Жизел Пелико: Өз жолдошунан сексуалдык зордук көргөн аял

- Author, Виктория Дербишир
- Role, BBC Newsnight
- Author, Лаура Гоцци
- Role,
- Окуу убактысы: 10 мүнөт
Жизел Пелико Францияда зордуктоо боюнча соттук иштердин чордонуна айланды. Ал BBC Newsnight тобуна айтып бергенине караганда, жолдошу көп жылдардан бери ага эс учун жоготкончо дары бергенин жана ондогон эркек кишилерди чакырып келип аны зордуктаганын билгенден кийин "коркунуч баскан".
"Ичимде кандайдыр бир нерсе жарылып кетти", – дейт 73 жаштагы Пелико айым жолдошунун кылмыштарынын масштабын билген учурду эстеп. "Цунамидей эле болду".
"Жашоо гимни" аттуу мемуары жарык көрөрдөн мурда кеңири курган маегинде ал жолдошунун кылмышы жөнүндө кабарды үч баласына телефондо бөлүшүү жашоодогу эң оор учур болгонун айтат.
"Тозокко түшүү"
Ал өзүнүн мыйзамдуу түрдө анонимдүүлүк укугунан баш тартуу чечимин кабыл алган учурду эскерип, ал боюнча эч качан өкүнбөгөнүн айтат. Ал өзүнүн мурдагы жолдошунан жооп алгысы келген суроолору азырга чейин бар экенин билдирди. Ал "Пелико мырза" деп сөз кылып жаткан киши 20 жыл абакка кесилген.
Эскертүү: Бул макалада зордуктоо жана сексуалдык зомбулук темалары бар
Париждин борборундагы de Ville мейманканасы өзүнүн фреска шыбы жана бай жыгач менен капталган дубалдары менен Пелико айым акыркы жолу коомчулукка көрүнгөн зеригичтүү соттук залдардан айырмаланып турат. Францияны дүрбөткөн соттук процесстер ушул жерде төрт ай болуп өткөн.
Ал өзү сүрөттөгөн "тозокко түшүү" учуру кантип башталганын айтып берди.
Ал жолдошу Доминик Пеликону Франциянын түштүгүндөгү Мазан жергесинде үйүнөн алыс эмес жерде жайгашкан полиция мекемесине коштоп барган. Доминик Пеликону супермаркетте аялдарды юбкасынын астынан жашырын видеого тартканы үчүн полицияга чакырышкан эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Пелико айымды полиция кызматкери чекте чакырып алып, ага багыттоочу суроолорду биринин артынан экинчисин бере баштады. Анын жолдошу кандай киши болгон эле? "Мыкты инсан болчу",-деп жооп берген ал. Свингерлик менен мурда алектенишкен беле? Жок, албетте, жок деп ал каршы пикирин айтты.
"Ал мага "азыр сага жакпаган бир нерсе көрсөтөм" дегенде мен дароо түшүнгөн эмесмин".
Полиция кызматкери ага керебетте кыймылсыз жаткан бир аялдын эки фотосүрөтүн көрсөттү. Бул эки сүрөт ал дарынын таасиринде эс учун жоготуп жатканда анын жолдошу тарткан миңдеген сүрөт жана видеолордун ичинде болгон.
"Өзүмдү тааныган жокмун", – дейт ал. "Ал аял өлүп калгандай болуп керебетте жаткан эле. Анын жанында эркек кишилер турат. Алар ким экенин түшүнө албадым. Аларды билбейм. Аларды өмүрүмдө көргөн эмесмин".
Ал бир азга тыныгып, кызыл көз айнегин оңдоп жатты. Ал башына түшкөн окуяга ишене албай турса да үнү басыңкы, бирок токтогон жок.
Полиция Пелико айымга ондогон эркек киши тарабынан кайра-кайра зордукталганын кабарлаган. Анын зордукталып жатканын жолдошу видеого тартып, белгилеп анан хард дискке сактаганы менен көп эркектин тек-жайын аныктоого мүмкүн эмес.
Полиция Пелико айымга мындай кабарлардан кийин жалгыз калбоого кеңеш берген. Ал селейген абалда үйүнө барып, досуна телефон чалган. Мен ага "Доминик мени зордуктаганы жана башкаларга зордуктатканы үчүн камакта" деп айттым. Ошондо мен зордуктоо деген сөздү биринчи жолу колдондум. Беш сааттык сурактан кийин гана Пеликот мырзанын кылмышын сөз менен сүрөттөй алдым".
