1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн сабактары

Тарыхый жолдо ар бир элдин эңсеген кыялы арзан ишке ашпайт, өтөлгөсүнө чыкпай калышы да ыктымал. Эркиндиктин наркы бийик, куну кымбат. Биздин азыркы мамлекетибиз да оңой-олтоң, ичибиздеги кээ бирөөлөр ойлогондой өзүнөн өзү жарала калган жок, тыштагы айрымдар айткандай бизге белекке да берилген эмес. Ата-бабабыздын акыл-ою, тынымсыз эмгеги, кылыч мизинде, кыл чайнашып, жаны канжыгада, каны көөкөрдө кармашып жүрүп, бирде жеңип, бирде жеңилип, нечен азап-тозокту башынан татыктуу кечирип, кайрадан ээ болгон эркиндиги, ээлик кылган мамлекети. Кыйын кездерде кыргыз баласы нечен сыноолорго чыдаган. Дал ошондой тагдыр чечүүчү сыноолордун бири - 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшү болуп эсептелет.
Басмырланган эл, ээнбаш келгиндер
Көтөрүлүштүн негизги себептери, жүрүшү, натыйжасы тарых илиминде кеңири баяндалып, азыр да иликтенүүдө. Жалпы жана айрым аймактарга гана мүнөздүү себептери бар. Падышачылык оторчулуктун катаал саясаты, элге эзүүчүлүк мамиле, ар тараптан кысым, барган сайын оорлогон салыктар, жакырчылык, катаал турмушта жашаган карапайым калктын сабырын түгөтүп, “бѳрк ал десе баш алган” жергиликтүү бийлик тѳбѳлдѳрү кырдаалды кескин курчутуп жиберген. Биринчи дүйнөлүк согуш Россиянын социалдык-экономикалык абалын, ээлеп алган колониялдык аймактардын турмушун кескин начарлаткан. Айласы куруган орус бийлиги казынаны толтуруу үчүн салыктардын жаңы түрлөрүн ойлоп тапкан, эскилеринин өлчөмүн көбөйткөн. Мисалы, түтүн салыгы 1865-жылы 1 сом 50 тыйынды түзсө, 1915-жылы 8 сомго көтөрүлгөн. Жер салыгы да көбөйүп, түшүмдүн 10 пайызга жеткен. Азык-түлүк тартыштыгы күчөгөн. Товарларга жана азык-түлүккө баа кымбаттайт. Согуштун алгачкы эки жылында мануфактуралык товарларга баа 2,7 эсеге, бут кийимге – 3 эсе, нандын баасы – 6 эсеге көтөрүлөт. Аскерге тартылбаган элдерге согуш салыгы киргизилет. Айтор калктын турмушу абдан начарлап, чыдамы азаят. Бул көтөрүлүштүн жалпы, орток себептери.
Улуттук-боштондук үчүн күрөштүн эң башкы себеби ошол кездеги жергиликтүү калкка карата ѳкүм сүргѳн адилетсиздиги болгону окумуштуулардын эмгектеринде так белгиленет. Колонизатордук бийликтин жергиликтүү калкка карата баскынчылык саясаты окуянын от алышына түрткү болуп, келгиндердин кыргыздарга текебер, ѳзүм билемдик мамилеси кырдаалды ого бетер курчуткан. Падышачылык бийлик жергиликтүү калктын жерлерин тартып алып, алардын ордуна келгиндерди жайгаштырган.
Турар Рыскуловдун изилдөөсүндө 1916-жылга карай Түркстандагы 1900 миң теше жер (айдоого жарактуу жердин 57,6%) орус кыштактарынын карамагында болгон. Башкача айтканда, ар бир келгинге 3,17 теше, жергиликтүү элдердин жан башына 0,21 теше гана айдоо аянты туура келген. 94% жергиликтүү калк айдоого жарактуу жердин 42,4% гана акысы болуп, азчылыкты түзгөн келгиндер жакшы жерлерде жайгашып, айдоо аянттарынын теңинен көбүн эллеп алышкан.
