"Насыя алганга, мал сойгонго болбойт". Өкмөт той-аштарды өткөрүүнүн тартибин иштеп чыкты

Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Министрлер Кабинетинин "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын иретке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ал үйлөнүү той, кыз узатуу, бешик той, тушоо кесүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарга тиешелүү болот. Мындан сырткары, ажылык жана умра сапарларына байланыштуу диний жөрөлгөлөрдү, ошондой эле сөөк коюу жана маркумду эскерүүгө багытталган үчүлүк, жетилик, кыркылык жана жылдык аш сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салат.

Той салтанаттарын өткөрүүдөгү сунуштар

Жаңы тартипке ылайык, үйлөнүү үлпөттөрү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө төмөнкүдөй тартиптер каралат:

Меймандардын санын 200 кишиге чейин чектөө, ал эми жалпы тойдогу адамдардын санын 350 кишиден ашырбоо.

Тойду бир күндүн ичинде өткөрүп, карызга же кредитке акча алып той кылбоо.

Бир баш бодо мал же бир жылкы менен чектелүү жана үйлөнүү тойдо үчтөн ашык жеңил унаадан турган кортеждерге тыюу салуу.

Ошондой эле "кийит кийгизүү", "себет берүү" жана "түштөнүү" сыяктуу ашыкча чыгымды талап кылган салттарга жол берилбейт, фейерверк атууга жана кымбат баалуу шоу-программаларга чектөө коюлат.

Сөөк коюу жана эскерүү зыяпаттары

Министрлер кабинети маркумду жерге берүү жана эскерип, куран окуткан зыяпаттарга да чектөө киргизүүнү сунуштоодо.

Сөөк коюлган күнү мал союуга тыюу салынат, бирок келген адамдардын санына чектөө жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кийинки үчүлүк, жетилик, кыркылык жана ашты өткөрүүдө чакан мал же каалоо боюнча бир бодо мал союуга уруксат берилет.

Дасторкондо тамак-аш өтө жупуну болушу шарт жана эскерүүгө эң жакын туугандар гана чакырылышы керек.

Эскерүү иш-чараларынын ордуна мечиттерге же коомдук муктаждыктарга кайрымдуулук кылуу сунушталат.

Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө милдети жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана өзүн-өзү башкаруу органдарына жүктөлдү. Алар дин кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Чайкана жана банкет залдарынын ээлери, тамадалар жана башка уюштуруучулар бул эрежелерди сактоого милдеттүү болот. Аларга кардарларга ашыкча кызматтарды таңуулоого тыюу салынат.

Бул талаптарды бузгандар Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылары эскертилет.

Өкмөттүн бул демилгеси той-аштардагы ашыкча чыгымдарды тыйып, элдин чөнтөгүнө күч келтирбөө жана каада-салттарды иретке келтирип, баарын бир тартипке салуу үчүн иштелип чыкканы айтылат.