"Кызымдын чаңырганын уктум. Аябай каардуу болчу"
Анын чоңоюп калган балдары Девид, Керолайн жана Флорианга атасынын кылыгы жөнүндө айтып бериш керек болчу.
"Балдарым үчүн бул кабар өтө катуу тиерин жакшы эле түшүнгөм", – дейт Пелико айым. Азыр ал ошол үч телефон чалуу жашоосундагы эң оор учур болгон деп эсептейт.
Ал Керолайндын реакциясын эскерди: "Кызымдын чаңырганын уктум. Кыйкырыгы аябай каардуу болчу".
Чоң уулу Девид нес болуп калган болсо, кенже кызы Флориан болсо апасынын акыбалын заматта сурай салган.
"Алар жалгыз экенимди түшүнүшүп, жаман нерсеге барат деп ойлошкон. Аларга дагы бул жарылуу сыяктуу болгон".
Эртеси күнү балдары апасынын жанына, Мазанга, барышкан. Үчөө тең үй-бүлөдөгү буюмдарды, эмеректерди жана үй-бүлөлүк сүрөттөрдү, жок кылып же ыргытканын эстешет. Муну менен алар атасын жашоодон чийип салууга аракет кылышкан.
Апасы балдарынын жанында карап турган.
"Жашоом талкаланганын, балдарымдан башка эч нерсем жок экенин өзүмө айтып жаттым".

Сүрөттүн булагы, CHRISTOPHE SIMON/AFP
Давид төрөлгөндө Пелико айым 20 жаштарда эле. Андан бери балдары анын жашоосунун маңызына айланган. Энелик кайгы-муңга толгон балалыкты өтмүштө калтыруунун бир жолуна айланган.
"Апамды, бир тууганымды жана атамды дагы өтө жаш кезимде жоготком", – деп эскерет ал. "Ошондуктан өзүм жоготкон нерсенин баарын кайра курушум керек болчу".
Өзүнүн маегинде Пелико айым сүйүктүү ата-энеси жөнүндө сөз кылат. Алардын үй-бүлөлүк жашоосу Пелико айымдын сүйүү түшүнүгүнө терең таасир эткен.
Апасы рактан өлгөндө ал тогуз жашта эле. Атасы менен үй-бүлө мүчөлөрү муңга батып, андан чыга албай калышкан. 19 жашар, келишкен жана эмоционалдык жактан жетилген Доминик Пеликону жолуктуруу ага жашоону жаңы барактан баштоого шарт түзгөн. Алар 1973-жылы баш кошкон.
"Бири-бирибизди өтө сүйчүбүз. Өзүбүздү толугу менен жашоого арнаганбыз. Үй-бүлө курдук себеби негизги максатым ошол болчу", – деп эскерет бир кылка үн менен.
Акылга сыйбаган чыккынчылык
2011-жылга чейин Пелико айымдын эс тутуму начарлай баштаган. Бул илдетти ал неврологиялык көйгөйлөр менен байланыштырган, бирок ал гинекологиялык жактан да көп жабыр тарта баштаган. Мунун баары ага сайылган тынчтандыруучу каражаттардын жана аны аптасына бир нече жолу зордуктоого келген адамдардын айынан болгону кийин далилденген.
Ал бир нече дарыгерге кайрылган. Ал эч кандай натыйжасыз текшерүүлөрдөн өтүп жатканда жолдошу анын жанында болгон. Түндөсү зордукталгандан кийинки таңда жолдошу ар дайым анын жанында болгон.
"Өмүрлүк жолдошум ушундай үйрөй учурган иштерди жасаганы акылга сыйбайт", – дейт Пелико айым. "Эртең менен ойгонуп, таңкы тамакты жеп жатканда ал менин көзүмдү карап турган. Ушунча жылдан бери ал мага кантип чыккынчылык кылып жүргөнүн түшүнбөйм".

Кийин ал жолдошу дарылардан тышкары муундарды бошотуучу күчтүү каражаттарды бергенин билген. Муну жолдошу аялы эртеси күнү денесиндеги ооруларды сезбеши үчүн берип турган.
