Нарколог: Кыргызстанда мамлекеттик психотерапиялык борбор жок, бейтаптар аргасыз жеке клиникага барат

Сүрөттүн булагы, Official
19-январда Кыргызстандын атайын кызматы Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган "Путь в жизнь" аттуу реабилитациялык борборду аныктап, бир катар канча кишини кармады. Маалыматка ылайык, аталган мекеме ар кандай көз карандылыкка кабылган бейтаптарды реабилитациялоо багытында мыйзамсыз иш алып барып келген.
УКМК тараткан видеодо бейтаптарды керебетке таңып алып, союл, электр шокерлер, ооз жабуучу каражаттар сыяктуу буюмдарды пайдаланып, уруп жатканын көрүүгө болот.
"Баш ийбеген бейтаптарды кошумча жазалап, атайын изолятордук караңгы бөлмөлөргө камашкан. Айрым учурларда аларга памперс кийгизилип коюп, 7-8 сутка кармашкан",- деп айтылат маалыматта.
Бейтаптар узак убакытка кармалып, ай сайын 80 миң сомдон төлөп турган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча сегиз киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Мажбурлоо же зомбулук эч кандай натыйжа бербейт"
Адистердин айтымында, маңзатка же ичкиликке көз каранды бейтаптарды дарылоо - узак убакытты жана көп баскычтуу процессти талап кылган татаал иш. Тилекке каршы Кыргызстанда мындай адамдарды толук калыбына келтире турган узак мөөнөттүү мамлекеттик реабилитациялык борборлор жок. Мамлекеттик мекемелер кайрылгандарга кыска мөөнөттүү гана жардам көрсөтүү менен чектелишет. Мындай шартта бейтаптардын жакындары жеке менчик борборлорго кайрылууга аргасыз. Бирок өлкөдөгү жеке реабилитациялык жайлардын баары эле тийиштүү лицензияга ээ эмес жана алардын иши мыйзамдуу медициналык ыкмаларга таянарына кепилдик жок.
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психиатр-наркологу Тинатин Сагынбаева мамлекеттик борборлор мындай бейтаптарга кыска мөөнөттүү гана медициналык жардам бере аларын билдирди.
Анын айтымында, маңзатка же ичкиликке берилүү көп тармакты камтыган олуттуу көйгөй. Ошондуктан аны дарылоо да бир нече баскычты талап кылат.
"Биринчи этап, бул детоксикация жана медикаментоздук дарылоо. Ал кыска мөөнөттүү. Бейтап ооруканага кайрылганда анын канын тазалап, өзүнө келтиребиз. Андан соң ашыкча ооруканада кармабайбыз. Дарылоонун эң маанилүү бөлүгү - психотерапия. Ал айлап, кээде жылдап созулушу мүмкүн. Тилекке каршы Кыргызстанда узак мөөнөттүү мамлекеттик реабилитациялык борборлор жок. Бул эң чоң көйгөйлөрдүн бири", - дейт ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мамлекеттик психотерапиялык реабилитациялык борборлордун жоктугунан улам бейтаптар жеке клиникаларга кайрылып, чоң суммадагы каражат коротууга аргасыз.
"Реабилитация - бул адамды жөн гана изоляциялап коюу эмес. Дарылоо дагы бейтаптын жеке макулдугу менен болушу керек. Ал мажбурлоо же зомбулук менен коштолсо, бул таптакыр натыйжа бербейт. Бул жөн гана убакыт жана акча коротуу", - деди дарыгер.
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматына ылайык, соңку үч жылда маңзатка жана ичкиликке берилип каттоого алынган адамдардын саны бир аз кыскарган.
Маңзатка көз каранды болуп каттоого турган бейтаптардын саны 2022-жылы 7 672 болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 6 668 болгон.
Аракечтик менен жабыркап, расмий каттоого алынгандардын саны 2023-жылы 29 165 адамды түзсө, 2024-жылы 28 820 адам катталган.
Ошол эле учурда адистер расмий статистика каттоого турган бейтаптарды гана камтый турганын, реалдуу абал мындан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет.








