Путиндин чет элдик жоочулары
Путиндин чет элдик жоочулары
BBC Eye бөлүмүнүн жаңы иликтөөсү Орусияда туруп, Украинадагы согушка чет элдик жоокерлерди жалдаган адамдардын бирин аныктады. Орусия 20 миңдей чет элдик жоочуну согушка тартканы болжонуп жүрөт. Алардын арасында Жакынкы Чыгыштагы, Африкадагы, глобалдык түштүккө кирген мамлекеттердин жарандары жана Кыргызстан сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн да атуулдары бар экени буга чейин кабарланган.
Иликтөөгө ылайык, жоочуларды жалдоо менен алектенген Полина аттуу аял соцмедиага жарыяларды чыгарып, орус жарандыгын жана кармашка түз катышпаган ролдорду убада кылып турган. Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматынын улук иликтөөчүсү Навал Ал-Магафи жалданган жоокерлердин айрымдары менен сүйлөштү. Алар алданып калганын, согуш тилкесине жөнөтүлгөнүн айтып беришкен.