Азыр ал жабыркаган денеси иштен чыгарына аз эле калганын жана аман калуусу коркунучка кептелгенин түшүнүп турат.
"Анын мээримсиз болгонун кабыл алуу оор", – дейт ал.
Ачыкка чыккан маалымат үй-бүлө мүчөлөрүнө катуу таасир эткенин айтат Пелико айым.
"Мындай трагедия үй-бүлөнү бириктирет деп ойлоо жаңылыштык. Өзүбүзгө келүүгө көп убакыт керектелди".
Айрыкча кызы Керолайндын ич кийимчен уктап жаткандагы сүрөттөрү атасынын ноутбугунан табылганда "көп азап" тарткан.
"Кызына кумарлангандай караганына чыдай алган жокмун".
Пелико айымдын мурдагы жолдошу ал фотосүрөттөр боюнча карама-каршы түшүндүрмө берген. Керолайн дары берилип, зордукталдым деп ойлойт, бирок кошумча далилдердин жоктугунан ал эч качан жоопкерчиликке тартылган эмес.
Соттук териштирүү учурунда энеси менен кызынын мамилеси чыңалып кеткен. Керолайн өзүн "унутулган курмандыктай" сезип жатканын айткан. Ар кайсы убактарда, иш ачылганга чейин жана кийин, Пелико айым айрым балдары менен байланышпай калган.
"Керолайнга убакыт керек болду, анткени ал жек көрүп, жини келип турган. Менде андай болбогон", – дейт Пелико айым. "Мен жек да көрбөйм, жиним да келген жок. Мен чыккынчылык болгонун жана Пелико мырза тарабынан кордолгонумду сездим, бирок менде ушундай болду".
Пелико айым кызы менен мамилесин кайра калыбына келтирип жатканын айтат.
"Ар бирибизге өз багытыбызды табууга убакыт керектелди. Бүгүнкү күндө биз бири-бирибизди тынчтандырууга аракет кылып жатабыз. Биз айыгуу үчүн туура жолдобуз деген үмүттөмүн".
Кийин ачыкка чыккан маалыматтар
Биринин артынан экинчи маалымат ачыкка чыгып жатты. 2022-жылы полиция Пелико айымга жолдошу бир жаш аялды зордуктоого аракет кылганын мойнуна алганын кабарлаган. Доминик Пеликону 1991-жылы Парижде 23 жаштагы кыймылсыз мүлк агентин өлтүрүү иши боюнча да суракка алышкан, бирок айыптоолорду ал четке каккан.
Жолдошу адам өлтүргүч, андан тышкары жеткен зөөкүр экенин ойлоп, Пелико айым чыдай албай калган.
"Ал катаал кылмыштар боюнча күнөөлүү эмес деп бекем ишенгим келет. Эгер андай болбосо, анда бул мен үчүн да, балдарым үчүн да тозокко кайра түшкөндөй болот".
Иликтөө жүрүп жаткан маалда ал жашоо тынчыраак деп Франциянын Атлантика жээгиндеги Ил-де-Ре чакан аралына көчүп кеткен. "Мен чындыгында көмүскөдө калгым келди", – дейт ал. "Менин ким экенимди эч ким билбесин кааладым".

Франциядагы зордуктоодон жабыр тарткандардын ишиндегидей, Пелико айым дагы жабык соттук отурум өткөрүү укугуна ээ болчу. Ага ылайык, мында толук анонимдүүлүк сакталып, эч бир массалык маалымат каражаты катышпайт. Ал кызынын соттук отурумду ачык өткөрүү сунушуна каршы болуп, оор кылмыштын курмандыгы катары өз макамын бекемдөөдөн кооптонгон.
Кийин иликтөө башталганга чейин төрт ай мурда жээкте басып баратканда ичинде кандайдыр бир өзгөрүү пайда болгон.
Жабык соттук отурум айыпталып жаткандар дагы анонимдүүлүктөн пайда көрүп жатат дегенди билдирмек. Андан тышкары, ал көпчүлүктүн көлөкөсүндө калмак. Ага, анын чакан юрист тобуна жана балдарына каршы 51 эркек киши жана 40 юрист соттук ишке катышып жаткан.
