"Ажырашкандарына төрт жыл болгон". Сузакта 28 жаштагы келин мурунку күйөөсүнүн колунан ажал тапты

Маркум Тахмина Рустамжон кызы жана анын өлүмүнө шектүү мурунку жолдошу

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркум Тахмина Рустамжон кызы жана анын өлүмүнө шектүү мурунку жолдошу
    • Author, Алмира Абидинова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы

Эки баланын энеси, 28 жаштагы Тахмина Рустамжон кызы 3-январда мурунку жолдошунун колунан каза болгон. Милициянын маалыматына ылайык, ал күнү Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 1990-жылы туулган жаран чалып, жубайын өлтүрүп алганын билдирген.

"Мыкаачылык менен өлтүрдү"

Кандуу окуяга келиндин бир тууган эжеси Ситора Тешебаева күбө болгон. Ал көргөн билгендерин Би-Би-Сиге айтып берди.

"Сиңдимди мыкаачылык менен өлтүрдү. Биринчи урду, кийин муунтту. Мен жанында элем, жанталашып, сиңдиме болушуп жаттым. Эки жолу муунтканда алышып жатып, куткарып калдым сиңдимди. Такыр жабышып, туруп алды. Мен ал бала менен мушташып да кеттим. Ошентип жатып, сиңдимди качырып жиберсем, артынан кууп жетип, кайра сүйрөп келиптир. Менин алым кетип, такыр күчүм жетпей калды. Милицияга ызы-чуу башталганда эле телефон чала баштагам. Эч ким албады. Анан күчүм жетпешине көзүм жетип, сыртка чуркап чыктым жардам сураганы. Көчөдөгүлөрдөн кыйкырып, жардам сурап жаттым. Ошентип адамдарды ээрчитип, чуркап кирсем сиңдиме он бир жолу бычак сайып коюптур. Сиңдим өлгөндөн кийин келди милиция. Эмнеге эч ким албай жатты деп ыйласам, свет өчүп калып, диспетчерлер иштебей калды эле дешти. Тиги бала өлтүрүп коюп, ошол жерде милицияны күтүп отурду. Мен ушул күнгө чейин нес абалдамын".

Мурунку күйөөсүнүн колунан каза болгон Тахмина 2021-жылы эле жолдошу менен ажырашкан.

Ситора Тешебаеванын айтымында, маркум Тахмина анын жалгыз бир тууганы болгон. Апасы кыздар жаш кезинде жолдошу менен ажырашып кетип, аларды жалгыз багып чоңойткон экен.

"Ажырашкандарына төрт жыл болгон"

"Сиңдим 18 жашында турмушка чыккан болчу. Бизде, өзбектерде куда түшүп, келип эле той кылышат. Ошондой жол менен эле турмушка чыккан. 2021-жылы ал бала сиңдимдин талагын берип ажырашкан. Андан соң Орусияга иштегени кеткен. Ал жакта эки жолу үйлөнүп, ажырашканын уктук. Анан быйыл келип алып, сиңдимдин тынчын ала баштады. Ал сиңдиме дин жагынан да, мыйзам жагынан да эч ким эмес болчу. Ортодо нике күбөлүгү да жок болчу. Кайра жарашам деп туруп алды. Мусулманчылыкта үч талак бергенден кийин кайра жашаганга болбойт го. Анын үстүнө ал бала ажырашып, Орусияга кеткен соң сиңдим эки баласын өзү жалгыз багып жүрдү. Ошол балдарым өгөйлөнбөсүн деп башка турмушка да чыккан жок. Балдардын атасы алиментти да кыйратып төлөбөйт болчу."

"Катаал жазага тартылышын талап кылабыз"

Маркум келиндин апасы Мукаддам Нуралиева Орусияда эмгектенип жүргөн. Ал кызынын каза болгонун угуп, 4-январь Кыргызстанга келген.

"Тахмина кызым бир жашка чыкканда атасы экөөбүз эки ажырым жолго түшкөнбүз. Ошондон бери эки кызымды мигрант болуп жүрүп, жалгыз чоңойттум. Экинчи жолу турмушка да чыкпадым. Эми балдарымдын сыйын көрөм деп отурганда минтип жерге берип отурам. Байкуш кызымдын бети-башы көгала болуп аябай кордолуптур. Мага такыр көрсөтпөй коюшту кызымдын денесин. Мен асылып жатып, бетин ачып көрүп калдым. Күйөө балам катаал жазага тартылышын талап кылам".

Маркум Тахмина Рустамжон кызы 4-январда жерге берилген. Артында эки баласы калды. Милициянын маалыматына ылайык, аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү ошол эле күнү Сузак райондук соту тарабынан камакка алынган. Тиешелүү органдар тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюм катарында бир даана аш бычагы алынган. 1997-жылы туулган Тахмина Рустамжон кызынын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Бул окуя боюнча шектүүнүн жакындары же мыйзамдуу өкүлү комментарий бере элек.

Жибектин кайгылуу окуясы

2025-жылдын 23-декабрында Кыргызстанда дагы бир келин күйөөсүнүн колунан ажал тапкан болчу. Кыргыз экономикалык университетинин окутуучусу Жибек Урустемованы күйөөсү апасынын көзүнчө тапанча менен атып өлтүргөн. Милиция шектүүнү кармап, "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козгоп, тергөө иштерин баштаган. Маркумдун жакындары ал мурда да зомбулук көрүп жүргөнүн, коргоо ордерин алып, ажырашууга бел байлаганын айтышкан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү

Жибек Урустемованын өлүмүнөн соң Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасаган. Ал аталган окуяны "бүтүндөй өлкө ичиркенүү менен кабыл алганын" белгилеп, "кылмышкерди актоого эч кандай негиз жок" экенин баса белгилеген.

Мамлекеттин коопсуздугу үчүн жооптуу жетекчи катары Ташиев аялдарга жана балдарга карата жасалган зомбулукка каршы мамлекеттин позициясы принципиалдуу экенин билдирген. Анын айтымында, аялга кол көтөргөн же курал кезеген ар бир адам жазадан кутулбай турганын билиши керек.

25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев Биринчи радионун эфиринде 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирди.

WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган.