз каранды жана эки өлкө саясий чөйрөдө жана чалгындоо жаатында тыгыз кызматташууда.

Тегеран болсо мындай кызматташтыкка шек менен мамиле жасап келет.

Азербайжан өз кезегинде Ирандын кошуна Арменияны саясий жана аскердик жактан колдогонуна нааразы болуп, муну өзүнүн коопсуздугу үчүн өзөктүк мааниге ээ болгон жаңжалга тикелей кийлигишүү катары баалайт.

Иран Армения аркылуу Азербайжандын негизги бөлүгүн Нахичеван анклавы менен бириктире турган "Зангезур коридорун" түзүүгө каршы чыгып, муну коопсуздукка коркунуч жана чек араларды өзгөртүү катары баалайт.

Азербайжан энергетикалык ресурстардын ири жеткирүүчүсү болуп саналат жана анын чийки мунайы дүйнөлүк рынокторго узундугу 1768 км (1100 миль) болгон түтүк аркылуу жетет, ал Каспий деңизиндеги Баку жана Грузия аркылуу Түркиянын Жер Ортолук деңизинин жээгине чейин өтөт.

Бул түтүк аркылуу күнүнө бир миллион баррелден ашык мунай ташылат жана Орусия менен Ирандын аймактарын айланып өтүп, Европаны маанилүү мунай менен камсыз кылат.

Азербайжан ошондой эле Израилге да мунайдын олуттуу бөлүгүн жеткирет.

Натыйжада, Иран газ куурун маанилүү ыктымалдуу бута катары карашы мүмкүн, эгерде ал талкаланса, коопсуздукка жана энергетикалык рынокторго олуттуу коркунуч жаратмакчы.

Иран да, Азербайжан да жаңжалды курчутууга умтулбаганын айтып келишет.

Алиев Азербайжан Иранга каршы аскерий операцияларга "катышпайт" деп ырастаса, Тегеран дрондордун чабуулу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеинин өлүмү тууралуу кабардан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев Ирандын Бакудагы элчилигине барып, көңүл айткан жалгыз чет элдик лидер болду. Ошондой эле Алиев Ирандын Ливандагы элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялоого жардам берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган.

Эми болсо Алиев "мындай жакшылыкка дрондор менен жооп кайтарууну чыккынчылык" катары баалап, "бизге каршы террордук акты жасагандар өкүнүп калат" деп билдирди. (ZMa)