Можтаба Хаменеи атасынын ордуна Ирандын жогорку лидери болуп шайланды

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Би-Би-Синин Перс кызматы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
АКШ жана Израилдин соккуларынын натыйжасында каза болгон аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи анын мураскери катары тандалды.
Атасынан айырмаланып, 56 жаштагы Можтаба узак убакыт бою көмүскөдө жүргөн. Ал эч качан мамлекеттик кызматтарды ээлеген эмес, эл алдында сөз сүйлөгөн эмес жана маек берген эмес, ал эми ачык булактарда анын бир нече гана сүрөтү менен видеосу жарыяланган.
Бирок көп жылдар бою иран саясатынын көшөгө артында ал олуттуу таасирге ээ экендиги тууралуу кептер жүрүп келген.
2000-жылдардын аягында WikiLeaks тарабынан жарыяланган АКШнын дипломатиялык телеграммаларында ал "чапан артындагы бийлик" - башкаруучу чөйрөлөрдө "жөндөмдүү жана чечкиндүү" деп эсептелген адам катары мүнөздөлгөнүн AP агенттиги билдирет.
Ошого карабастан, анын тандалышы талаш-тартыш жаратышы мүмкүн. Ислам Республикасы 1979-жылы монархия кулатылгандан кийин негизделген жана анын идеологиясы жогорку лидер мурастоо жолу менен эмес, диний кадыр-баркы жана далилденген лидерлик сапаттары үчүн тандалышы керек деген принципке таянат.
Өзүнүн башкаруусу учурунда Али Хаменеи Ислам Республикасынын келечектеги жетекчилиги тууралуу эң жалпы түшүнүктөр менен гана сүйлөгөн.
Жогорку лидерди тандаган диний орган - Эксперттер кеңешинин мүчөлөрүнүн бири эки жыл мурун Али Хаменеи өз уулунун талапкерлигине каршы чыкканын билдирген. Бирок аятолла өзү мындай божомолдор боюнча эч качан ачык билдирүү жасаган эмес.
Эми көбү Можтаба атасынын катаал саясатын улантат деп күтүшүүдө.
Айрымдар АКШ менен Израилдин соккуларынын айынан атасынан, энесинен жана аялынан айрылган адам Батыштын кысымы алдында мунасага барышы күмөн деп эсептешет.
Бирок анын алдында Ислам Республикасынын жашап кетишин камсыз кылуу жана коомду дал өзү өлкөнү саясий-экономикалык кризистен чыгара аларына ишендирүү сыяктуу татаал милдет турат.
Анын лидерлик сапаттары негизинен али текшериле элек, ал эми республиканын мурастык (атадан балага өткөн) системага айланып баратканы тууралуу түшүнүк коомдук нааразычылыкты дагы да күчөтүшү мүмкүн.
Эми Можтаба бутага алынды. Өткөн жумада Израилдин коргоо министри аятолла Али Хаменеинин мураскери болгон ар бир адам "жок кылына турган бута" болорун билдирген.

Сүрөттүн булагы, Tasnim News Agency
Можтаба Хаменеи ким?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Можтаба Хаменеи - аятолла Али Хаменеинин экинчи уулу -1969-жылы Мешхед шаарында туулган. 1979-жылдагы революциядан кийин бүтүндөй үй-бүлө Тегеранга көчүп келип, Али Хаменеи коргоо министринин орун басары кызматын алган.
1987-жылы Можтаба Хаменеи мектепти аяктап, андан соң Ирак менен болгон согуштун акыркы эки жылына туш келген аскердик кызматты өтөгөн. Ушул мезгилде Можтаба Хаменеи Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен жакындашканын Iran International белгилейт.
1989-жылы - Ислам революциясынын лидери аятолла Рухолла Хомейни каза болгондон кийин - Али Хаменеи Ирандын жогорку лидери болуп дайындалган. Ал ортодо Можтаба диний билим алып, 1999-жылы окуусун улантуу үчүн шииттердин башкы диний борборлорунун бири болгон Кум шаарына кеткен.
Кумда Можтаба консервативдүү жана ультраконсервативдүү диний ишмерлерден билим алган. Кийинчерээк жогорку лидердин уулу ал жерде өзү да сабак бере баштаган, бирок "аятолла" деген диний наамды алган эмес.
Можтаба 2000-жылдары Иран парламентинин 2004-жылдан 2008-жылга чейинки спикери болгон Голям-Али Хаддад Аделдин кызына үйлөнгөн. WikiLeaks маалыматтарына караганда, 2007-жылы жубайлардын биринчи баласы (уул) төрөлгөн.
