Иран 73 жылда кандай өзгөрдү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экономикалык кризистен жана өлкө жетекчилигине каршы узакка созулган нааразычылыктан улам башталган өкмөткө каршы митингдер Иранда эки аптадан бери токтобой келатат.
Нааразылык акциялары бардык аймактарындагы шаарларга чейин жетти. Бийликтин митингдерди басуу аракети учурунда жүздөгөн адамдар каза болгон болушу айтылууда.
Доналд Трамп АКШ кырдаалга кийлигишүүсү ыктымал экенин эскертип жаткан шартта биз азыркы кырдаалга жеткирген окуяларга кайрылабыз.
1953: Моссадыктын кулашы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ менен Британиянын чалгын кызматтары Ирандын демократиялык жол менен шайланган премьер-министри Мухаммед Моссадыкты кызматтан кулатуу үчүн төңкөрүш уюштурушат. Дүйнөбий жетекчи өлкөнүн ири мунай корун улутташтырууну убадалап бийликке келгенине эки жыл болгон эле. Аны менен катар өлкөдөгү коммунисттик коркунуч Батыштагы эки өлкөнү тынчсызданткан. Себеби, бул өлкөлөрдүн согуштан кийинки экономикасы Ирандын мунайынан бир топ эле көз каранды болчу. Бозгундагы падыша Шах Мухаммед Реза Пахлеви кайтып келип, бийликти өз колуна алат. 1960-жылдардын аягында оппозициялык кыймылдарга каршы күрөштө өзүнүн жашырын полициясына көз карандылыгы күчөйт. Анын саясаты диний кызматкерлерди алыстатып, авторитардык бийлиги толкундоолорго, иш таштоого жана массалык башаламандыктарга түрткү болот. Акырында аскердик кырдаал киргизилет.
1979: Иран революциясы

Сүрөттүн булагы, Michel Setboun/Corbis via Getty Images
АКШ артында турган Шах светтик жана диний каршылаштарынын бир нече айга созулган акцияларынан кийин 16-январда өлкөдөн чыгып кетет. Эки аптадан кийин ислам диний лидери Аятолла Хомейни сүргүндөн кайтып келет. Референдум өтүп, 1-апрелде өлкө Иран Ислам Республикасы деп жарыяланат.
1979-81: АКШ элчилигиндеги барымта

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тегерандагы АКШнын элчилиги 1979-жылдын ноябрында митингчилер тарабынан басып алынып, ал жерде америкалыктар барымтада 444 күн кармалган. Акыркы 52 америкалыкты 1981-жылдын январында бошотушкан. Ал эми элчиликтен качып чыккан алты америкалыкты өздөрүн кино жаратуучулардай кылып көрсөткөн топ өлкөдөн алып чыгып кетишкен. Аталган окуяларды 2012-жылы Оскар сыйлыгын жеңип алган "Арго" тасмасында көркөмдөп чагылдырышкан.
1980-88: Иран менен Ирактын ортосунда тутанган согуш
Иран менен Ирактын ортосундагы узакка созулган аймактык талаш-тартыштар жана диний атаандаштык толук кандуу согушка айланып кеткен. Чыр-чатак тез эле ырбап, туңгуюкка кептелет. Окоптордо химиялык куралдар колдонулуп, шаарларда абадан сокку урулат. Бир убакта жаңжал күчөп, Перс булуңундагы мунай танкерлерине сокку урууга чейин жетет. Анда АКШ жана башка өлкөлөр танкерлерди коргоо үчүн кемелерин жайгаштырат. АКШ расмий түрдө бейтарап экенин билдирсе да Ирак менен жашырын байланыш куруп, өлкөгө каржылык жардам берип, курал-жарак жана чалгындоо жагынан көмөктөшөт. Согуш сегиз жылга созулуп, жарым миллиондон ашуун киши каза болот.
