Дүйнө 2026-жылды кантип тосуп алды?

Видеонун түшүндүрмөсү, Дүйнөнүн бир катар ири шаарларындагы жаңы жылдык фейерверктер жана майрамдык иш-чаралар.
Дүйнө 2026-жылды кантип тосуп алды?

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы ири шаарлардын борбордук бөлүктөрүндө Жаңы жылга арналган майрамдык иш-чаралар өтүп, ага он миңдеген адам күбө болушту. Жаңы Зеландия менен Австралия 2026-жылды алгачкылардан болуп фейерверктер менен тосуп алды. Түштүк Кореяда жыл тогошконун туюнткан салттуу коңгуроолор кагылса, Дубайда, Парижде жана Лондондо көз жоосун алган фейерверк шоусу уюштурулду.