Иран бийлиги Можтабанын аялы жана уулу согуштун биринчи күнүндө - 28-февралда - ата-энеси менен бирге өлтүрүлгөнүн билдирди. Сокку урулган күнү ал Тегеранда болгон эмес деп жазат Reuters өз булактарына таянып.
Можтаба Хаменеи өкмөттө эч качан расмий кызматтарды ээлеген эмес, бирок анын ысымы 2005 жана 2009-жылдары Иранда президенттик шайлоо өткөн учурларда саясий жаңылыктарда такай аталып келген.
2005 жана 2009-жылдары эки жолу тең президенттик кызмат консерватор Махмуд Ахмадинежадга буюрган - ал Можтаба Хаменеинин жакын союздашы деп эсептелет жана көпчүлүк Ахмадинежаддын жеңишинде жогорку лидердин уулу чечүүчү ролду ойногон деп эсептешет.
2009-жылкы шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын катаалдык менен басууну да кенже Хаменеи менен байланыштырышат. The Guardian басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, ал Ислам революциясынын сакчылар корпусуна караштуу "Басиж" жарым аскерлештирилген түзүмүн иш жүзүндө жетектеген.
Андагы протесттерде кеминде бир нече ондогон адам каза болгон. Иран өкмөтү шайлоодон кийинки алгачкы алты жумада 30 демонстранттын өлүмүн моюнга алган, бирок журналисттер жана укук коргоочулар курмандыктардын саны алда канча көп экенин айтышкан.
2019-жылдан бери Можтаба Хаменеи АКШнын санкцияларында турат.
Буга карабастан, Bloomberg 2025-жылдын январында жазгандай, ал эбегейсиз каржылык империя курууга жетишкен. Анын кызыкчылыктары Перс булуңундагы кеме каттамдарынан тартып Улуу Британиядагы люкс класстагы кыймылсыз мүлктөргө чейин камтыйт.
Расмий түрдө бул активдер Хаменеиге эмес, ирандык ишкер Али Ансариге таандык. Ансари Хаменеи менен байланышы бар экенин четке кагып келет.
"Можтаба Ирандагы жана чет өлкөлөрдөгү ар кандай уюмдарда ири үлүшкө ээ же аларды иш жүзүндө көзөмөлдөйт", - деп билдирген Bloomberg агенттигине Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун улук кызматкери Фарзин Надими.
Можтаба Хаменеиге жакын саясатчы Абдолреза Давари эгер аятолланын уулу мураскер болуп шайланса, ал Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мухаммед ибн Салман сыяктуу фигурага айланышы мүмкүн экенин бир нече жолу айткан.
"Ал абдан прогрессивдүү жана катаал линиядагыларды четке сүрүп чыгарат", - деген Давари согуш башталардан бир аз мурун NYT гезитине берген маегинде.
Бирок аналитиктер Хаменеинин тандалышы, тескерисинче, консервативдик саясаттын уланышын билдирет деп эсептешет.
"Ал көптөн бери мураскер катары каралып келген, бирок акыркы эки жылда көздөн кайым болду, - деп түшүндүрмө берген Жонс Хопкинс университетинин профессору Вали Наср. - Эгер аны тандашса, бул эми бардыгын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун алда канча катаал канаты башкарып калганын билдирет".
"Можтаба - азыркы таптагы эң акылдуу тандоо, анткени ал коопсуздук күчтөрүнүн жана аскерлердин ишин башкарууну жана координациялоону жакшы билет", - дейт тегерандык аналитик Мехди Рахмати.
Кенже Хаменеиге каршы айтылган жүйөлөрдүн бири - бийликти мурас катары өткөрүп берүү прецедентинин түзүлүшү. Бул Ирандын жетекчилиги үчүн 1979-жылдагы революциядан кийин биротоло баш тарткан шахтардын башкаруусу менен керексиз ассоциацияларды жаратат.
Ислам революциясынын лидери Рухолла Хомейни каза болгондон кийин анын уулу Ахмад дагы мүмкүн болгон мураскерлердин арасында аталган, бирок жыйынтыгында Али Хаменеи жогорку лидер болгон.
Ахмад Хомейни 1995-жылы жүрөгү кармап каза болгон. Айрымдар анын өлүмүн күмөндүү деп эсептешет. Мисалы, журналист Эмадеддин Баги ал өлтүрүлгөн деп божомолдойт.





























