Кыргыз элчиси менен АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү визалык чектөөлөрдү талкуулады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Ж. Поммершайм менен жолугуп, виза маселесин талкуулады.
АКШ 75 мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга иммиграциялык визаларды берүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. Жолугушууда белгиленгендей, чектөөлөр 2026-жылдын 21-январынан тарта күчүнө кирет.
"Бул чара иммиграциялык виза категорияларына гана тиешелүү жана АКШнын иммиграциялык эмес визаларына, анын ичинде туристтик, ишкердик, студенттик жана башка кыска мөөнөттүү визаларга таасир этпейт. Белгиленген чектөөлөр 2026-жылдын 21-январынан күчүнө кирет жана АКШ тарабынан иммиграциялык визаларды берүү тартибин кайра карап чыгуу аяктаганга чейин күчүндө болот" деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Мурда берилген визалар жана учурдагы иммиграциялык документтер өз күчүндө калат.
Иммиграциялык виза — бул башка мамлекетке туруктуу жашоо үчүн көчүп барууга уруксат берген виза.
Трамптын администрациясы 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммигранттык визаларды кароону белгисиз мөөнөткө токтоткону белгилүү болгон. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен бул тизмеде Кыргызстан менен катар Казакстан жана Өзбекстан да бар.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январдагы маалымат жыйынында Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, АКШ тарап менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
6-январда да АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттарга кирүүдө визалык күрөө төлөө талап кылынган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилгенин кабарлаган эле. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, тизмеге дагы 25 өлкө кошулган. Бул тизменин арасында да Кыргызстан болчу. Ага ылайык, 21-январдан тартып бир катар чет мамлекеттер менен бирге Кыргызстан жарандарына B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана иш сапар) виза алуу үчүн 5 миңден 15 миң АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев виза күрөөсү боюнча комментарий берип: "Кыргызстандыктардын кирешелерин эске алганда, 15 миң долларлык күрөө өтө жогору",- деди министр.