1985-86: Иран-Контрас жаңжалы
АКШ Иранга жашырын түрдө курал-жарактарды сатат. Ал үчүн АКШ Ливандагы "Хезболланын" аскерлери тарабынан барымтада кармалган америкалыктарды бошотууга Тегерандан жардам сураганы айтылат. Курал сатуудан тапкан пайда Никарагуадагы АКШ колдогон көтөрүлүшчүлөргө мыйзамсыз түрдө жиберилет.
1988: Ирандын жарандык учагы атып түшүрүлөт
Американын USS Vincennes аскердик кемеси Иран аба жолдорунун учагын Перс булуңунда 3-июлда атып түшүрөт. Анын натыйжасында учактагы 290 киши курман болот. АКШ Airbus A300 учагын согуштук учак деп ойлоп алганын билдирет. Курман болгондордун көбү Меккеге бараткан ирандык зыяратчылар эле.
2002: "Кастык огу"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өзүнүн өлкөдөгү кырдаал боюнча сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Жорж Буш Ирак, Түштүк Корея менен катар Иранды да "кастык огунун" бир бөлүгү деп жарыялайт. Анын сөзү Иранда нааразычылык жаратат.
2000-жылдар: Өзөктүк курал коркунучу жана санкциялар
2002-жылы Ирандын оппозициялык тобу өзөктүк курал объекттерин, анын ичинде уранды байытуу заводун ишке киргизери жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарат. АКШ болсо Иранды жашырын өзөктүк курал программасын иштеп чыгууда деп айыптайт. Иран муну четке кагат. Анын артынан Иран менен БУУнун өзөктүк кызматынын ортосундагы дипломатиялык иш-аракет он жылга созулат. Бирок БУУ, АКШ жана Евробиримдик ашынган консервативдик президент Махмуд Ахмадинежаддын өкмөтүнө каршы бир нече баскычтан турган санкцияларды киргизет. Мунун артынан эки жылдын ичинде Ирандын валютасынын куну 66% төмөндөйт.
2013-2016: Сүйлөшүүлөр менен өзөктүк келишим
2013-жылдын сентябрында, Ирандын жаңы президенти Хасан Рухани кызматка киришкенден бир ай өткөн соң АКШнын президенти Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Бул 30 жылдан берки алгачкы жолу өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү болот. Кийин 2015-жылы, дипломатиялык иш-аракеттер жанданып, Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча P5+1 деп аталган өлкөлөр менен узак мөөнөттүү келишим түзөт. Ага АКШ, Британия, Франция, Кытай, Орусия жана Германия кирет. Макулдашууга ылайык, Иран өзүнүн сезимтал өзөктүк иш-аракеттерин чектеп, эл аралык инспекторлорду киргизет жана анын акысына экономикалык санкцияларды алып салууга жетишет.
2019: Булуңдагы чыңалуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2018-жылдын майында АКШнын президенти Доналд Трамп өзөктүк келишимден чыгып, Иранга каршы экономикалык санкцияларды кайра күчүнө киргизет жана Ирандан мунай сатып алууну уланткан өлкөлөргө жана фирмаларга дагы санкция болорун айтып коркутат. Ирандын экономикасы терең рецессияга батат. АКШ Ирандын мунайына каршы санкцияларды күчөткөндө АКШ менен Ирандын мамилеси 2019-жылдын майында начарлап кетет. Ага жооп кылып, Иран басымга каршы өнөктүгүн баштайт. 2019-жылдын май жана июнь айларында Оман булуңунда алты мунай танкери жардырууга туш болот. АКШ Иранды күнөөлөйт. 20-июнда Ирандын куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгында АКШнын аскердик дронун атып түшүрөт. АКШ эл аралык сууларда болгону айтса, Иран өзүнүн аймагында болгонун билдирет. Июль айында Иран өзөктүк келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерден баш тартууга камынат.
2020: Касем Сулейманинин өлүмү
АКШнын дронунан урулган соккудан 3-январда Ирандын жогорку мансаптуу аскердик командири, генерал Касем Сулеймани каза болот. Генералдын өлүмү үчүн Иран "катаал өч аларын" айтып, 2015-жылдагы өзөктүк келишимден баш тартат.
