Кыргызстандыктар үчүн умрага убактылуу чектөө киргизилди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам кыргызстандыктарга Умрага, кичи ажылыкка барууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул маселе Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында өткөн кеңири жыйында талкууланды.
Жыйынга Кыргыстандын Коргоо кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Жарандык авиация мамлекеттик кызматы, ошондой эле авиакомпаниялар жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Анда Жакынкы Чыгышта кырдаал турукташканга чейин кыргызстандыктардын кичи ажылык сапарга барышына убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды. Туристтик компаниялар менен авиакомпанияларга бул мезгилде Умра сапарларын уюштурууну токтотуп туруу сунушталды.
Жыйында мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан ыкчам чаралар тууралуу маалымат берилди. Кырдаал толук жөнгө салынганга чейин Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугу биринчи кезекте камсыздалышы керектиги белгиленди. Бул багытта авиакомпаниялар менен туристтик фирмалардын ролу маанилүү экени да айтылды.
Ошондой эле Сауд Арабиясына сапар алган кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Умра зыяратын өтөө үчүн барып, кайта албай калган жарандарды мекенге кайтаруу маселеси талкууланды.
Учурда «Жазира», «Флайнас», «Эйр Арабия» жана башка авиакомпаниялар аркылуу токтоп калган рейстерди кайра жандандыруу аракеттери башталгандыгы да айтылды.
Күн мурун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Дохадан Сауд Араб королдугуна жолго чыкканын маалымдаган.
"Бардыгы 134 жаран. Алар автобустар менен Эр-Риядга келип, ал жактан Бишкекке учушат. Уюштуруу, чек аралардан жарандарды алып өтүүнү сүйлөшүү иштерин бул өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз, Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө. Дохадан чыккан жарандар Эр-Рияддан учак менен Кыргызстанга 8-март кечинде келери күтүлүүдө. Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү акыркы кырдаалдан улам ал жакта калып кеткен жарандарыбызды Кыргызстанга алып келүү тапшырмасын берип, уюштуруу иштери жеке көзөмөлүндө, - деп жазган Алагөзов.
Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан 260 кыргызстандык мекенине алынып келген.





