1900-жылы Прежевальск уездиндеги калктын 11% түзгөн орус калкы 23,8% айдоо жерин ээлеген. 1916-жылы келгиндер жалпы калктын 21,1% жеткен, алар эми айдоого жарактуу жердин 67,3% ээлеген. Пишпек уездинде келгиндер калктын 38,1% түзүп, айдоого жарактуу жердин 57,3% ээлеп алышкан. Ар бир орус келгинге 8,46 теше жер, ар бир кыргызга 1,66 гана теше жер туура келген. Жергиликтүү элдердин мал багууга ылайыктуу жайыттары, кайрак жерлер мамлекеттик фондуга жана токой-чарба мекемелерине каратылган. Маселен, Марлаң уездиндеги Ичкилик, Жоо-Кесек, Бостон, Найман болуштуктарындагы мыкты жайыттар, кооз жерлер падышачылык бийликтин өкүлү Оттендорфко эс алуучу жай катары бөлүнүп берилген (Усенбаев К. Восстание 1916 г. в Киргизии. – Фрунзе, 1967. -1819-б.).
Кыргызстан боюнча 100 миндеген теше айдоо аянттары мамлекеттик фондго, 2 жарым миллион теше жер токой чарбасына өткөн. Фондго же токой чарбасына каратылган жерлерди пайдаланууга тыюу салынган, айып пул төлөшкөн. Эми мамлекеттик фондудагы жерлерди кайра эле жергиликтүү эл ижарага алып иштетүүгө тийиш болгон. Жети-Суу облусундагы кыргыздар, дунгандар, өзбектер, уйгурлар ижарага гана алып иштетүүгө акылуу болгон. Жергиликтүү администрация жерге жайгаштырганы аз келгенсип, келгиндердин да өзүм билемдиги чектен чыккан. 1900-жылы эле падышачылык бийлик Фергана өрөөнүндө, Жети-Суу облусунда келгиндерди отурукташтыруу үчүн жарактуу жерлерди бөлүштүрүп бүтүшкөн. Бирок бул жакка стихиялуу көчүп келип, айдоо аянттарын, суу бойлой, түзөң жерлерди өз бетинче ээлеп алып, отурукташкан орус кыштактарынын саны улам арбый берген. Айдоону ээлегени аз келгенсип, токойлорду, суу боюна да ээлик кылып, бал челек үчүн деп тоо этектерин да жергиликтүү элди жолотпой, коруй башташкан.
Маселен орус жергиликтүү администрациясынын чиновниги Н. Рылов: “кийин көчүп келген мужуктардын чоң топтору кыргыздарды турган жеринен айдап чыгып, алардын мал-мүлкүн басып алышып, кыштоолордогу турак-жайларын бузуп, ордуна өздөрү там салып алышты. Фергана өрөөнүндө 900 ашуун кожолуктан турган кыштак өз бетинче мына ушундай бейбаштык менен пайда болду” деп көрсөткөн (ЦГИА РФ, фонд 400, Азиатская ть, 1914. Д.112, л. 3-4). Түркстан генерал-губернатору 1916-жылы 26-июлда, көтөрүлүш тутанганда императорго жазган маалымдама катында окуяларды баяндап келип, Жети-Суу облусунда, кыргыздар жашаган аймактарда көтөрүлүштүн айыгышкан мүнөзүн түшүндүрүү максатында “Түркстан аймагында элдердин ичинен кыргыз калкынын жерди пайдалануу укугу өтө басмырланган” деп мойнуна алган. (ЦГА РУз, ф.1. оп.31, д.1198,л.7). Көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири, элге туу болом деп хан шайланган Канат Ыбыке уулуу колго түшүп, 20-ноябрда Верныйдын (Алматы) түрмөсүндө берген суракта “Көтөрүлдүк. Чыдабадык. Орус төбөлдөрүнүн адилетсиздиги аз келгенсип, келгиндердин ээнбаштыгы чектен ашты. Келгиндер топ-тобу менен кокту-колотто жайылып жаткан малды кыштактарына айдап келип, камап, анан алардын жеринен өткөнү үчүн “туяк акы”, айдоо аянтын аралаганы үчүн дан кенемте доолашчу болду. “Туяк акыны” ар ким каалашынча доолайт. Көп учурда ошо айдап келген мал толугу менен орус кыштагында “туяк акыга” калат. Кокус орустун бир эчкиси жоголсо, орус кыштагына жакын жердеги кыргыздар 10 кой берүүгө тийиш. Каяша кылган малчыларды атып өлтүрүп да коюшчу” (https://mnenie.akipress.org/unews/un_post:17845).