"Эгер мен муну кыла алган болсом, анда бардык жабыр тарткандар дагы жасай алат"
"Бул уятты төрт жылдан ашуун убакыт көтөрүп жүрдүм", – дейт Пелико айым. "Бул жабыр тарткандарга жазаны жана өзүбүзгө алып алган кыйноолорду эки эселеп алып алгандай туюлду".
Жактоочулары ага чын эле ачык соттук отурум өткөрүүнү каалап-каалабаганын чечүү үчүн бир апта убакыт берген. Ал бир эле түндө чечим кабыл алган. "Кийинки күнү таң атканда билгем", – дейт ал.
Адаттан тыш тандоо болгон.
"Өз чечимим үчүн эч качан өкүнгөн эмесмин, бир да жолу", – дейт ал. "Мындай кадамга бара албаган башка жабырлануучуларга бул бир кабар болчу... Өзүмдө таба алган күчтүн бир бөлүгүн аларга бергим келди".
"Себеби ичибизде биз билбеген ресурстар бар. Эгерде мен муну кыла алган болсом, анда бардык жабыр тарткандар да жасай алат. Мен буга бекем ишенем", – дейт ал эч кандай олку-солкусу жок.
2024-жылы Пеликот иши боюнча соттук процесстер Францияны жана дүйнөнү каптады.
Пелико айым туш болгон бузукулукка ачык айкындуулук киргизүү жөндөмү анын чыдамкайлыгынан кабар берет. Бул ишти ал көп жолу "ыплас" деп атаган.
Ар күнү ал Авинон сот залына башын бийик көтөрүп кирип барчу. Аны колдогон аялдардын тобу сыртта чогулуп, ал колун жүрөгүнө коюп, башын жеңил ийкеп ыраазычылык билдирчү.
Ондогон камералардын курчоосундагы Пелико айым алар ага "укмуштуу күч" болуп бергенин айтат.
"Мен үчүн алар сот залында болуп жаткан окуяларды жеңилдетчү", – дейт ал. "Эгер өзүм жалгыз болгонумда, анда кыйын болмок".
Ал тургай Британиядан ханыша Камилла да суктануусун билдирип, жеке кат жазып жөнөткөн. Кат алуу ага күтүүсүз болгон. "Мени таасирлентип, абдан сыймыктандым... Мен ага ыраазымын", – дейт ал.
"Эрдигиңиз үчүн чоң рахмат", – дейт бир аял.

Сүрөттүн булагы, Manon Cruz/REUTERS
"Сизди колдоо үчүн бул жердебиз! Жашоо керемет, мадам!" – дейт дагы бири.
Жанып турган жүздөрдү көргөн Пелико айым биринчи жолу көз жашын аарчыйт.
"Абдан таасирлендим себеби мен бул жүздөрдү соттук отурумда көргөм", – дейт ал. "Алар көрнөктөрдү коюп жатканын, коллаждарын, баннерлерин көрдүм".
"Алар чындыгында укмуштуу эле", – деп жылмаят ал.
Зот залында Пелико айым менен үй-бүлөсү дээрлик төрт ай бою айыпталуучулардын да, алардын жактоочуларынын да кыйыр жана түз айыптоолоруна чыдап отурушту. Айыптоолордо үй-бүлөсү да шериктеш болгон деген кыйытмалар болгон. "Сот залында тозоктон өтөсүң. Абдан кемсинтилип басмырланасың".
Ошол кезде ал болуп жаткан окуяларды "коркоктук соту" деп атаган. Азыр дагы ошол окуяларды эстегенде үнү бир аз катуулап кетет.
"Алар кылган ишин мойнуна алгысы келген жок", – дейт ал жолдошу зордуктоого уруксат берген 50 эркек киши жөнүндө. Анын айтымында, алар өздөрүн майда кылмыш кылгансып, Пелико айым макулдук бербегенин кабыл алуудан баш тартышкан.

Сүрөттүн булагы, AFP/Anadolu/EPA/Getty Images/Reuters
"Кийин чындыкты тастыктаган видео көрсөтүлчү", – дейт ал. "Эркек киши мени зордуктап жатканын көрчүбүз. Ага ошол суроолор кайра берилгенде ал "жок, мен аны зордуктаган жокмун, аны зордуктоо ниетим болгон эмес" деп жооп берчү".
"Андан кийин эмне кылышыбыз керек эле?" – деп үнүн катуу чыгарып ачууланат Пелико айым.
