"Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз". Кулубаев санкциялар жана Батыш менен сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январдагы маалымат жыйынында өлкөгө киргизилип жаткан санкциялар жана Батыш мамлекеттери менен бул багыттагы сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.
Министрдин айтымында, кыргыз тарап өз аргументтерин сунуштап, атүгүл көз карандысыз аудит өткөрүүнү демилгелеген. Бирок, "өнөктөштөр муну максатка ылайыксыз деп таап, санкцияларды бир тараптуу киргизүүнү улантууда" дейт министр.
"Биз Европа Биримдиги жана Америка Кошмо Штаттарындагы өнөктөштөрүбүз менен күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча туруктуу негизде иштешип жатабыз. Биз америкалык жана европалык тараптар менен бир катар консультацияларды өткөрдүк, анын жүрүшүндө өз аргументтерибизди сунуштап, атүгүл көз карандысыз аудит жүргүзүүнү сунуштадык. Бирок, учурда биздин өнөктөштөр муну максатка ылайыксыз деп эсептеп, бир тараптуу тартипте санкцияларды киргизүүнү улантышууда. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз. Кыргызстан Борбордук Азиянын так ортосунда жайгашкан жана биз аркылуу транзиттик ташуулардын, сооданын чоң агымы өтөт. Биз санкциялык режимдер боюнча ишти улантабыз, бирок алар санкция киргизип жатат деп эле салттуу, туруктуу өнөктөштөрүбүз менен сооданы токтотуп коё албайбыз", - деди Кулубаев.
Министр белгилегендей, дүйнөдөгү каатчылыктар учурунда Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондуктан мамлекеттин башкы милдети — элдин бакубаттуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сооданы улантуу. "Биз ушуну Батыштагы кесиптештерибизге жеткирип жатабыз", - деди Кулубаев.
Министр Кыргызстан бардык эл аралык милдеттенмелерди жана келишимдерди так сактап жатканын кошумчалады.
"Биз эл аралык милдеттенмелерди жана келишимдерди сактап жатканыбызды айтып жатабыз. Эгерде олуттуу далилдери болсо, сураныч, аларды бизге далилдеңиздер деп айтып жатабыз. Алар далилдеп бере элек. Бирок, ага карабастан бир тараптуу тартипте санкцияларды жарыялап жатышат. Муну биз туура эмес деп эсептейбиз, бул тууралуу биздин президентибиз да айткан. Биз Европа Биримдигинин, АКШнын жана Улуу Британиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз жана бул иш үстүбүздөгү жылы да улантылат", - деди министр.
Орусия - Украина согушу башталгандан бери, Батыш Кыргызстандагы бир нече компанияларды жана крипто тармакка байланыштуу уюмдарды кара тизмеге киргизген. Алардын арасында KIFIKO LLC, Grinex LLC, Old Vector LLC, Tengricoin сыяктуу компаниялар, ошондой эле "Капитал", "Керемет", "Толубай Банк" жана "Евразия сактык банкы" банктары бар.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин да Евробиримдиктин кыргыз банктарына санкция салганына өкүнүчүн билдирген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргыз бийлиги бул чектөөлөр негизсиз экенин билдирип келет. Мисалы августта Британия Кыргызстандагы "Капитал банкка" жана криптотүйүндөргө санкция салгандан кийин президент Садыр Жапаров АКШ менен Британия "эч бир далил да көрсөтө алышпаганын" айтып, "үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи" деп билдирген.
Жапаров бул маселени сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында да көтөргөн.
"Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө. Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келебиз. Андыктан, негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз", - деп айткан Жапаров.
Украинадагы согуш башталгандан бери Борбор Азия өлкөлөрүндө тышкы сооданын көлөмү көбөйүп, Орусия жана Кытай менен товар жүгүртүүсү жаңы чектерди багындырганы белгилүү. Буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр региондогу өлкөлөр аркылуу Орусияга кош максаттагы санкциялык товарлар кетип жатканын көрсөткөн.
Чөлкөмдөгү өлкөлөр Орусияны стратегиялык өнөктөш катары мүнөздөп, Москванын Украинадагы согушун ачык айыптоодон карманып, ага нейтралдуу позицияда экенин айтып келишет.