Эркиндик үчүн күрөш
Турмуштун оорлошу, ачарчылык өлүм-житимди көбөйтүп, элдин саны азайган. 1902-жылдан 1913-жылга чейин кыргыздардын саны 8,9% азайганын Жусуп Абдрахманов 1931-жылдагы докладында статистикалык фактылар менен баяндаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Согуштук максатта орус бийлиги жергиликтүү калктан мал жана айыл чарба азыктарын күч менен ала баштаган. 1913-1914-жылдары Түркстан чөлкөмүнөн армиянын керектөөсү үчүн 34 миллион сомго барабар мал, 41 миллион пуд пахта, 109 миң пуд пахта майы, 70 миң ат, 360 миң пуд эт, 2 миллион пуд жүн, 13 миң төө, 13,4 миң боз үй, 38 миң чарчы метр кийиз ж.б. Бул Түркстан чөлкөмүнө, анын ичинде кыргыздар ээлик кылган жана жашаган аймактарга көбүрөөк мүнөздүү себептердин айрымдары, негизгилери гана.
Орус императорунун 1916-жылы 25-июндагы “О привлечении мужского инородческого населения Империи для работ по устройству оборонительных сооружений и военных сообщений в районе действующей армии, а равно для всяких иных необходимых для государственной обороны работ” деген жарлыгы (оригиналда “Высочайшее повеление” деп аталат) чечими жалынды тутанткан.
Жарлыкка ылайык, 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектер чакырылууга тийиш эле. Мындай чечимге орус падышачылыгы бир эле жылда келген эмес. Орус падышачылыгы басып алган Түркстандагы жергиликтүү элдердин жигиттерин армияга чакыруу маселесин ондогон жылдар бою ойлонуп келген (Восстание 1916 года в Туркестане: документальные свидетельства общей трагедии. Сборник документов. -М. 2016. 27-30-б). Негизинен жергиликтүү элдерге ишенбөөчүлүк, аскерге кызматтын ордуна жергиликтүүлөр төлөгөн оор салык тээ 1914-жылы эле долбоору даярдалган мындай чечимди кабыл алуудан тайсалдатып турган.
“О привлечении к отбыванию воинской повинности инородцев” деген мыйзам да болгон. Бирок аны ишке киргизүү тууралуу акт кабыл алына элек болчу. Императордун жогорудагы жарлыгы согушта аргасы кеткендиктен кабыл алынган, бирок бийликтин түбүнө жеткен чечим болгон. Чечим көтөрүлүштү тутантты. Көтөрүлүш кан менен басылды. Бирок падышачылык бийликтин пайдубалына жарака кетип, акыры кулады. Согуш министри Шуваев кийин берген көрсөтмөсүндө “Кандай болсо да эптеп согуш майданындагы иштер үчүн жумушчуларды табышыбыз керек эле. Ансыз жеңилмекпиз” деп актанган (Восстание 1916 года в Туркестане. Сборник документов. -М. 2016. 40-б). Ошол эле учурда кээ бир жергиликтү чиновниктер, аскер кызматкерлери Түркстанда элдин абалы оор экенин, ишенбөөчүлүктөн мурун кесепети оор боло тургандыктан жергиликтүүлөрдү аскерге чакыруу туура эместигин эскертишкен. Ал тургай Түркстандагы орустарды аскерге чакыруу терс натыйжасын бере баштаган эле. Аскерге барбайсыңар, анын ордуна салык төлөгүлө, оокат бергиле деп болгонун тартып алсак, эми салык да аларды аскерге чакыруу болбостугу түшүнүктүү болчу. Бирок ар кандай бийлик кулаарда, кедерине кетээрде акылынан ажырап, кулагы укпай, көзү көрбөй каларын же билип туруп тескери ишке бара тарых нечен ирет далилдеген. Бул аксиоманы 1916-жылы да бир ирет кан менен далилдеди.
