Европанын лидерлери Трамптын Гренландия боюнча айткандары АКШ менен мамилени туңгуюкка кептей турганын билдиришти

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
Гренландияны коргойм дегендерди жаңы бажы төлөмдөрү менен коркуткан Трампка Европанын сегиз өлкөсүнүн лидерлери жооп кылып: "Америкалык президенттин коркутуулары Европа менен АКШнын мамилесин коркунучтуу туңгуюкка кептеши мүмкүн", — дешти.
"Биз бекем карманган, суверендүүлүк жана аймактык бүтүндүккө негизделген принциптер менен диалогго даярбыз. Бажы төлөмдөрү менен коркутуу трансатлантикалык кызматташтыкка жик кетирет жана кооптуу туңгуюкка кептейт», — делет Дания, Британия, Франция, Германия, Нидерланды, Норвегия жана Швециянын лидерлери жолдогон кайрылууда.
Буга чейин Трамп 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Британия, Нидерланды жана Финляндияга 10% бажы төлөмдөрү күчүнө кирерин жарыялап, ал дагы 25% чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтты.
Анын айтымында, импорттук бажы төлөмдөрү «Гренландияны толук сатып алуу боюнча (ред. АКШ тарабынан) сүйлөшүүлөр жетишилгиче» иштей бермекчи. Трамп: "Гренландия — Даниянын курамындагы автономия", — деп, ал АКШнын коопсуздугу үчүн абдан маанилүү экенин айтып, аны күч менен басып алуудан тартынбачудай болуп жатат.
Трамптын коркутууларынан кийин Евробиримдик жекшемби күнү ЕБге мүчө 27 өлкөнүн элчилеринин деңгээлинде чукул жыйын чакырды. Евробиримдик элчилеринин жыйынында, министрлер жыйыны же саммиттерден айырмаланып, эреже катары, басма сөз өкүлдөрүнө маалымат берилбейт жана коомчулук үчүн билдирүүлөр жасалбайт. Журналисттер бул жыйында элчилер Франциянын АКШга каршы "мажбурлоого каршы курал" колдонуу сунушун талкуулашы мүмкүн деп болжоп жатышат.
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун аппараты буга чейин жекшембиде журналисттерге: "Макрон күнү бою Европанын башка лидерлери менен сүйлөшүп, аларды, эгер Трамп чындап кошумча бажы төлөмдөрүн киргизе турган болсо, ЕБ "мажбурлоого каршы куралды" (anti-coercion instrument, ACI) ишке киргизүүсү керек деп үндөйт", — деп билдирген эле.
Бул юридикалык механизм Кытай Литваны Тайванды тааныганы үчүн экономикалык жактан жазалоого аракет жасаганда иштелип чыккан. ACI Евробиримдикке биргеликте каршылаш өлкө менен тышкы соодага чектөөлөр киргизүүнү карайт, ошондой эле ал өлкөдөн инвестицияларга да чектөөлөр коёт, каршылаш өлкөнүн компанияларынын европалык тендерлерге катышуусуна да бөгөт коёт.
Ошол эле убакта Би-би-сиге атын айткысы келбеген европалык бир дипломат ЕБге мүчө өлкөлөр жакынкы күндөрү ACIди ишке киргизүү маселесин кароого киришпей эле турганын айтып берди.
Америкалык товарларга карата бажы төлөмдөрүнүн жана квоталардын пакетин Евробиримдик былтыр эле Трамптын чоң бажы төлөмдөрүн киргизем деген коркутууларына жооп кылып иштеп чыккан, бирок ал 6-февралга калтырылган. ЕБ соода байланыштары тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чакта аны ишке киргизген жери жок. Ошол дипломаттын айтымында, ЕБ механизмди ишке киргизүүнү дагы артка кайтарабы же жокпу, 1-февралдан кийин чечет.
Ошол эле дипломаттын айтымында, ЕБдин элчилеринин жыйынында Гренландия тууралуу маселеде арадагы «биримдиктин жана консенсустун жогорку деңгээли» байкалып турду. Баары чечкиндүү түрдө Дания менен Гренландиянын суверендүүлүгүн бекем колдоп жатышат жана аймактык бүтүндүк маселеси сүйлөшүүлөрдүн темасы болууга жатпайт деп эсептешет.

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ишемби күнү Гренландия менен Данияда миңдеген адамдар АКШнын бул аралды басып алуу планына каршылык билдирип көчөгө чыгышты.
Европалык өлкөлөр Данияны колдоп, Арктика регионунун коопсуздугу НАТОнун жоопкерчилиги менен шайкеш болушу керектигин айтып жатышат.
"НАТО боюнча союздаштардын жамааттык коопсуздукту камсыздоо үчүн тарифтерди колдонуусу такыр туура эмес болот. Биз, албетте, бул маселени АКШ администрациясы менен дагы тикелей талкуулайбыз", - делет британ премьер-министринин бул тууралуу билдирүүсүндө.
"Бизди шантаж кылууга жол бербейбиз, - деди Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон. - Швеция азыркы учурда ЕБдин башка өлкөлөрү, Норвегия, Британия менен бирдиктүү жоопту иштеп чыгуу үчүн интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат".
Италиянын премьер-министри Жорджа Мелони Трамптын бажы төлөмдөрү менен коркутууларын ката деп сыпаттады.
"Жаңы санкцияларды киргизүү ката болгон деп эсептейм. Мен Дональд Трамп менен бир нече саат мурун эле сүйлөштүм жана ага өз оюмду айттым", - деди Мелони Сеулда журналисттерге.
Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жекшембиде, европалык сегиз өлкөнүн бирдиктүү билдирүүсү жарыялангандан кийин Дания бардык кошуналарын колдорун айтты. Ал бул тууралуу Британия, Франция, Германия жана башка союздук өлкөлөр менен интенсивдүү диалог жүргүзүп жатканын айтты.
"Бүтүндөй континенттен Европа шантажга алынбайт деген билдирүүлөрдү кабыл алуу мен үчүн жагымдуу",- деди Фредериксен.
Норвегия менен Даниянын тышкы иштер министрлери Эспен Барт Эйде менен Ларс Лёкке Расмуссенм дагы Ослодо өткөн жолугушууларда Трамптын басымына алдырбоо тууралуу бекем туруу тууралуу пикир алышышты.
Даниянын премьер-министри АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн уланышына жана анын жыйынтыгында "президент Гренландияны тартып алуу тууралуу кыялынан баш тартарына" үмүт артарын билдирди.
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте жекшембиде Дональд Трамп менен Гренландиянын тегерегинде кырдаал боюнча сүйлөшкөнүн X платформасына жазды.
Рютте маектин чоо-жайы боюнча маалымат берген жок, болгону "Биз ишти улантабыз, Давосто бул жумадагы жолугушууну күтөм" деп жазды.
Шаршембиде Трамп Швейцариядагы Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумда европалык лидердер менен жолугат.