2021- 2022: Өзөктүк келишимдер
АКШнын президенти Жо Байден эгерде Тегеран "өзөктүк макулдашууну бекем карманууга" кайтса, санкцияларды алып саларын жана өзөктүк келишимге кошуларын билдирет. Бирок мунасага келбеген диний кызматкер Ибрахим Раиси 2021-жылы президенттикке шайлангандан жана Орусиянын Украинага кол салуу аракеттеринен кийин сүйлөшүүлөр жылбай калган.
2022: Махса Амини көтөрүлүшү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
22 жаштагы күрд аял Махса Амини полицияда кармалып турган кезде каза болгону өлкө боюнча массалык акцияларга себеп болуп, аялдарга каршы урмат-сыйды күчөтүү чакырыктары айтылган. Аминини тууралап хижаб кийбеди делип адеп-ахлак полициясы кармап кетке эле. Бул өлкөдөгү ири акциялардын бирип болуп калган. 2009-жылы "Жашыл кыймыл" аттуу топ шайлоодогу ыктымал бурмалоолорго каршы орто класстын митингдерине күбө болгон. Ал эми 2017 жана 2019-жылдары жакыр аймактарда дагы ири демонстрациялар өткөн. Мындай элдик акциялар өлкө тарыхында мурда-кийин болуп өткөн эмес. Акцияларды аеосуз басуу учурунда жүздөгөн митингчилер өлтүрүлүп, миңдегени камалып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2023: Иран туткундарды айырбаштап, Хамас Израилге кол салат
Сентябрда Иранда камакка алынган АКШнын беш жараны $6 млрд келишимдин алкагында бошотулат. Анда АКШда кармалган беш ирандыкты өткөрүп беришет жана Түштүк Кореядагы Ирандын тоңдурулган каражаты бөгөттөн чыгарылат. Кийинки айда Иран көп жылдан бери колдоп келаткан "Хамас" Израилге каршы сокку уруп, 1200дөн ашуун киши каза болот жана 251 адам барымтага алынат.
2024: Иран менен Израилдин ортосунда тиреш күчөйт
Иран Израилди Сириянын борбору Дамасктагы элчилигине кол салуу учурунда ирандык генералдарды өлтүрүүгө айыптап, өз аймагынан алгачкы жолу Израилге каршы түз чабуулун баштайт. АКШ жана Батыштагы державалар ракеталарды атып түшүрүү үчүн Израилге көмөктөшөт. Израил Иран колдогон "Хамастын" жана "Хизбулланын" лидерлеринин көзүн тазалап, Ирандын аймагына кол салат жана ракеталык системаларын бутага алат.
2025-жылдын июнь айы: Иран-Израил согушу
Израил Ирандын аскердик жана өзөктүк объекттерине каршы ири масштабда сокку уруп, алдыңкы командирлери менен илимпоздорун өлтүрөт. Иран жооп иретинде Израилге каршы ракеталык жана дрон соккуларын урат. АКШ болсо Ирандын өзөктүк программасын иштен чыгаруу максатында өлкөнүн үч өзөктүк объектине каршы абадан чабуул жасайт. 12 күнгө созулган жаңжалдан кийин ок атышууну токтотуу макулдашылат.
2025-жылдын декабрь айы: Нааразылык акциялары бийликке коркунуч туудурууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өлкө борбору Тегеранда экономикалык кырдаалга байланыштуу акциялар башталат. Митинг тез эле өлкөнүн бардык аймагындагы шаарларда уланат. Ислам Республикасын жана Аятолла Али Хаменеинин башкаруусун токтотууга чакырган каршылык акциялары бийликтин басымына туш болот. Натыйжада 10 миңден ашуун киши кармалып, жүздөгөн адам каза болгон. Иран өкмөтү интернетти толугу менен бөгөттөдү. Доналд Трамп АКШ кырдаалга кийлигишүү ыктымалдыгы "өтө жогору" болушу мүмкүн экенин эскертти.