Тарыхый изилдөөлөрдүн масштабы кеңейип, улам жаңы фактылар, архивдик материалдар илимий иликтөөлөрдүн предметине айланып отурат. 1916-жылдагы боштондук күрөшүнө алгачкы жана так саясий аныктаманы Биринчи Республиканын биринчи премьер-министри Жусуп Абдрахманов бергенин баарыбыз жакшы билебиз. Ал 1926-жылы көтөрүлүштүн он жылдыгына карата “Коммунистическая мысль” журналына жазган макаласында алгачкы ирет улуттук революциячыл кыймыл деп, кийин 1931-жылы салтанаттуу чогулуш уюштуруп, ал жыйындагы докладында улуттук-боштондук кыймылы деп өз аныктамасын берген. Кынтыксыз фактыларга таянып, көрөгөчтүк менен берген далилдүү аныктама азыр да илимий актуалдуулугу менен баалуу. Массалык кандуу репрессиянын илеби кирип келген ошол мезгилде мындай аныктама берүү опурталдуу экенин ал жакшы түшүнгөн. Бул фактыга бекеринен токтолуп отурганым жок. Анткени Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев баштаган даңазалуу муун, биздин бүгүнкү мамлекеттин пайдубалын курган кайран аталарыбыз дал ошол 1916-жылды бала кезинде башынан кечирген. Жаңы доордо кыргыз мамлекетин жаңы форматта калыбына келтирген кайрандар кандуу 1916-жылдын балдары. Таң менен кошо саясий аренага чыккан, эл бактысына жаралган таалайлуу муун. Таалайы ошо, алардын биринин да өмүрү текке кеткен жок.
Бул жагынан алганда 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөшү жеңилүү ызасы, азап-тозок, кайран элдин улуу трагедиясы менен коштолсо да, кыргыз руху жеңилген эмес. Көтөрүлүш аёсуз басылат, эл кырылат, аман калганы Кытайга качат. Ошондон улам “Үркүн” аталат. Окумуштуулардын эсеби боюнча, Кытайга качканга чейинки салгылаштарда, жазалоочулардын колунан калктын 40% кырылган. А Кытайга карай жолдо дагы миңдеген адам өлгөн. Кытайга кирген учурда, Кытайда дагы эсепсиз курмандыктар... Көрбөгөн азабы, сынбаган шагы калбаган кайран эл. Мындай масштабдагы улуттук катастрофадан кайра жаралуу, өз мамлекетин калыбына келтирүү тарыхта сейрек. “Түгөнгөн сайын түтөгөн” кыргыз эли көтөрүлүштө катуу жеңилген, аёосуз кырылган, бирок намысын колдон чыгарган эмес. Көтөрүлүштүн өзү намыс, эрк, эркиндик үчүн күрөш.
Эркиндик, азаттык жана өз алдынча мамлекет тууралуу кыргыздардын эзелки, пассионардуу улуттук идеясынын жана жашоо мотивациясынын деми кайткан эмес. Дал ошондуктан алар эркиндик үчүн элдик күрөштүн эстафетасын колго алып, азаттыктын туусун желбирете алышкан.

Сүрөттүн булагы, Kabar
Тарыхый саясий сабактары
Улуттук-боштондук көтөрүлүшү аёосуз басылгандан алты жылдан соң - 1922-жылы Тоолуу Кыргыз Республикасын түзүү ою оңунан чыкпай калып, адегенде Кара-кыргыз Автоном Облусу, эки жыл аралыгында - 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын түзүштү. 1916-жылдагы кыргыз элинин боштондук көтөрүлүшү колониялдык мезгилде көз каранды эместиги үчүн күрөштөрдүн туу чокусу. Бул “Кыргызстандын тарыхы” аттуу академиялык басылмадагы аныктама (Кыргызстандын тарыхы. КР УИА Тарых жана маданий мурастар институту. –Бишкек, 2016. 3-т. 157-б.). Кыргызстандын жана азыркы Борбордук Азиянын тарыхындагы урунттуу окуяга фактыларга негизделип берилген бул илимий баа терендетилип, тарыхый, моралдык, саясий сабак аларыбыз али алдыда. Тарыхый жолунан адекваттуу сабак алганыбызда гана келечек багытыбызда адашуулар аз болот.
