Испанияда поезддердин кагылышуусунан 21 адам каза болду

Видеонун түшүндүрмөсү, Поезд рельстен чыгып кеткен аймактагы куткаруучулар иш алып барып жаткан чагы
    • Author, Рэйчел Хэган
    • Role, Би-Би-Си
    • Author, Гарри Секулич
    • Role, Би-Би-Си
    • Author, Гай Хеджко
    • Role, Мадрид

Испаниянын чыгышында жогорку ылдамдыкта жүрүүчү поезддер кагылышкан жол кырсыгында кеминде 21 адам каза болду, жергиликтүү бийлик курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертип жатат.

Кырсыкка кириптер болгондордун отуздан ашыгы бейтапканаларга оор жаракаттар менен жеткирилгенин Испаниянын транспорт министри Оскар Пуэнте билдирди.

Инцидиент Адамус шаарына жакын, Кордоба каалаасынын жанында орун алган, жогорку ылдамдыктагы поезд Малага шаарынан Мадридди көздөй баратып, рельстен чыгып кетип башка жолго түшүп калган. Бул тууралуу темир жол түйүндөрүнүн оператору Адиф билдирди.

Рельстен чыгып кеткен поезд Мадридден Уэльваны көздөй бара жаткан башка поезд менен кагылышкан. Андалусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы бул кагылышууда кеминде 73 адам жараат алганын айтууда.

Бул инцидиент "аябай кызык" болуп жатат, деп кошумчалады Пуэнте, себеби поезд түз жолдо кетип баратып эле былтыр майда оңдолуп-түздөлгөн рельстен чыгып кеткен.

Кырсыктын расмий себеби азырынча аныктала элек. Иликтөөнүн жыйынтыгы, жок дегенде, бир айга созулары күтүлүүдө.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчез өлкө түндү "терең кайгы менен" өткөргөнүн айтты.

Малага шаарынан сапарды уюштурган Ирё аттуу жеке менчик темир жол компаниясы жолдон биринчи болуп чыгып кеткен поездде 300 жүргүнчү бар экенин айтса, ал эми кырсыкка кабылган экинчи поездде 100гө чукул адам болгонун дагы бир оператор - Ренфе билдирди.

Адамус шаарынын мэри Рафаэль Морено окуя болгон жерге барган биринчи адамдардан болду. Ал кырсыкты "коркунучтуу" деп сүрөттөдү.

Андалусиянын Тез жардам кызматы X платформасына кырсыктан аман калгандарды коомдук сайттарда алар тирүү экенин кабар берип пост жазууга үндөдү.

Поездден калган сыныктар аман калгандарды куткарып, өлгөндөрдүн сөөктөрүн алып чыгууда кыйынчылык жаратканын куткаруучулар айтышкан.

Кордоба шаарынын Өрт өчүрүү кызматынын башчысы Франциско Кармона Испаниянын RTVE коомдук телеканалына: "биз аман калган адамга жетүү үчүн биринчи өлгөндөрдү ал жерден тазаладык, бул оор, кыйын жумуш" деп айтты.

Карта
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адиф берген маалыматка ылайык, поезд Малагадан чыккандан он минуттан кийин - жергиликтүү убакыт менен 18:40та кагылышкан (Бишкек убактысы боюнча 23:40) кагылышкан. Компания каза болгондордун жакындарына Аточа, Севилья, Кордоба, Малага жана Уэльва станцияларында атайын жайларды уюштуруп берип жатканын айтты.

Мадрид менен Андалусиянын ортосундагы бардык каттамдар бул кырсыктан кийин токтотулду. Компания түндө терминалдар жаракат алган жүргүнчүлөр үчүн ачык болорун кабарлаган.

Кырсыкка кабылган поезд Freccia 1000 үлгүсүндө болгонун жана ал саатына 400 километр ылдамдыкка эсептелгенин италиялык темир жол компаниясынын басма сөз өкүлү Reuters маалымат агенттигине айтып берген.

Испаниянын Кызыл чырым уюму окуя болгон жерге колдоо иретинде тез жардам кызматтарын жөнөтүп, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө психологиялык жардам сунуштады.

Кызыл чырым уюмунан Мигел Энжел Родригес RNE радиосуна: "Үй-бүлөлөр маалымат аз болгондуктан аябай оор абалда, тынчсызданып жатышат. Азыр аябай стресске салган учур болуп жатат", - деген.

Сальвадор Хименез аттуу RTVE журналисти да кырсыкка кабылган поезддердин биринде болгон, ал анын таасири "жер титирөөдөй" болгонун айтып берген.

"Мен биринчи поездде болчумун. Бир убакта жер титирегенге окшош нерсе болду, анан поезд рельстен чыгып кетти" , - деген Хименес.

Кийин ал X платформасына жакынкы спорттук борбордо автобустарды күтүп, "муздай түндү" башынан өткөргөн жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун жазды.

Кырсыкка кабылган жүргүнчүлөр Адамустагы жакынкы медициналфк жайларга ташылып жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кырсыкка кабылган жүргүнчүлөр Адамустагы жакынкы медициналфк жайларга ташылып жатат

Король Филипп VI жана королева Летисия жаңылыктарга "терең кайгыруу" менен көз салып жатканын айтышты.

"Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз, жакшы көрөрүбүздү билдирип, жарадар болгондордун тезинен сакайып кетишин тилейбиз", - делет королдук сарай X платформасында.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да көңүл айтышты.

"Менин ойлорум каза тапкандарда, алардын үй-бүлөсү жана бүт испан элинде. Франция силер менен",- деп жазды Макрон коомдук сайттарда.

2013-жылы Испанияда, жогорку ылдамдыктагы дагы бир поезд, түндүк-батыштагы Галисияда рельстен чыгып кетип, 80 адам каза таап, 140 киши жаракат алган эле.