Курманбек Сокеев Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы кызматынан бошотулду

Сүрөттүн булагы, Official
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Курманбек Сокеев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАК) төрагасынын орун басары – Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалымат 15-январда чыкты.
Тескемеде Курманбек Сокеевдин эмне себептен кызматтан алынганы көрсөтүлгөн эмес. Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары жана департаменттин жетекчиси болуп, 2025-жылдын апрель айынан бери иштеп келаткан.
Быйыл, 5-январда эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы жоокер Артур Атыров өз жанын кыйган.
"...Катардагы жоокер, 2007-жылы 14-майда туулган А.А.Н. ЖАМКнын №10-түзөтүү мекемесинде күзөттө туруп, өздүк куралы менен белгисиз себептен улам өзүнө ок чыгарган. Алган жаракаттан ошол жерден көз жумган", - деп айтылган маалыматта.
Окуя болгон жерге ЖАМКнын төрагасынын орун басары Курманбек Сокеев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери, Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жана райондук Ички иштер башкармалыгы ыкчам териштирүү иштерин уюштуруу максатында барышкан.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү ("Өзүнө кол салууга жеткирүү") менен катталган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында аскер бөлүгүндөгү М.М.М. аттуу аскер жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана ковой департаментинин взвод командири, лейтенант Р.У.А. камалган.
Аскер прокуратурасы керектүү экспертизалар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жооптуу кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берилерин билдирген. Кылмышка катышкан башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылган.
Артурдун ата-энеси Би-Би-Сиге баласы катуу сабалганын айтып, уулу өзүн-өзү өлтүрдү дегенге ишенбей турганын билдиришкен. Маркумдун атасы Нурлан Атыров уулунун өлүмүнө жол берген аскер кызматкерлерин катаал жазалоону талап кылган.
Артур Атыров 14-майда 19 жашка чыкмак. Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы кыргыз улуттук техникалык университеттин экинчи курсунда окуп жатып, аскерге барган.
Былтыр жайында Жалал-Абаддагы Жаза аткаруу кызматынын ушул эле аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокер асынган абалда табылган.
Жоокерлердин өлүмүнүн санын Аскер прокуратурасы "аскер сыры" деген жүйөө менен ачык айтпайт. Кыргызстанда жоокерлердин эң көп өлүмү катталган учур 2010-2016-жылдарга туш келет. Анда алты жылда эле 84 аскер түрдүү жагдайда каза болуп, анын отуз жетиси өз өмүрүн кыйганы айтылган.