1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы Кыргызстанда 2016-жылы расмий түрдө жана кеңири белгиленди. Ал эми 2016-жылы 17-сентябрда КМШ мамлекеттеринин башчыларынын мааракелик саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президентинин чакыруусун кабыл алып, Бишкек шаарынан түштүк-чыгыштагы “Ата-Бейит” эскерүү жайына келип, бул көрүстөндөгү жаңы эстеликке гүл койду. 1996-жыл орустардын чыгаан дипломаты, академик Евгений Примаков менен жолукканымда кээде үн катпай коюу килейген текст түрүндөгү билдирүүдөн катуу, кенедей ишарат атайы арналган сөздөн да тереӊ мааниге ээ деп айткан эле. Анын сыӊары 2016-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына утурлай өткөн саммитке орус президенти Владимир Путин да келип, Үркүнгө арналган эстеликтин ачылышына катышып, баш ийип таазим эткени жадыбызда. Бул эмки орустардын ошол кездеги окуялар үчүн кечирим суроо актысы катары кабылданганы эп.
1916-жылдагы көтөрүлүш бүтүндөй Түркстанды, ал тургай Түндүк Кавказды кучагына алган (Восстание 1916 года в Туркестане. Сборник документов. -М. 2016. 51-б). Ал аймактарда да куралдуу жаңжалдар, айрым курмандыктар болгон. Бирок бул көтөрүлүшкө мамиле ар кандай. Бул олуттуу тарыхый окуялардын 100 жылдык мааракеси башка Борбордук Азиялык мамлекеттерине салыштырмалуу Кыргызстанда алда канча эркин жана кеңири белгиленди. Расмий денгээлде, өлкө масштабында 100 жылдыгы же башка жылдыгы Кыргызстандагыдай белгиленбейт, негедир. Албетте, ар кандай тарыхый окуя сыяктуу, көтөрүлүшкө берилген маанинин саясий, идеологиялык себеби бар чыгар. Ал эми ошол өлкөлөрдүн ички иши.
Ошентип, көтөрүлүш - падышачылык Россиянын ээлеп алган аймактардын элине, асыресе Түркстанга зомбулук саясатынын натыйжасы. Бул – башкы тарыхый сабак. Биздин бул окуядан алуучу сабактар кымбат жана баалуу.
1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшү - элдин эркиндик, адилеттүүлүк жана азаттык үчүн азаптуу күрөшү.
Эл башына каран түн түшкөндө да ар-намысы үчүн күрөштүн улуу сабагы.
1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн, кайран элдин таргедиясын эстөө, эскерүү ызалануу же кимдир бирөөгө кекенүү эмес, өнүгүү жолун издөөнүн, айкөлдүктүн жана акылдын сабагы болуусу абзел.
Улуттук-боштондук күрөшү кандай сыноо болсо да, аны жеңе билүүнүн чыдамкайлык сабагы.
Жан айласын таппай кыйсыпыр түшкөндө да, адам бойдон калуунун абийир сабагы.
Эркиндик үчүн жаны курман болсо, адам өмүр текке кетпей тургандыгынын эрдик сабагы.
Азаттык үчүн күрөштүн арман сабагы.
Бүлүнгөн кезде бүтүндүгүн сактап, чачылган кезде биримдигин сактап, эл бойдон калуу сабагы.
Кыйын кезде кыйрап кетпей, дөөлөт жаратып, мамлекетин сактоо сабагы.
Биздин бүгүнкү барчылыкты камсыз кылган өткөн муундар алдында жана биз кенен жол чаап кетүүгө тийиш келечек муун алдында жоопкерчиликти ар бирибиз сезүүгө милдеттүүбүз. Демек биз азыр сөз кылып жана эскерип жаткан улуттук-боштондук күрөшү тарых алдында жана келечек алдында биздин кош жоопкерчиликтин сабагы.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер, тарыхчы.












