Эрмек Кеңешев: Иранда башаламандыктар түн ичинде болуп жатты

Ирандагы өкмөткө каршы демонстрацияларда миңдеген кишинин өмүрү кыйылды. Соңку күндөрү өлкөдөгү башаламандыктар азайды деп кабарланганы менен, интернеттин жоктугунан улам чыныгы кырдаалды билүү кыйын болууда. Би-Би-Си Иранга иш сапары менен барып, өткөн аптада кайтып келген кыргызстандыктан ал жактагы абал тууралуу сурап көрдү.
Эрмек Кеңешев — Кыргызстандагы "Фарси" коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2026-жылдын 3-январында Иранга барган. Анын айтымында, башаламандыктар көбүнчө түн ичинде болуп жаткан.
"3-январда Алматы шаары аркылуу Тегеранга учуп барып, Ирандагы окуяларга туш болдук. Башаламандыктар негизинен түн ичинде болуп жатты. Ирандын телеканалдарынан 20дан ашык мечиттин, автобустардын, тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаалардын өрттөлгөнүн көрүп жаттык. Канчалаган кишилердин каза болгону тууралуу да айтылып жатты. Ал эми күндүз дүкөндөр, мамлекеттик мекемелер жана компаниялардын баары кадимкидей эле иштеп жатты".
Жергиликтүү эл күнүмдүк тиричилигин улантып жатканы менен, жалпы нааразылык күч дейт Кеңешев:
"Ирандын ичинде күндүз такси менен жүрүп жаттык. Албетте, элдин көбү баалардын кескин өсүп кетишине жана иран валютасынын кунсузданышына нааразычылыктарын билдирип жатышты".
Ишкер Иранга ишкерлик боюнча кызматташуу маселелери менен барган. Бир нече күндөн кийин өлкө боюнча интернет толук өчүп, байланышта кыйынчылыктар жаралганын айтат:
"Биз 8-январда Машхад шаарынан борбор калаа Тегеранга авиакаттам менен учуп бардык. Тегеранга келип түшкөнүбүздө, кечки саат тогуздарда Иран боюнча интернет жана сырткы байланыш толугу менен өчүрүлдү. Бул бизге абдан ыңгайсыздык жаратты. Анткени биз Кыргызстандагы жакындарыбыз жана тууган-туушкандарыбыз менен Ирандан чыгып кеткиче байланыша алган жокпуз".
Иран өлкөдөгү толкундоолорго жана коопсуздукка байланыштуу жарандык учактар үчүн аба мейкиндигин жапканын жарыялаган.
"Иш сапарыбыз соңуна чыгып аэропортко келгенде, бир катар эл аралык авиакаттамдар токтотулганын билдик. Биздин "Пегасус" авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга билетибиз бар болчу, бирок алардын иши да үзгүлтүккө учурапты. Ошондуктан башка компания менен Душанбеге учууга мажбур болдук. Душанбеден Ошко чейин унаа менен жетип алдык".
Декабрдын соңунда Иранда жергиликтүү акчанын долларга карата курсу кескин түшүп кетип, соодагерлер нааразылык акциясына чыгышкан. Кийинчерээк бул демонстрациялар өлкө боюнча жайылып кеткен. Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматы боюнча, Иранда 20га жакын кыргыз жараны бар.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Интернет өчүк, өлгөндөр үч миңден ашкан
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШда жайгашкан ирандык Human Rights Activists News Agency уюмунун (HRANA) билдиргенине караганда, 28-декабрда экономикалык абалдан улам башталган башаламандыктарды күч менен басуу учурунда 3 090 адам ажал тапты. Өлкөдө интернеттин өчүрүлүшү так маалымат алууну өтө кыйындатууда.
Ишемби күнкү сөзүндө аятолла Али Хаменеи миңдеген адамдар нааразылык учурунда каза болгонун айтып, бул үчүн "козголоңчуларды" айыптады.
Иран тарыхтагы эң кескин интернет чектөөлөрдүн бирин баштан кечирүүдө. 10 күндөн бери өлкөнүн 92 миллион жараны интернет кызматтарынан ажырап, атүгүл телефон чалуулар менен СМС билдирүүлөрүндө да үзгүлтүктөр жаралууда.
Бийлик интернет качан калыбына келерин ачык айта элек, бирок айрым маалыматтарга караганда, өкмөт чектөөлөрдү туруктуу калтырууну пландап жатышы мүмкүн. 15-январда IranWire жаңылыктар сайты өкмөттүн расмий өкүлү Фатеме Мохажераниге таянып, эл аралык тармакка кирүү мүмкүнчүлүгү эң аз дегенде март айынын аягындагы Иран Жаңы жылына чейин калыбына келбейт деп кабарлады.
Иран көп жылдардан бери интернетти катуу көзөмөлдөп келет. Өлкөдө батыштын социалдык тармактары, платформалары жана Би-Би-Си сыяктуу эл аралык жаңылыктар сайттары бөгөттөлгөн. Ошого карабастан, көптөгөн жарандар Instagram сыяктуу популярдуу колдонмолорго VPN (Virtual Private Networks) аркылуу кирип келишкен.
Access Now уюмунун активисттери Иран бийлиги 2019-жылдын ноябрындагы жана 2022-жылдын сентябрындагы окуялар сыяктуу эле, нааразылык акцияларын күч менен басууну жана массалык зомбулукту жашыруу үчүн интернетти өчүрүүнү адатка айлантып алганын белгилешет.

Сүрөттүн булагы, User generated content