"Менин оюмча, алардын түшүнүгүндө алар мени зордуктаган болушу мүмкүн эмес эле. Анткени Пелико мырза ал жерде болгон жана макулдугун берген. Ошондуктан алар муну зордуктоо катары көрүшкөн эмес", – деп жыйынтыктайт ал.
Бул жүйөнү ишти караган жети судья четке каккан. Бардык айыпталуучулар күнөөлүү деп табылган. Анын мурдагы жолдошу максималдык 20 жыл абак жазасына кесилген (сот иштери башталарга аз калганда экөө расмий түрдө ажырашкан эле). Калган 50 эркек киши 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылган.
Жашоону кайра куруу
Пелико айым сүйлөп жатканда узун бойлуу, көз айнекчен жана жубайы каза болгон Жан-Лу аттуу эркек киши аны жай карап отурат. Пелико айым аны 2023-жылы Ил-де-Ре аралында жолуктурган эле. "Бизге бакыт жылмайды", – дейт ал үнү токтоо жана жылуу маанайда. "Экөөбүз тең күтпөгөн жерден бири-бирибизди өспүрүмдөрдөй болуп сүйүп калдык".
Ошондон бери алар түгөй болуп калышкан. "Тагдыр баалуулуктары жана принциптери меникиндикиндей болгон, ошондой эле жашоодо көп сыноону баштан өткөргөн бир эркек кишини мага жолуктурду".
"Көрдүңүзбү, жашоо ар дайым сонун сюрприздерди даярдап турат. Жашообузга абдан көп түс тартуулады", – дейт ал башын бир аз кыйшайтып.
Пелико айымга "өлүк" сыяктуу жаткан аялдын фотосүрөттөрүн көрсөткөндөн бери дээрлик алты жыл өттү. Мурдагы жолдошу эмнеликтен аны көп жылдар бою зордук-зомбулукка дуушар кылганы боюнча суроолор азырга чейин жоопсуз бойдон. Доминик Пелико сотто "сынбас аялды багындырууну" каалаганын мойнуна алган.
"Ал мени свингерлик жолугушууларга катышуумду каалачу, бирок менде уят-сыйыт деген сезим бар болгондуктан ар дайым баш тартчумун", – дейт ал. "Ал мени сындыруунун жолун тапкан окшойт деп ойлойм".
Бирок ал муну кантип жасады – бул башка маселе. "Бул суроону өмүрүм өткөнчө өзүмө берсем керек", – дейт ал.
Пелико айым түрмөгө барып, мурдагы жолдошуна суроолорду берүү ниети бар экенин айтат. Ал Доминик Пеликодон кызы Керолайнга эмне кылганын жана адам өлүмү боюнча ишти сурап билгиси келет.
"Жооп алуу үчүн ага жолугушум кажет. Жолуга аламбы же жокпу билбейм, бирок мен анын көзүнө тик карашым керек".

Сүрөттүн булагы, Dmitry Kostykov/BBC
Ал ортодо өз жашоосун кайра куруу уланууда. "Мен айыгып жатам", – дейт ал.
Ал мурдагы жолдошу менен өткөргөн өмүрүн толугу менен жокко чыгарайын дебейт.
"Жашаш үчүн мен Пелико мырза менен өткөргөн 50 жылым жөн гана жалган жашоо болгон эмес деп эсептешим зарыл болду. Болбосо мен өлүк болгондой эле кеп. Мен андан ары жашабагандай эле туюлмак".
Сотто ал көрсөтмө берүү үчүн кээде эле чыкчу. Ошол учурлардын биринде Пелико айым мурдагы жолдошуна "чени жок" чыккынчылык кылганын айткан.
"Сени ар дайым жарык жакты көздөй жетелөөгө аракет кылдым, бирок сен адам жан дүйнөсүнүн эң караңгы түпкүрүн тандадың", – деген ал.
Бул ойду ал азыр да кайталайт. Жашоодо "кайсы багытта кетүүнү чечишиң зарыл, ар дайым тандоо жасашың керек. Бири туура жол, экинчиси ката".
"Өзүм жөнүндө айтсам, мен ар дайым мыкты жакка алып баруучу жолду тандап келдим", – деп жыйынтыктады өз сөзүн токтоолук менен.





























